ӨЛКӨДӨ КОРОНАВИРУСТУН ИНДИЯ ШТАММЫ ЖАЙЫЛЫП, АДАМДАР 2-3 КҮНДӨ ЖЫГЫЛЫП ЖАТАБЫ?

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан тартып 2 толкун болуп өткөн. 2020-жылдын июль жана ноябрь айларында. Эми 3-толкундун арааны жүрүп жатат дешет адистер. Учурда өлкөдө вирустун кандай штаммдары бар, алардын мурункудан айырмасы кандай деген суроолорго адистерден жооп алдык.

“ӨЛКӨДӨ 4 ШТАММ КАТТАЛГАН”

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Алина Казиевага суроолорду узаттык.

– Учурда Кыргызстанда коронавирустун кандай штаммдары бар?

– 2021-жылдын март-апрель айларында Орусиянын Новосибирск шаарындагы лабораторияга өлкөдө коронавирус менен ооругандардын анализинен пробаларды алып, вирустун кайсы штаммдары экендигин аныктоого жибергенбиз. Жыйынтыгы май айында келди, пробалардын 44 пайызы Британия штаммы, 39 пайызы Орусия штаммы, ал эми Түштүк Африка жана Индия штаммдары 1 пайыздан табылган. Британия штаммынын адамдарга жугушу батыраак.

– Майдан бери 1 ай өттү. Бул аралыкта өлкөдө Индия штаммы жайылып кетиши мүмкүн. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин берген маалыматына таянсак, учурда ооруканага түшүп жаткандардын оору белгилери Индия штаммына окшош болууда.

– Орусиядан келгендердин айрымдарынан коронавирус табылып жатат. Башка өлкөлөрдөн келип жаткандардын айрымдарынан чыгууда. Кыргызстанда коронавирустун штаммдарын аныктоочу лаборатория жок. Эми анализдердин пробаларын июлда Орусияга жөнөтөбүз. Ошонун жыйынтыгында кайсы штаммдар жайылып жатканы белгилүү болот.

Өлкөдө жаңы катталган Британия, Түштүк Африка, Индия штаммдары эгер эл санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды аткарбаса жайылышы мүмкүн.

“20-30 ЖАШТАГЫЛАР ДА РЕАНИМАЦИЯГА ТҮШҮП КАЛУУДА”

Гүлжигит Аалиев, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси:

– Учурда ооруканада коронавирус менен ооруган 400 адам дарыланууда. Алардын 15и реанимацияда жатат. 100 адамдын абалы оор, калгандарынын абалы орточо. Ооруп келгендердин көбүндөгү оору белгилери: дене табынын 38-40 градуска көтөрүлүшү, какылдап жөтөлүү, мурундун бүтүшү, дем алуунун кыйындашы, тамактын оорушу, ичтин өтүшү. Даам, жытты билбей калуу айрымдарында кездешип жатат. Кээ бирлер көкүрөгүнүн ооруганын айтат. Былтыркы Ухань вирусу менен ооругандарда дене табы 3-4 күн көтөрүлсө, азыркы кезде дене таптары апталап түшпөй кармалууда. Бейтаптын абалы 2-3 күндө эле оорлоп, пневмонияга өтүп кетүүдө. Оор абалда келип реанимацияга түшүп калгандардын арасында 20-30 жаштагылар да болууда. Былтыр жаштардан минтип оор абалда келгендери болгон эмес, көбүнчө жашы улуулар ооруган. Жакында 16 жашка чейинки 4 бала оор абалда түшүп, аларда коронавирус, пневмония аныкталды.

2020-жылы ооругандарда дене табынын көтөрүлүшү, кургак жөтөл, дем алуунун кыйындашы, көкүрөктө оорутуу, даам жана жыт билбей калуу кезиккен. Айрымдарына пневмония кошулуп жаткан.

ИНДИЯ ШТАММЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ СУУК ТИЙГЕНГЕ ОКШОШ

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, учурда дүйнөдө коронавирустун мутацияланган 4 штаммы өтө көп жайылып жатат. Алар: британиялык “альфа”, түштүк африкалык “бета”, бразилиялык “гамма” жана индиялык “дельта” штаммы. Учурда өтө бат жайылып, адамдын абалын бат эле оорлотуп жиберип жатканы Индия штаммы, ал учурда 64 өлкөдө катталган.

“Дельта” штаммынын белгилери суук тийгендегиге окшошуп кетет:

  • Дене табынын көтөрүлүп, апталап кармалышы;
  • Баш, ич, тамак, муундардын оорутуусу;
  • Көңүл айлануу, кусуу, мурундун бүтүшү;
  • Ич өтүү, угуунун төмөндөшү;
  • Ичеги-карын сезгенип, кан уюусу мүмкүн. Оору өтүшсө гангрена башталат;
  • Даам-жытты сезбей калуу (баарында эмес).


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан