ЖАШООЧУЛАРДЫН ҮЙ-ЖАЙЫН ЗЫЯНГА УЧУРАТКАН КУРУЛУШ

Бишкектин Тимирязев-Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабатуу үй тегерегиндеги тургундардын турак жайына зыян келтирген. Жабыркаган тарап менен курулуш компаниясы чырдашып жатат. Биз бул маселени териштирип көрдүк.

“ҮЙ КУРУЛА БАШТАГАНДА САРАЙЫБЫЗ УРАП ТҮШТҮ”

Айнагүл Бекмуратова, зыян тарткан тарап. 4 баланын энеси:

– Жаныбызга көп кабаттуу өтүшүп жатат. Биздин короо менен ал үйдүн аралыгы 2 метрдей болчу. Курулуш 2-кабатына жеткенде биздин сарай урап калды. Пайдубалды куруу үчүн жерди казганда доо кетти окшойт. Ажатканабыздан бери бузулду. Учурда аны бир нерсе менен калкалап коюп эле пайдаланып жатабыз. Эми эмне болот билбейм. Көп кабаттуу үйдү куруп жаткан “Макро Констракшн” курулуш компаниясына “бул эмне кылганыңар, кайра куруп бергиле” дедик. Куруп беребиз дешкени менен, кура турган да, бизди тогото турган да түрү жок. Урап калган сарай тараптан ажатканага өтүү кооптуу болуп жатат. Кокус басып калса эмне болот деп өзүбүздөн мурун балдар үчүн коркуп жатабыз. Кышка чейин куруп берсе жакшы болот эле. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Алардын курулушу жүрүп эле жатат. Биздин турак жайыбыз талкаланган бойдон турат. Биздин үнүбүздү уккан эч ким жок.

“БАЛДАРДЫН ӨМҮРҮ КЫЙЫЛСА КИМ ЖООП БЕРМЕК?”

Назира Калыкова жабыр тарткандардын бири. Ал өзү жетектеген балдар бакчасынын имаратынын бир капталы урап түшкөнүн айтат:

– Быйыл, 29-мартта түнкү саат 12де кошуналардын айтуусу боюнча, биздин балдар бакчабыздын бир жак дубалы “Макро Констракшн” куруп жаткан курулуш тарапка кулап түшкөн. Бул кооптуу учур кундүз эмес, түндө болгонуна шүгүр. Эгерде күндүз, балдар ойноп жүргөн кезде кулап түшсө эмне болмок? Балдардын өмүрү кыйылса ким жооп бермек? Ошондон бери бул курулуш компаниясына курулуш жүрүп жаткан учурда кокустан биз тарапка бир нерселер кулап кетпеши үчүн атайын калканч-тосмо орноткула, балдардын коопсуздугун эске алгыла деп келе жатабыз. Алар бизди тоготпой жатат. Тескерисинче, “каалаган жагыңарга арызыңарды жаза бергиле” дешет. Биз Экотехинспекцияга, акимчиликке, прокуратурага кайрылдык. Бирок жыйынтык жок, бул компания эч нерсе болбогондой иштеп жатат. Булардын чоң бизнесинин алдында менин бала бакчам арзыбаган нерсе болуп калууда. Бирок акыйкаттык болуш керек да. 29-марттан бери “Макро Констракшндын” үстүнөн жазган менин арызымдан майнап чыкпайт да, булардын менин үстүмдөн жазган арызы каралып, бала бакчага тынбай текшерүү келип жатат.

“УРАП КАЛГАН ДУБАЛ БИЗДИН АЙМАККА ТИЕШЕЛҮҮ”

Бакыт Айдарбеков, “Макро Констракшн” курулуш компаниясынын башкы директорунун орун басары:

– Башында "эгер биздин күнөө болсо, анда оңдоп берели" деп жатканбыз. Бирок “силерди сотко беребиз” деп бизди эч ким укпай койду. Андан бери прокуратура, сотко арыз жазышты, ошону менен эле алышып жүрөбүз. Атайын калканч-тосмолор курулуш 3-кабатка жеткенде коюлат. Алардын үйлөрүнө эмнеге залака кетти?

Бизди тосуп турган ортодогу дубал биздин тилкеге караштуу. Ал – гараждын дубалы. Бала бакча ээлери курулушун ошол дубалга жармаштырып куруп алышкан. Ага жармаштырбай өзүнчө пайдубал менен курушса куламак эмес. Биз ортодогу дубалды эртеби-кечпи баары бир бузмакпыз. Дубалды бузарыбызды аларга алдын ала оозеки түрдө айтканбыз. Мыйзам боюнча териштирели дешти, макул дедик, мыйзам боюнча кетип жатабыз. Мамлекеттик каттоодон да, прокуратурадан да келип текшеришти. Урап калган дубал биздин аймакка тиешелүү.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан