Бегимай Асан кызы: “СУПЕР-ИНФОДОН” ТААНЫШЫП, БАШ КОШКОНБУЗ”

Бегимай Асан кызы менен Урмат Итибакунов мындан 13 жыл мурда “Супер-Инфо” гезитинин “Таанышуу бурчунан” табышкан. Жарашкан жуптар учурда 2 кызды тарбиялап жатышат. “Теңтуштарымдын арасынан менин жолдошум абдан романтик” деген каарманым сүйүү баянын айтып берет.

– Бегимай, саламатсызбы? Жолдошуңуз менен кантип табышканыңызды айтып бериңизчи.

– Саламатчылык. Анда жаш болчубуз. Бир тууган сиңдим ойноп эле менин телефонумду сиздердин гезиттин “Таанышуу бурчуна” берип коюптур. Анан күнү-түнү тынбай телефон чалуулар келе баштады. Көп жигиттер чалды. Арасында Урмат да бар экен. Бир жума өткөндөн кийин курбум экөөбүз “эмне кылсак?” деп отуруп, баягы номерлердин арасынан бирөөнү тандап чалып көрдүк. “Маяк” берсек керек. Ал кайра чалды, “жолугалы” деди эле, макул болдум. Мен жашаган районго келди. 2 саат кечигип чыктым, ал унчукпай күттү. Экөөбүз тез эле тил табышып кеттик. Башында “бир жолугуп коюп, андан кийин жолукпайм” деп ойлогом. Мен үчүн оюн болчу. Олуттуу караган эмесмин. Бирок кийин дагы жолугуп жүрдүк. Эмнегедир Урматтан башка жигиттер менен сүйлөшкүм келбей калды. Анан экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык. 1 жылдан кийин баш коштук. Азыр 2 кызды тарбиялап жатабыз.

– Жолдошуңуз кайсы сапаты менен сизди тартып алды?

– Мамилеси жакты. Көп көңүл бурчу, көп убактысын мага арначу. Башка мырзалардан мынчалык көңүл бурууну көрбөгөнүм үчүн байланып калсам керек. Камкор адам. Жаш кезинен тарта иштеп, ата-энесине жардам берип баштаптыр. Биз таанышкан кезде да иштечү. Ошол кезден азыркыга чейин эт сатып иштейт. Ошондо эле мага көп белектерди алып берчү. Кыз-жигит кезде берген чоң жумшак оюнчук азыр деле бар. Аны менен кыздарыбыз ойноп жатышат. Теңтуштарыбыздын арасынан менин жолдошум абдан романтик. Убакыт өткөндө сүйүү өчөт дешет. Бирок жолдошум азыр да сүйүүсүн арнап, белектерди берип, сюрприздерди жасап турат. Элдин алдына чыкканды жактырбагандыктан, мени менен кошо маек берүүгө көнгөн жок. Бирок жакындарыбыздын арасында дайыма “жубайымды “Супер-Инфодон” таап алгам” деп айтып калат. Гезит аркылуу табышканыбызды баары билет.

– Сиңдиңизге кийин ыраазычылык билдирген экенсиз да?

– Сиңдим азыр деле “силердин бактыңарга мен себепчи болгом” деп жездесине тийишип калат. Кыз-жигит кезибизде экөөбүз урушуп кетсек, Урмат таарынычымды сиңдим аркылуу жазчу. Сиңдим менен сырдашчу. Кээде сиңдим “байкушка чыгып койчу, тиги жакта турат” деп келчү.

– “Супер-Инфону” азыр да окуп турасызбы?

– Жолдошума жолуккан жылдары жума сайын “Супер-Инфо” алып окучумун. Ошондо гезиттин чоң фанаты болчумун, ар бир ырчынын маектерин кесип алып чогултчумун. Ал кезде Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдыразаков, Бактыгүл Бадыева, Неля жаңы чыгып жаткан кез болчу. Азыр деле калтырбай окуп турам.

– Маегиңизге рахмат. Бактылуу болуп, көп жашаңыздар!


Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан