ТҮНКҮ КЛУБДАГЫ БИР ТҮН

Түнкү клубка сапар

Түнкү клубка жакындаганда эшик алдында акыркы маркадагы машинелер тизилип турганын көрүп, негедир сүрдөй түштүм. Бизди кызыл-тазыл түстөгү жарыктар өчүп-күйгөн түнкү клубдун оозунан кычыраган костюм кийген эки жигит илбериңки жылмайып тосуп алышты.
Кире бериштеги атайын жайга кийимдерибизди чечип, темир тосмонун ары жагына өткөндө дагы эки жигит күтүп турушкан экен. Алар ар бир адамдан 500 сомдон алып, текшерип киргизип жатышты.
Көрсө, кардарлардын коопсуздугу үчүн курал, бычак же учтуу нерселер жок экенин текшерип киргизишет экен. Киргенде эле көзгө клубдун мыкты жасалгасы көзгө урунду. Жасалгалоо чебер дизайнердин колунан чыкканы көрүнүп турат. Кымбат баалуу эмеректер көз жоосун алат.
Ошентип, мен да эки дос кызым менен экинчи кабатта жайгашкан, жарк-журк эткен жарык каптаган бийлөө аянтына көтөрүлдүк. Түркүн түстүү жарыктан көз уялат.
Бул бөлмөнүн жасалгасы биринчи кабаттагы жасалгадан ашып түшөөрлүк. Ар столдун жанында кыска юбкачан койкойгон кыздар тейлөө үчүн дайындалыптыр. Ал эми ортодо анчалык чоң эмес сахна бар. Ал жер ди-джейдин орду экени көрүнүп турат. Биз отурган жерден арыраакта эле "VIP зона" деп коё турган өзгөчө жайлар колунда бар акчалуу адамдарга арналган жай экенин кыздардан уктум. Ошентип, досторум болуп көңүлдүү кечтин кучагына кирдик. Жанымдагы кыздарым кызыл-жашыл жарыктар курчап алып, үнү бир калыпта чыккан музыканын ыргагы менен бийлеп жатышты. Мен аларды карап ордумда кала бердим.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 185, 19-25-май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан