Жабырлануучулар: “АКУШЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН НАРИСТЕЛЕРИБИЗДИ ЖОГОТТУК”

Биздин редакцияга төрөт учурунда жаңы төрөлгөн ымыркайынан, келинчегинен ажыраган жабырлануучулар №6 төрөтканада эмгектенген акушердин үстүнөн даттанып кайрылышты. Алар "дарыгердин ишине жасаган кош көңүл мамилесинен улам эң кымбат адамдарыбызды жоготтук" дешет.

“БАЛАМДЫН БАШЫ КЫСЫЛЫП КАЛЫПТЫР”

Гүлшайыр Арпачиева бир ай мурун төрөттө наристесинен айрылган эне, 33 жашта:

– Буга чейин 3 баламды Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун алдындагы клиникалык төрөт үйүндө (№6 төрөт үйү) толгоону чакыруучу уколдун жардамы менен өзүм төрөгөм. 4-балам боюмда барында жашаган жерим Нарын районунун Чаек айылында каттоого турдум. Мени караган дарыгерге “операция жолу менен төрөгөнгө Бишкек шаарындагы төрөт үйүнө багыттама жазып бериңиз” дегем. Ал макул болгон. Бирок багыттамага “операция жолу менен төрөткө” дегенди көрсөтпөй коюптур. Төрөгөнгө жакын калганда Бишкекке эртерээк келип, №6 төрөт үйүнө барып врачтарына жагдайды түшүндүрсөм, УЗИге жөнөттү. УЗИден “балада баары жайында” дешти. Бир акушер-гинекологго жолугуп, “кесарево жолу менен төрөтүп бересизби?” десем, ал “биринчи балаңды төрөп жаткан жоксуң” деп кагып-силкип койду.

2021-жылдын 5-июнунда толгоо башталып, аталган төрөтканага бардым. Бирок мени операция жолу менен төрөтүшкөн жок, кыйналып жаткан учурда акушер-гинеколог Гульнура Атакозуева акушерлер менен курсагымды сыгышты. Баланын башы көрүнө электе эле курсагымды сыгып, мени да, баланы да кыйнашты. Кыскасы, баламды сыгып төрөтүштү. Бала ыйлабай төрөлүп, аны дароо реанимацияга алып кетишти. Эки сааттан кийин баламды көргөнгө барсам башында дөмпөкчө пайда болуп калган экен, реанимациядагылар аны тарап кетет дешти. Дагы 2 сааттан кийин барсам, “баланын акыбалы оор, башы кысылып калган” деп айтты. Балам 3-күнү чарчап калды. Атакозуева күнөөнү мага оодарып, элдин көзүнчө “бул семиз экен” деп кемсинтти. Бул акушердин үстүнөн тиешелүү органдарга арыз жаздык, иликтөө иштери жүрүп жатат.

“СОТТУ КОЛГО АЛЫП КОЙГОМ ДЕП АЙТТЫ”

Бакытбек Касенов №6 төрөт үйүндө 32 жашында көз жумган Нургүл Имангазиеванын жолдошу:

– 2018-жылдын июнь айында багыттама менен Бишкектеги №6 төрөт үйүнө келинчегимди алып баргам. Бизди Гульнура Атакозуева кабыл алып, “август айында келесиңер” деди. 22-августта бизди саат 16:00гө чакырды. Барып операция жасала тургандыгын билдик. Келинчегиме ийне сайышты. Бирок ал операция жасатпайм, өзүм төрөйм деп чыкты. Ийне сайылгандан кийин жасалыш керек дешти. Саат 19:30да кыздуу болгонумду сүйүнчүлөштү. Саат 20:00дө Атакозуева аялымды көрсөтүп, "мындай операция 200 долларга жасалат, бул мурун да кардарым болгону үчүн 100 доллар берсеңер болот" деди. Мен сом менен 7000 бердим. Ал өз ишин жыйынтыктабай башка операцияга кирип кеткендиктен, келинчегимдин ичине кан толуп кеткен экен. Көрсө, бир кан тамырды буубай коюптур, 3 литр 100 миллилитр кан жоготкондуктан келинчегим комага түшүп калды. Ошол күнү кайра операция жасалды. Биз эки жактан донор издеп жаттык. Комада жаткан келинчегиме туура эмес операция жасап отурушуп 5 жолу жасашты. Көрсө, пландык деп коюп эле, эч нерсесин дайындабай экстренный операция жасашкан экен. Жыйынтыгында келинчегим каза болуп калды. Биз шалаакылыгы үчүн Атакозуеваны сотко бердик. Соттук териштирүү 3 жылдан бери созулуп келе жатат. Ал эми Атакозуева эч нерсе болбогондой иштеп жүрөт. Ал “колуңардан эч нерсе келбейт, сотту да колго алып койгом” деп ачык эле айтты. Өткөндө дагы бир келин Атакозуеванын шалаакылыгынын айынан каза болгонун уктук.

“БАЛА ЧАРЧАП КАЛГАНДАН КИЙИН КҮНӨӨНҮ ӨЗҮМӨ КОЙДУ”

Айжамал Анарбаева Гульнура Атакозуеванын айынан чарчаган ымыркайлар көп экен дейт:

– Бишкекте жашайбыз, 30 жаштамын. Биринчи төрөтүм болгондуктан элдин сунушу менен Гульнура Атакозуеваны тандап, аны менен сүйлөшүп койгонбуз. 2017-жылдын 17-январында толгоом кармап барсам, “толгооң күчөгөндө келесиң” деп кетирип жиберди. Кечинде толгоом күчөгөндө кайра бардык. Төрөт аябай оор жана узак болду. Баланын башы кысылып калган экен. Ыйлап төрөлгөн жок. Баланы 20 мүнөт аралыгында араң дем алдырышты. Ошондо баланын үнү чыкты. Дароо жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти. Ал жактан “төрөт учурунда суу жутуп алыптыр, башы кысылып калган, гипоксияга (кычкылтек тартыштыгы, тумчугуп калуу) чалдыккан” деп айтты. Балам 2 суткадан кийин чарчап калды. Жаш болгондуктан көп нерсени билбейт экенбиз. Бала чарчап калгандан кийин күнөөнү өзүңө коё башташат экен. Төрөт тарыхына “инфекция кирип кеткен, 42-аптада төрөлдү” деген сыяктуу толтура нерселерди жазып коюшуптур. Төрөткө чейин УЗИге барганыбызда баары жакшы дешкен. “Эгер кааласаңар балага экспертиза жасаткыла” дешти. Өзүбүз жаман акыбалда турганда андай кадамга бара алган жокпуз. Врач кеңеш катары 3 жыл балалуу болууну пландабай тургула деди. Бирок күтүүсүздөн 2 айдан соң кош бойлуу болуп калдым. Көрсө, эч кандай инфекция жок экен, алты саны аман кыздуу болдук. Учурда эки кызыбыз бар. 200 доллар берип, артык кылабыз деп, тыртык кылып алдык.

“ӨЗҮҢ ТИРҮҮ КАЛГАНЫҢА СҮЙҮН ДЕДИ”

24 жаштагы Роза Мадаминжанова балам ыйлабай төрөлдү дейт:

– Биринчи төрөтүм болгондуктан жашаган жерим Жалал-Абаддан Бишкекке келдим. Мурунтан көрүнүп жүргөн дарыгерим Гульнура Атакозуеваны сунуштагандыктан ага көрүнүп сүйлөшүп койдум. Ал 2021-жылдын 2-майында текшерип “эртең төрөйсүң, толгоо келип, ичиң ооруганда кел” деп үйгө жиберди. Эртеси толгоо келбеди. Гульнура эжеге телефон чалып толгоо келбей жатат дедим. Ал кайра “толгоо келгенде же суу кетсе кел” деди. Арадан 4-5 күн өткөндөн кийин кайра УЗИге бардым. Ал жерден суум аз экени жана баланын тону да эскирип баратканы белгилүү болду. Дароо төрөш керек болуп Гульнура эжеге чалсам “бүрсүгүнү кел” деди. 17-майда төрөтканага бардым. Ийне сайышып, толгоо башталды. “Азыр төрөйсүң, ыйын” деп жатышты. Баламдын башы чыкпай жатты. Ичимди Гульнура эже менен дагы бир врач катуу баскылады. Башы көрүнүп, бирок чыкпады. “Сени төрөткөнчө башка 10 аялды төрөтмөкмүн” деп урушту. Баланы сыгып алгандыктан ыйлабай төрөлүп, жандандыруу бөлүмүнө которушту. Мен баланы улам барып карап турдум. Атакозуева баары жакшы болот деп жаткан. Эртеси реанимацияда иштеп жаткан врач баланын абалы оор экендигин айтты. Башка жакка которуп кетүүгө да болбойт экен. Гульнура эже “баланын тону чирип кеткен, эми баары Кудайдан, биз врачтар күнөөлүү эмеспиз” деп койду. 19-майда түштөн кийин уулум чарчап калды. “Өзүң тирүү калганыңа сүйүн, дагы төрөп аласың” дешти. УЗИнин кагазында чарайна суусу аз экени жазылган. Аны карабай эле төрөтүп салышкан.

Биз материалды эки тараптуу чыгаруу максатында Гульнура Атакозуева менен байланыштык. Ал соттук териштирүү жүрүп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2021-07-12 13:18:57
Балее заман болдуго
0
Toktoshova
2021-07-12 15:55:14
Алкымы жаман акушер гникологдордун айынан канча адам жабыркап жатат.бекер иштебей эле турасынар го айлыкты алган сон жоопкерчиликтуу болушса.соттон кутулсан кутул бирок аллахтын алдына барасын акыретти ойлонгула ушуга окшогон акушерлер
+2
Altyn10076
2021-07-17 23:19:24
Ушул биздин акушерлер аман эле болушсун
0
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан