ТАШТАНДЫДАН БӨТӨЛКӨ ЧОГУЛТУП КҮН КӨРГӨН ЭНЕ

Жан багуу үчүн ар ким ар кандай мээнет кылат. Тагдырдын сыноосуна туш болгон 50 жаштагы Назгүл Анарбаева учурда Талас шаарындагы таштандыдан желим бөтөлкө терип, сатып күн көрөт. Ал аянычтуу тагдырын төмөнкүчө баяндап берди.

“КАЙЫН ЭНЕМ КҮЙӨӨМ ЭКӨӨБҮЗДҮ АЖЫРАШТЫРДЫ”

– Мен 1971-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда төрөлгөм. Атам менен апам 3 жашымда ажырашып кетишкендиктен таякелеримдин колунда Манас районунун Тамеки совхоз айылында чоңойдум. Эки бир тууганмын. Атам менен апам ажырашкан учурда сиңдим апамдын боюнда эле. Мен апамдын колунда калдым. 8-класска чейин Тамеки совхоз айылында окудум. Андан соң Таластагы кесиптик окуу жайда 3 жыл окудум. Кесибим тракторист, машинистмин. Атам бизден кеткенден кийин башка үй-бүлө күттү. Бизге анда-санда каралаша турган. Сиңдим экөөбүздү апам өзү багып, чоңойтту. Бүгүнкү күндө атам да, апам да жок, кайтыш болгон. 1995-жылы 20 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум Таластын тургуну. Чогуу жашап жатканда бир кыздуу болдук. Бирок кайненем “атасы жок кыздар тарбиясыз болот” деп мени жактырбай, кагып-силке берип, акыры батырбай ажыраштырып тынды.

“КЫЗЫМДЫ БАГУУ ҮЧҮН КАЗАКСТАНГА АТТАНДЫМ”

– 1998-жылы жолдошум менен ажырашкандан кийин кызымды багуу үчүн Казакстандын Тараз шаарына иштегени кеттим. Жаныма бир тууган сиңдимди 5 баласы менен кошуп алдым. Анын биринчи жолдошу каза болуп калган. Экинчи жолдошу баптист болгондуктан, ажырашып кетишкен. Ошентип сиңдим жана балдары болуп Казакстанга барып, батирге чыгып жашадык. Мен күндүз курулуш тармагында иштедим. Үйлөрдү шыбап, туш кагаз чаптап, айтор, бир топ жумуштарды жасадым. Кечкисин базарды шыпырып акча таба коюп, андан тышкары соода да кылып жиберчүмүн. Эки жыл өткөн соң паспортумду жоготуп жибердим. Ошо менен айыл жакка паспорт алуу үчүн өтө албай калдым. Таразда жашоом жаман болду дебейм. Тапканым жашаганыма жетчү. Бирок үй алууга күчүм жеткен жок. Кызымды окутуп, Казакстанга турмушка узаттым.

“КӨЧӨ ШЫПЫРГАНГА ДА ЖУМУШ ТАППАДЫМ”

– Кыргызстанга барып иштеп, жер алып, үй салайын дедим. Өмүр бою бөтөн жерде жашап жүрө бербейбиз да. Анын үстүнө өз мекенимди сагынып, куса болдум. 2019-жылдын 14-февралында “Кызыл жарым ай” коомунун жардамы менен мекениме келдим. Келип туугандардыкында жүрүп, жумуш издедим. Мага ылайыктуу жумуш чыкпай койду. Ооруканага барсам санитаркага, жадакалса көчө шыпыргычка да орун жок экен. Бир-эки жерде үйдүн шыбагын шыбап, туш кагаз чаптап иштедим. Бирок акчасын убагында бербей, созуп жатышты. Бир жарым жыл жүрүп кыйналганда кайра Казакстанга кетүү чечимин кабыл алдым. Жаңы паспорт алдым. Казакстанга кетейин десем, “Кызыл жарым ай” коому мени Казакстандан чыгарып жатканда депортацияга илинип калыптырмын. Ошо бойдон өтө албай калдым. Айрымдар “паспортуңдун бир тамгасын өзгөртүп өтүп кет” деп кеңеш беришти. Бирок мен коркуп анте алган жокмун. Кармалып калсам казактар камап коюшу мүмкүн эле.

“БИР КҮН ИШТЕБЕЙ КАЛСАМ АЧКА КАЛАМ”

– Акыры бир таанышым Талас шаарынын четиндеги таштанды таштоочу жайдан жумуш сунуштады. Мындай жерлерге көпчүлүк иштегенге барбайт эмеспи, мен намыстанбай макул дедим. Бекер жүргөнчө иштеп турайын дедим. Ал жерден мага акысыз убактылуу жашаганга бир будка беришти. Күндө таштандыны аралап, желим бөтөлкө жана арактын бөтөлкөсүн чогултуп, өткөрөм. Бир күн иштебей калсаң ачка каласың. Пандемия маалында жумуш токтоп калганына байланыштуу кыйналып жашадым. Кээде ооруп жумушка чыкпай калам. Желим бөтөлкөнүн 1 килограммын 10 сомдон алышат.

“СИҢДИМ МЕНЕН КЫЗЫМДАН АКЧА СУРАЙ АЛБАЙМ”

– Учурда Казакстанга бара албай жүрөм. Кетүүнүн түрдүү амалын издедим, бирок жолум болгон жок. Кызым менен сиңдимди, алардын балдарын сагындым. Алар менен телефон аркылуу байланышып турам. Пандемияга байланыштуу алар да Кыргызстанга кире албай калышты. Убагында алардын тилин укпай келип алгам. Алардан акча сурай албайм, өздөрү кыйналып жашап жүрүшөт. Казакстанга барсам жакшы мүмкүнчүлүк болуп калса, иштеп кала бермекмин. Эптеп жерге жетсем, чакан үйдү салып алат элем.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: 0706 538 658


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан