Аскерде каза болгон жоокердин ата-энеси: "УУЛУБУЗДУН ӨЗҮН-ӨЗҮ АТЫП АЛГАНЫНА ИШЕНБЕЙБИЗ"

Аскердик кызматын өтөп жүргөн катардагы жоокер өз жанын кыйды деген маалыматты көп угабыз. Илгери үмүт менен баласын аскерге жөнөткөн ата-энелер чырылдаган бойдон калышат. Бул өңдүү иштердин бир тобунун бети ачылбай бүдөмүк бойдон калып келет. 4-июнда Баткенде кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн-өзү атып алган деген маалымат тарады. Маркумдун ата-энеси “уулубуз өз өмүрүнө кол салбайт болчу” дешет.

“ӨЗҮН-ӨЗҮ АТЫП АЛДЫ ДЕГЕНИ – АСКЕРДИК БӨЛҮКТҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КАЧКАНЫ”

Абдыкулан Машаев, Баткенде кызмат өтөп жатып өзүн-өзү атып каза болду делген жоокердин атасы, 68 жашта:

– Биз Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынан болобуз. 40 жыл мектепте мугалим болуп иштедим, Эл агартуунун отличнигимин. Уулум Дүйшеналы Машаев 2003-жылы 24-февралда туулган. Ал эрктүү, патриоттук сезими күчтүү бала эле. Анын чоң атасы да аскер кызматкери болгон. Уулум чоң атасынын да тарбиясын көргөн. “Аскерге барып кызмат өтөп, чек арада иштейм” дечү. Аскерге Ош шаарынын аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Медициналык кароодон өткөндөн кийин “аскерге кетем” деп катуу сүйүнгөн. Уулумдун жаман сапаттары жок эле. Өзүн-өзү атып алды дегенге такыр кошулбайбыз. Баламдын келечекке болгон ой-максаттары жакшы болчу. Өзүн-өзү атып алды дегени бул – аскердик бөлүктүн жоопкерчиликтен качкан кызматкерлеринин өздөрүнчө сүйлөшүп алып кылган амалдары. Мен ушундай ойдомун. Баламды чакырган Ош шаарынын аскер комиссариаты дароо өзүбүзгө кабар берген жок. Алардын өкүлү айылга келип, топтошуп турган бирөөлөргө айтып кетип калыптыр. Алар угуза албай эртең мененкиге чейин жүрө беришиптир. Маалыматты интернеттен көргөнүн айтып Түркия, Москвада иштеген балдар чалып жатпайбы.

Дүйшеналы башында Айдаркенде эле. Качан Баткен районуна которулуп барып калганын билбейм. Акыркы жолу өзү телефон аркылуу сүйлөшкөндө "ата, мен жакшымын, көнүп калдым. Өзбекстандын Сох деген жери менен чектеш Чарбак деген жердемин. Азыр камыр жууруп бүттүм, ашпозчу болуп алдым" деди. Өз көзүбүз менен көрбөгөндөн кийин бизге азыр окуянын кандай болгону бүдөмүк. Эгер өзүн-өзү атып алган болсо кандайдыр бир себеп бар да. Бул жерде башкы маселе – ички тартиптин жоктугу, жоокерлерди карабагандыгы. Ушинтип ичте тартип жок болсо, кантип тышкы душмандардан коргоно алабыз? Ашпозчу болуп иштеген бала кантип эле күзөткө туруп калат?

“ОК МАҢДАЙЫНАН АТЫЛЫП, БАШЫН ТЕШИП ЧЫГЫП КЕТИПТИР”

– Уулум аскерге 16-мартта кеткен. 3 айга жетпей ушул окуя болуп отурат. Али эч нерсени биле элек жаңы үйрөнчүк балдарды кантип күзөткө жөнөтүп жиберет? Тажрыйбалууларды койсо болбойбу? Өздөрүн жоопкерчиликтен алып качышып өзүн-өзү атты кылып кутулганы жатышат. Мен буга караманча каршымын. Сөөктү үйгө алып келген аскер кызматынын өкүлдөрү суроолорубузга жооп да беришкен жок. Прокуратура сурап жатат деп тим болушту, жыйынтыкты кандай чыгарар экен, эми көрөбүз.

Ок дал маңдайынан атылып, башын тешип аркасынан чыгып кетиптир. Снайпер аткандай, муну бирөө эле маңдайдан аткан. Кулагынан кан агып, сокку жегендей болуп көздөрү көгөрүп калган. Денеси таза. Аскер жаатында иштеген окуучуларым да тажыяга келишти. Алар “өзүн-өзү аткан болсо ок тийген жердин тегереги капкара болуп күйүп порох жармашып калат эле. Мында андай жок, аралыктан атылгандай тегереги таптаза, болгону октун гана орду калган” дешти.

1-июнда да Баткенде аскердик кызмат өтөп жаткан 2 бала атышып, бири каза болуптур. Менин баламдын окуясы 4-июнда болуп жатат. Бир эле учурда мындай нерсенин болуп жатканы ички тартиптин жоктугун айгинелеп жатпайбы.

“АСКЕРГЕ БАРЫП КЫЗМАТ ӨТӨӨ УУЛУМДУН КЫЯЛЫ БОЛЧУ”

Маркумдун апасы Айгүл Машаева, 49 жашта. Ал “уулум каршы болгонума карабай аскерге кеткен” дейт:

– Бизге акыйкаттык керек. Мага окшоп энелердин жүрөгү дагы сыздабасын. Биз алты саны аман бойдон, жакшы ниет менен аскерге жөнөткөнбүз. Минтип өзүн-өзү атып алды деп алдыбызга сөөгүн таштап кетишти. Бизге окшогон карапайым эл ушинтип жабыркап жүрө береби? Дал маңдайга өзүн-өзү эмнеге атсын? Автомат жок дегенде 5 килограмм болот, ошону көтөрүп түптүз кылып өзүн маңдайга ата албайт да.

Эки кыз, эки уулубуз бар. Эки кыздан кийинки уулум эле. Аскерге барып кызмат өтөө анын кыялы болчу. Аскерде болуп жаткан окуялардан чочулап, барба деп канча каршы болдум. Балам болбой койду. Ушундай окуялар байма-бай боло берсе ким баласын аскерге жөнөтсүн? Көзөмөлдөп жакшы карашса мындай окуялар болбойт эле.

“ЧЫНЫНДА ЭМНЕ БОЛГОНУН БИР ӨЗҮ, БИР КУДАЙ БИЛЕТ”

Төлөйкөн айылындагы Гапар Айтиев атындагы орто мектептин директору Сонунбүбү Көчкөнбаева Дүйшеналы тууралуу өз пикирин билдирди:

– Дүйшеналынын жакшы сапаттары көп болчу. Коомдук иштерге активдүү катышчу. Оозеки сабактарды жакшы окучу. Бирөөдөн жардамын аябаган, эмне иш болбосун колдон ала калган элпектиги бар эле. Өзүн-өзү атып алышы мүмкүн эмес. Чынында эмне болгонун бир өзү, бир Кудай билет. Чоң атасы согуштун ардагери, биздин мектепте иштеген. Атасы мугалим болуп жогорку окуу жайда, кийин мектепте музыкадан, тарыхтан сабак берип жүрдү. Муну менен ал жакшы үй-бүлөдө тарбияланганын айткым келет.

“ОКУЯ ЖООКЕР НАРЯДГА ЧЫККАНДА БОЛГОН”

Маркумдун ата-энесинин пикиринен кийин УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматына байланышканыбызда окуя боюнча төмөнкүдөй маалымат берди:

– 2021-жылдын 4-июнунда Баткен чек ара отрядынын аскер кызматчысы, 2003-жылы туулган катардагы жоокер М.Д. өзүн-өзү атып жанын кыйган.

Ал 2021-жылы жазында мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган. Жагдайды жана окуянын себептерин иликтөө максатында аскер бөлүктө Аскер прокуратурасы тергөө иштерин алып барууда.

Азыр Баткендеги аскер бөлүгүнө чалып байланыштык. Жоокердин сөөгүн алып барган аскер кызматкерлери иш тууралуу болгон окуяны айтып, 50 миң сомдук материалдык жардам берген. Иликтөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүп, жыйынтык чыгарат. Жоокердин ата-энеси кааласа, кызмат өтөгөн отрядга барып жетекчисине жолугуп, чогуу кызмат өтөгөн жоокерлер менен сүйлөшүп, баласынын кандай маселелери болгонун сурап тактаса болот.

Жоокерлер биринчи Айдаркенге окуу борборуна түшүп даярдык көрүшөт. Андан соң чек ара заставаларына бөлүнүшөт. Каза болгон жоокер Чарбак заставасына бөлүнгөн. Ал жакта наабайчы болгон, бирок ал жумушту кезеги менен баары эле аткарат. Аны менен кошо нарядга чыгып, чек ара кайтарып, аскер кызматына тиешелүү бардык кызматты өтөшөт. Бул окуя жоокер нарядга чыкканда болгон.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zamir_kgz
2021-06-14 21:03:48
Эгер өзүн атып алган учурда да, довели до самоубийство деген статья болсо керек? Күнөөлүүлөрдү табып жазалагыла урматтуу аскер прокуратурасы, болбосо сый урматыңар кызматтык деңгээлиңер түшүп кетет!
+6
kozunek.
2021-06-16 10:33:08
Кошунам болчу..Озун атканга ишенгим келбейт.Ал аябай жакшы бала эле.
Жаткан жери жайлуу болсун((
+1
Egizderim-baktim
2021-06-16 14:53:02
Жаткан жери жаннаттан болсун. Мен да аскерге барат десе корко беремин. Ушундай уулдарыбыздан айрыла берсек, ким барат аскерге???Менин бир тууганым да бара турган болгондо ыйлагам, салмагы жетпей кайра келген. Ошол эле жер эмес бардык жерди козомолго алыш керек.
+2
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан