6 балалуу жалгыз бой эне: “МЕНИ АТКА СҮЙРӨТҮП САБАГАН КҮЙӨӨМ МЕНЕН АЖЫРАШТЫМ”

Бул жолу 6 баласы менен батирде жашаган жалгыз бой эненин тагдыры тууралуу сөз кылабыз. Ал күйөөсүнөн 10 жылдан ашык кордук көрүп, аягында ажырашып кетүүнү чечет. Жанаркүл Алтыбаева оор турмушу тууралуу сөз кылды.

“9-КЛАССТЫ БҮТКӨНДӨ АЛА КАЧЫП КЕТИШКЕН”

– Мен 1989-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылында төрөлгөм. 2 жашымда ата-энем Чүйдүн Боролдой айылына көчүп келип, отурукташып калган. Беш бир тууганмын. Бир агам, бир сиңдим жана эки иним бар. 9-классты аяктаарым менен мени Ысык-Көлдүн Каракол шаарына ала качып кетишти. Жолдошум мени Боролдой айылына туугандарыныкына келгенде көрүп калган экен. Апам менин тагдырым кандай болорун жакшы ойлонбой “барган жериңден кайра келбе” деп койду. Ошо бойдон отуруп калдым. Башында окутуп-чокутабыз дешкен, кийин убадаларын унутушту. Эки жыл жакшы эле жашадык. Кийин уруш-талаштар башталды.

“КҮЙӨӨМ ЧАЙНЕК МЕНЕН БАШКА ЧАПТЫ”

Жолдошум менен Ысык-Көлдө, Кеминде чабан болуп иштедик. Ичип келип мага кол көтөрө баштады. Үйдө эмне бар, эмне жок, балдары эмне менен жан сактап жатат иши жок, тапкан акчасынын баарына ичип келет. Туугандарына айтсам “мындай эмес болчу, токтолот да” деп коюшту. Агалары токтот дешсе арданып, оңолуунун ордуна колуна аркан алып “муунуп өлөм” деп коркутуп да жүрдү. Мен оңолот го деп үмүт кылып чыдап жүрдүм. Бирок ал токтолгондун ордуна күчөдү. Ичип келип колумду аркан менен байлап, атка сүйрөтүп колумду сындырды. Бир ирет чайнек менен башыма чапты. Ошондо эс-учумду жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем башымдын баары кан. Дарыгерге көрүнөйүн десем күйөөм “Кудай албайт” деп жибербей койду. Ал сабаган учурда ордумдан тура албай апталап төшөктө жатчумун.

Мени кордоп жатканы аз келгенсип балдарын уруп-согуп, алардын жүрөктөрүнүн үшүн алды. Орто жолдо төркүнүмө бир-эки ирет кетип калдым. Ал болсо адам болом деп убадасын кат-кат берип, алып келди. Акыркы күндөрү балдарым атасы келе жатканда коркуп жашынып калышкан. Балдарымдын мындай абалын көргөнүмдө жүрөгүм канайт. Коркок, тартынчаак болуп чоңоюп кала турган болушту. Бирде ач, бирде ток калып жүрүп оорукчан болуп калышпаса экен деп да тынчсызданам. Чыдамым түгөнүп, ден соолугумдан ажырап баштаганда ажырашууга туура келди. 3 уул, 3 кызым бар. Ажырашып жатканда кичүү балам боюмда 4 айлык эле. Арадан 1 жарым жыл өтүп, азыр уулума 7 ай болду.

“7 АЙЛЫК БАЛАМ МЕНЕН ТАЛААДА ИШТЕДИМ”

Ажырашкандан кийин ата-энемдин үйүнө келдим. Бирок майда балдарым менен төркүнүмө бата албасым айтпасам да белгилүү. Ата-энем улгайып калган. Үйдө келин жок. Боролдой айылындагы бош турган үйлөрдүн бирине көчүп бардым. Ал үй эки бөлмөлүү. Балдарыма 4800 сом жөлөк пул алам. Баары кымбаттап кеткенине байланыштуу ал акча азык-түлүгүбүзгө да жетпейт. Бир кап унду 1700 сомго алсам, 6 бала менен 1 айга жетпейт. Анда-санда айылда картошка, кызылча отоо, сорттоо сыяктуу жумуштар чыкса балдарымды кошуналарга таштап иштеп калам. Бир жума мурун үйдө тамак-аш жоктугунан 7 айлык эмчектеги баламды жаныма алып, эки күн талаада иштедим. Күндүн ысыгында балам кыйналып кеткенине байланыштуу андан кийин жумушка чыккан жокмун. Балдарымдын улуусу 14 жашта. Буга чейин тайларынын колунда жүрдү. Бир жума мурун колума алдым. Мага жардамдашам деп 2 күн талаада иштеди. Бир нерсебиз жок болуп калса кошуналардан суратам, кээде балдарым ачка калат. Ажырашкандан бери жолдошум менен кабарлаша элекмин.

“ЖАШАП ЖАТКАН ҮЙҮМДҮ БОШОТ ДЕП ЖАТАТ”

Үч балам мектепке барат. Быйыл төртүнчүсү барганы турат. Карантин учурунда сабак окуганга телефонубуз жок кыйналдык. Мен азыркы күнгө чейин жөнөкөй телефон көтөрөм. Улуу балама мектептен жардам катары телефон беришкен. Бирок уулум ал кезде таене-таятасы менен жашап жаткан. Эки кызым кошунанын телефону менен сабак окушту. Мага каралашып турган кошуналарыма рахмат. Азыркы учурда биз жашап жаткан үйдүн кожоюну август айында курулуш баштай турганына байланыштуу үйдү бошот деди. Эми алты балам менен кайда барарымды билбейм. Ата-энем берген жерим бар. Ошого элдин жардамы менен 2 бөлмөлүү үй куруп алсам жакшы болот эле.

“100 СОМ БЕРЧИ, 50 СОМ БЕРЧИ ДЕП КАЛАТ”

Аты-жөнүн атагысы келбеген каарманыбыздын айылдашы биздин редакция менен байланышып, анын тагдыры тууралуу буларды айтып берди:

– Жанаркүл эже күйөөсү менен жашап жүргөн учурда Боролдой айылына келип, түрдүү талаа иштеринде жалданып иштечү. Ошол учурда эле кыйналып жашаган үй-бүлө болчу. Эже күйөөсү тиштерин күбүп, чачтарын жулуп салганын айтып калчу. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин жашоосу таптакыр начарлаганын байкап, колдон келишинче азык-түлүк жагынан жардам бердим. Кээде 100 сом, 50 сом сурап калат. Акыры Жанаркүл эжеге жардам көрсөтөр деп элге кайрылып жатам. Анын жардам бере турган эч кимиси жок. Угушума караганда, ата-энеси 14 жашар баласын иштетип, акчасын өздөрүнө коротушат экен. Билгендердин айтымына караганда, 2 иниси эженин үйүнө келип тамагын ичип, керектүү буюмдарын алып кетип калышат экен. Кыскасы, төркүнүнөн пайда жок. Азыркы жашап жаткан үйүн бошот дешиптир. Негизи бул үйдө деле тынч жашаган жок. Мурун бир ичкич аял жашагандыктан көрүнгөн мастар келе беришет. Бир жума мурун кошунасы мас абалында терезесин таш менен талкалап салыптыр. Ичинде балдарым бар болчу деп Кемин РИИБине арыз жазса карабай жатышыптыр. Кайрымдуу эл, колдон келишинче жардам берсе жакшы болмок.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 0894 4793 7732

Телефон: 0706 932 396


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-07-05 11:02:15
Мындайды эч кимдин башына салбасын.Ошон үчүн кыз балага билим бериш керек, өзүн укугун коргогонду,сактанганды үйрөтүш керек
+13
kkkk3259780
2021-07-05 12:04:05
Baktyluu_bolgum_kelet, кошулам.
+6
kkkk3259780
2021-07-06 08:52:10
Baktyluu_bolgum_kelet, кесип да уйронуп алсын
+2
Jan_balam2018
2021-07-06 15:22:24
Ииий деги Кыргызстанда беш алты баласы менен барарга жери жок жалгыз бой аялдар кобойуп баратат.Баары эмес бирок ушундай эркек соройлордун барынан коро жогу.Байкуштар балдарда эмне куноо,же курсак тое тамак жебесе ичпесе.Боорунду оорутат да
+6
Sara1993
2021-07-07 13:24:47
Jan_balam2018,Эркектердин кобу азыркы учурда алсыз болуп бара жатышат.
+3
Sara1993
2021-07-07 13:27:31
Эртен менен тан атпай маршрут менен автобуста отурган жаллан аялдар эркектер аябай аз.Азыркы учрда эркектер алсыз болсуп аялдары багып жататкандай сезилет, алар дагы уйундо жон отурбай арак ичиши, кечинде чарсап келген аялын башын оорутуп каалса уруп журо беришет .Мунун баары карангылыктан келип чыгат .
+6
Sara1993
2021-07-07 13:31:18
Урматтуу айымдар, эжелер, синдилер эч качан силер кордолуп жаткан жерде бара турган жерим жок деп, уруп жатса деле чыдап жашап журо бербегиле, эч качан озунордун укугунарды тебелетпегиле, бир келген жашоодон омур бою таяк жеп алкаш менен жашаганча ажырашып туруп соонун иштеп жашаганынар жакшы.Аялдардын укугун коргогон толтура эл аралык уюмдар бар алар сиздерге сосссуз жардам берет , БУУ, Кызыл жарым ай коому ж.б.Эч качан унутпагыла силерди ата эненер бироодон таяк жесин деп чонойткон эмес.
+4
Nina.alex
2021-07-07 22:06:12
Менин кошунам 30 жыл болуптур уйлонущконуно. Куйоосу такыр бир кун да иштебептир. Аялынын мюунуна отурган олчойуп. Эже айтып калат жащ кезде корбогон кордукту кордум деп. 5 кун мындай жумущта иштейт. Суббота базар куну тамак сатат базарда. Ошентип куйоосун багып келе жатат. Биздин копчулук эркектердин жузу ошол. Анан дагы 4 катын алабыз деп оозун чоюшат
+2
Isikkolumkeremet
2021-07-14 00:08:14
Урматтуу журналисттер.ушундай тагдырларды кайрымдуулук фонддорго айтасынарбы???крутой ырчы чоорчу .бизнесмендерден бир фонд тузуп кайрымдуулук кылгандарын кайта жазып турсанар олло суйунуп калат элек да батабызды берип.а то кайгырган бойдон кала беребиз.биз да айылда эле карапайым жашайбыз.жок дегенде арты жакшы бутконун ишинердин кызыкчылыгы учун жазсанар ээээ....
+1
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан