Абдулла Жалилов, Чубак Жалиловдун уулу: “АТАМ СЕНДЕН МОЛДО ЧЫКПАЙТ ОКШОЙТ ДЕЧҮ”

Белгилүү аалым Чубак Жалиловдун арабыздан кеткенине 11-июлда 1 жыл болот. Кыргыз коомчулугу анын курч, таамай жана тамашалуу кептерин сагынгансыйт. Биз анын 19 жаштагы уулу Абдулла Жалилов менен маектештик. Чубак мырза кандай ата, кандай устат болгонун уулу айтып берсин.

ЧУБАК АЖЫНЫН ЭМГЕГИ УУЛУНУН КӨЗҮ МЕНЕН

  • Атам шарияттын жолун элге жалпак тил менен түшүндүрүп, жайылтты. Миллиондогон тарапташ тапты, көп адамга туура жол көрсөттү.
  • Муфтий болуп турганда маанилүү реформаларды жасады. Имамдардын квалификациясын көтөрүүнү жолго салды.
  • Мурун ажылык сапарды Дин боюнча мамлекеттик комиссия уюштурса, атам аны муфтиятка өткөрдү.
  • Кумар оюндарына каршы күрөштү колдоду, казинолордун жабылышына салым кошту.
  • Муфтияттын чет өлкөлөр менен иштешин жолго салды. Ажылыкка баруу үчүн Кыргызстанга көбүрөөк орун бөлдүрүүгө жетишти.

“АТАМДЫН МҮНӨЗҮ КАНДАЙ ЭЛЕ?”

– Чоң атам мага “атаң мектепте окуп жүргөндө мектептеги, райондук китепканадагы керектүү китептерди окуп бүтүп, дагы китеп керек дегенде Оштон алып келип берчүмүн. Мектептеги иш-чараларда алпаруучу болуп, роль да аткарып жүрдү. Жайдары, бирөөгө жаман айтпаган, тамашалап күлдүрүп сүйлөгөн, колу ачык, башкаларды өзүндөй көргөн мүнөзү бар болчу. Сенин бою-башың, ачык-айрымдыгың, марттыгың, зээндүүлүгүң, боорукерлигиң, куйма кулактыгың атаңа окшош”,- деп калат.

Атам тазалыкка абдан көңүл бурчу. Буюмдардын дайым өз ордунда турушун талап кылчу. Кайгырганын ичине жутуп, бизге билгизчү эмес. Конок тоскондо кыргыз салттарын колдонгонго аракет кылар эле. Коноктон ала келген устукандарын "кошуналар да ооз тийишсин" деп берип жиберчү. Атам эч качан адамдардын кийимине же байлыгына карап мамиле кылчу эмес.

Тамак-ашка көңүл буруп, "витаминдүү тамактангыла" деп эле турчу. Орусияга барса икра ала келчү. Бир жолу мага нандын үстүнө сүзмө, анын үстүнө икра сүйкөп берди. Мен "даамы башкача экен" деп жей албай койдум. Атам мени карап “балам, мага деле даамы жакпады, бирок байлар ушундайды көп жешет экен. Мен да жеп өзүмдү бай сезгим келип жатат” деп тамашалап күлдүргөн эле.

Атамдын бою кичинекей, колу кыска болгондуктан ага чак келчү кийимдер Бишкектин бир дүкөнүндө сатылчу, ошол жерден кийинчү. Белекке көп кийимдер келер эле, бирок атам кийимди өзү тандап сатып алганды жактырчу. Америкага барып келгенден кийин кийимге көп көңүл бөлүп баштаган. Мага "сен жашсың, стилдүү кийинишиң керек" дечү.

Бир ирет чет өлкөдөн “Жентльмен кандай болушу керек?” деген китеп ала келиптир. Ошону окуду, мени да оку дегенинен окуп чыккам. Китепке абдан жакын болгондуктан сапардан сөзсүз китеп ала келчү.

Чогулткан китептеринин саны учурда 10 миңден ашат. Бир ирет унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1,5 тонна китеп алдырткан. Диний китептерден тышкары тарыхты, көркөм адабиятты көп окучу. Атамдын китептерин жок кылбай сактап, элге мындан ары да пайдасын тийгизсем дейм. Китептерди атам менен апам студент кезинен бери стипендиясына алып чогултуп башташкан экен. Кыскасы, атамдын номер биринчи хоббиси китеп окуу болчу.

Атам өзүнүн 3 китебин чыгарды, көптөгөн диний китептерге редакторлук кылды.

Кийинки жылдары иши көп болуп, план, график түзүп, ошо менен иштеп жаткан.

“ТООК БАККАНДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮ”

– Түрдүү породадагы тооктун түрлөрүн, жөжөлөрү менен алып келе берчү. Жем чачып, суусун берип убара болуп калчу үйдө болгон күндөрү. Бир ажы досу да тоок багат. Экөө “менин тоогум мынча, мынча породасы бар. Сеники канча болду?” деп тамаша-чынга салып атаандашып калышчу. Менин болсо тоок бакканга кызыгуум жок.

“АБДАН КӨП ШАКИРТ ТАРБИЯЛАДЫ”

– Атамдын шакирттери биз менен байланышып турушат. Ичинен Калыс байкени көп мактачу. Эл да азыр андан көп нерсени күтөт. Атамдын өзүнөн жашы бир аз кичүү шакирттери бир топ. Эки күчтүү шакирттери учурда Сауд Арабия, Иордания, Түркия, Индия, Пакистанда диний окуу жайларда окуп жатышат. Айрымдары кийин байлыкка азгырылып кетти.

“АТАМДЫН ЫСЫМЫ КӨП ЖЕРДЕ БАР”

– Арстанбапта атамдын ысымын алып жүргөн бир мечит, Чүйдүн Чоң-Арык айылында бир көчө, Кара-Суу районунун Нурдар айылында 3 кабат китепкана бар. Бишкекте дагы бир жаңы мечит ачылганы турат, ага да атамдын ысымы ыйгарылмакчы.

Атамдын көзү өткөн соң “Айкөл” ордени ыйгарылып, баласы катары мага тапшырышты. Ошондо атам үчүн дагы бир ирет сыймыктандым. Узак жашаса болмок, бирок биздин колдон келбей турган нерсе экен.

“ИШКЕР БОЛГУМ КЕЛЕТ”

– Мен пайгамбар, сахабалар жашап өткөн ыйык Мекке шаарында 2002-жылы жарык дүйнөгө келгем. Атымды Абдулла деп атамдын ошол жактагы устаты койгон. Ал атамдын билим алышына чоң салым кошкон инсан. Атам каржылык кыйынчылыктан улам окуусун таштап саларда “сен билим алышың керек” деп токтотуп, батирин, унаасын берип, окуганга шарт түзгөн ошол киши.

Ал жактан үй-бүлөбүз менен 2008-жылы Кыргызстанга келдик. Бишкекте, Кара-Балтада медреседе, "Себат" лицейинде, "Кут-Билим" окуу-тарбия комплексинде окудум. "Кут-Билимде" арабчага кошо англисче, орусча сүйлөгөндү үйрөндүм. Бир күнү атам “диний окуу боюнча сага убакыт бөлө албай жатам, 9-класстан кийин медреседе окусаң кандай болот?” деп калды. Мен макул болдум. Медреседе окуп жүргөн учурда үйгө 1 айда бир, же 2-3 айда бир келчүмүн. Келгенде атам менен ата-баладай сүйлөшүп отурар элек. Учурда КМКТАУнун менеджмент-экономика факультетинде окуп жатам. Максатым – ишкер болуу.

“КАТУУ УРУШКАН ДА, ЭРКЕЛЕТКЕН ДА ЖОК”

– Атамды конокко тынбай чакырышчу, үйдөн да конок үзүлчү эмес. Атам мени ээрчитип алчу, тарбияны ээрчип жүрүп алдым. Адамдар менен сүйлөшүү, мамиле түзүүнү, конок тосуу маданиятын үйрөндүм. Атам андай жерде мага көзү менен эле ишарат берип койчу. Ошондон эле эмне кылышымды түшүнчүмүн.

Кээде гана ачуусу келгенде катуураак урушуп койчу. Антип урушкандан көрө, уруп койсо мага жеңил болчу. Окуудан үйгө анда-санда бир келет деп аяйбы, айтор, мени көп урушкан жок. Бирок эркелетип да жибербеди. Орточо катуу кармап чоңойтту. Кээде атам мага балам дебей “укам” деп кайрылчу. Сыягы, мен чоңоюп, көлөмүм менен ага тең боло түшкөнүм үчүн окшойт. “Укам, тигини тигинтип коёлубу? Укам, тигил жакка барып келелиби?” деп калчу. Атам менен акыркы жылы абдан көп убакыт бирге болдум.

“ТАРЫКТЫ АТАМ ӨЗГӨЧӨ ЖАКШЫ КӨРЧҮ”

– Ата-эне балдарын бирдей жакшы көрөт, бирок бирөөсү атасына же апасына жакын болот. Менден кийинки иним Тарыкты атам өзгөчө жакшы көрчү. Тарык арык, келбети, өңү атамдын кичине кезиндегисине окшош. Ал инимди көргөндө өзүнүн жаш кезин, мени көргөндө учурдагы келбетин көрсө керек.

Балдарынын кимиси эмнеге шыктуу экенин байкап жүргөн окшойт, бир жолу мага “сенден молдо чыкпайт өңдүү, бизнесмен эле бол. Иниң Тарык молдо болсо, жардам беришиң керек” деди. Тарык Египетте араб тилинен курста окуп жатат.

Акыркы жылдары “ишим көп болуп силерге жакшы көңүл бура албай жатам” деп апта сайын ишембини толук балдарына арнап жүрдү. Атам менен чогуу мончого, сейил бакка, пикникке чыгып, китеп окуп, шоппинг жасап жүрчүбүз.

Атамдын көзү өткөндөн кийин көзүм ачылды, көп нерсени биле баштадым. Ага чейин бала бойдон эле эч нерсе менен ишим жок жүргөн экем. Атамдын кайсы максаттары аткарылбай калганын айта албайм. Мени баралына келсин, акыл-эси толсун деп олуттуу ойлорун айткан эмес окшойт.

“КЫЗДАРЫН АБДАН СЫЙЛАЧУ”

– Эжемди, карындашымды кыз бала деп өтө сыйлачу. Бизди, эркек балдарын, маршруттук таксилер менен жүргүлө десе, кыздарын такси менен жүргүлө дечү. “Кызды жокчулук, эркекти барчылык бузат” деп кыздарына бизге караганда көбүрөөк акча берчү. Бир жолу эмнеге антесиз деп сурасам “кыздын, деги эле аялзатынын керектөөсү эркекке караганда көбүрөөк болот. Ошого чөнтөгү калыңыраак жүрүшү шарт” деди. Эжем Саара 21 жашта, карындаштарымдын улуусу София 17 жашта, эң күчүү карындашым Сундус 2 жашта. Тарык иним 15 жашта, андан кичүүсү Муаз 11де.

“АПАҢ МЕНИ ДАЙЫМ КОЛДОП КЕЛДИ ДЕЧҮ”

– Атам 25 жашында үйлөнгөн. Ислам университетинде окуп жүргөндө апам менен таанышып, баш кошушкан. Атам Сауд Арабиясына окууга кетип, кийин айылга келгенде апамды кошо алып кеткен экен. Апам ошол жакта араб тили боюнча курстан окуду. Арабча окуп, жазып, сүйлөй алат.

Атам жашоосунда көптөгөн стресстерге тушукканын апам дайыма колдоп, көтөрмөлөп келгенин айтып калчу. Апам учурда Арабаев университетинде окуп, билим алып жатат.

ТААСИРДҮҮ ОЙЛОРУ

  • Өзүңөргө пайдасы жок нерселерге, алар кызыктуу болгон күндө да убакыт короткон туура эмес. Убакытты пайдалуу иштерге жумшагыла.
  • Перс акыны, суфий Мавлана Жалал ад-Дин Руми “Уу – бул сенин керектөөңдөн ашкан нерсенин баарысы. Уу – күч, байлык, сараңдык, жалкоолук, амбиция, көрө албастык да болушу мүмкүн” деген. Уудан сактангыла!
  • Напсиңди, эңсөөңөрдү Кудай кылып албагыла! Мисалы, элдин мүлкүн, жетимдин акысын жегендик напсини Кудай кылып алуу.
  • Үйдөн тамак жегендин берекесин билгиле. Кафеден тамакка коротчу акчаңдын ордуна үйгө азык, мисалы, эт сатып келсең, үйдөн ошондон тамак жасап, чогуу жесеңер үйдөгүлөр кубанат. Акчанын берекеси да билинет.
  • Ыймандын алсыздыгынан сактан. Башка бирөөнүн башына түшкөн көйгөйдү көргөндө сүйүнүү, башка бирөөнүн ийгилигине ич күйдүлүк кылуу – бул ыймандын алсыздыгы.
  • Кудай, адамдар, табигат, туугандар менен мамилеңди оңдо.
  • Колуңдан келип турган кезиңде бир кезде сен да бир нерселерге муктаж болгонуңду эсте, шүгүр кыл. Башкалардын муктаждыгы үчүн колуңду сун.
  • Китеп – акылдын көзү. Акылды китептерден изде. Көп окусаң кыйынчылыкта билгендериң боюнча жол таап чыгып кетесиң.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Stervamyn
2021-07-12 09:33:30
Кандай адам эле(((окунучтуу,эрте кеткени,коп нерсе айтпай калганы,коп жаштарга улгу болбой калганы,аялзатын сыйлаш керек деп дайыма какшачу,кыздарын да аявай сыйлачу экен да
+7
Hadyja
2021-07-12 09:56:57
Устазыбыз дайым жүрөгүбүздө.Сабактарын укканыбызга бактылуубуз.Устазыбызды сагындык.Устазыбызга жакын адамдар,бизге да жакын болгондой сезилет.Атасы биздин чоң атабыздай,балдары-кыздары бир тууганыбыздай.Устазыбыздын аты,эмгеги кыргыздын жана ислам тарыхында алтын тамгалар менен басылды.
+6
Mylatka..
2021-07-12 12:29:24
Суротун корсом да баянын уксамда ыйлап алам...Тарыхта бир жаралуучу инсан эле.Аллах сизди Бейиши мн сыйласын ажыке

.
+7
Dalil
2021-07-12 16:31:21
Өкүнүчтүүсү адам кандай экенин анын көзү өткөнчө түшүнбөйт экенбиз.
+1
Mubarak
2021-07-12 16:36:01
Ее жакшы маек болуптур
+2
brunette
2021-07-13 13:48:09
:'(
-1
brunette
2021-07-13 13:48:31
Эң сонун маек болуптур, аттиң...(
+1
Rakyl12
2021-07-13 16:08:55
Тарык эмес Тарик болсо керек эле.
-1
meni_kut
2021-07-14 09:41:44
Чубак ажыны бир гана кыргыз эмес Орто Азиянын элдери укчу, айрыкча Москвада курьер болуп жургондо байкадым, ташкенттик озбектер дайыма укчу..Ушунчалык даражасы бийик инсан болгон.
+6
CAPATAH
2021-07-15 22:42:30
Чын эле зээндуу бала экен. Атандай элдге пайдалуу адам бол. Атанын уулу. Ининди колдоп атандын ордуа кой.
+2
Бектурган
2021-07-16 04:12:53
Гүленчи болгонуңар өкүнүчтүү...
-4
Asmat84
2021-07-18 18:42:11
Карагылачы кандай гана керемет жан эле. Ушул убакка чейин Кыргызстанда ушул ажыкедей эч кимди жакшы көрө элек
+1
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан