АКСЫДАГЫ СЕЛДЕН 8 АДАМ КАЗА БОЛДУ

12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол жана Ак-Жол айыл аймактарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 8 адам каза болду. Бул каргаша тууралуу жогоруда аталган айылдын тургундары, жакындарын жоготкондор айтып беришти.

“СЕЛ 8 АДАМДЫ АГЫЗЫП КЕТТИ”
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүдөй билдирүү таратты:
– Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында 2021-жылдын 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун сел каптаган. Жайлоого баруучу ички чарбалык жолду каптап, көпүрөлөрдү да агызып кеткен. Таштак айылында 2016-жылы туулган К.А. аттуу баланы агызып кетти.
Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду суу каптап, көпүрөлөрдү бузган. Мындан сырткары аталган айылдан 7 адамды (1958-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган Ш.Б.Т., 2009-жылы туулган
Ш.А.А., 2014-жылы туулган Ш.А.А., 2005-жылы туулган Т.П.Н., 2009-жылы туулган
О.Н.О., 2018-жылы туулган Т.Ф.Н.) суу агызып кетти. Башкача айтканда, 2 аял, 5 бала селге кеткен. Сел жалпы 8 адамды агызды. Анын ичинен 7 адамдын жансыз денелери табылып, 1 бала: 2016-жылы туулган К.А. табыла элек. Учурда ӨКМнын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жоголгон баланын денесин издөө иштерин жүргүзүүдө.

“БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨН 6 АДАМ КАЗА БОЛДУ”
Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылынын башчысы БАЗАРАЛЫ РАЙЫМБЕКОВ айттырбай келген кырсык боюнча буларга токтолду:
– Селдин кесепетинен Ак-Жол айыл өкмөтүнөн 7 адам каза болду. Анын ичинен 6 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул үй-бүлө жайлоодогу үйүндө отурушканда сел үйдү орду түбү менен алып кеткен. Андан сырткары ошол сел алган үйгө коңшу Эчкили айылынан 2009-жылы туулган бала мал айдап кетүүгө кетип, аны дагы сел агызып, каза болду. Сел алып кеткен үйдүн тегерегинде да бир-эки үй бар болчу, бирок сел аларга жеткен эмес. Сел өзүнүн жолундагы айылдын бир тургунунун үйүн да бузуп кеткен. Бирок анда жабырлануучулар жок. Эскерте кетсек, жамгыр айылга эмес, жайлоого жааган.

“5 КЫЗДАН КИЙИНКИ УУЛ БОЛЧУ”
Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Эчкили айылынын башчысы АЙДАРАЛЫ МЫРЗАГУЛОВ айыл элинин 70 пайызы издөө иштерине аралашты дейт:
– Селдин кесепетинен каза болгон 12 жашар бала 7 бир туугандын алтынчысы. Ата-энесинин 5 кыздан кийин көргөн баласы болчу. Өзүнөн кийин 5 жашар иниси бар. Маркумдун атасы Болотбектин айтымында, баласы экөө жайлоого мал айдап түшүү үчүн барган. Бирок жайлоодон ылдый түшүп келе жатканда аба ырайы бузулуп, жамгыр жааганда уулу үшүп кеттим дегенинен ошол жердеги ээн үйгө киргизип, өзү малдын артынан кырга чыгып кетет. Арадан 15 мүнөт өтүп малды кырдан айдап келе жатып, уулу кирип кеткен тамдын орду түбү менен жок болуп кеткенин көрөт. Баланын атасы ошол замат бизге кабар берди. Биз ӨКМга кабарладык. Баланын сөөгүн жапырт айыл тургундарынын жардамы менен кечки саат 23:00 чамасында таптык. Ал 13-июлда жерге берилди.

“5 ЖАШАР БАЛА ДА СЕЛДИН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУ”
5 жашар К.Анын аталаш агасы БЕКТЕНБЕК КОЧКОРОВ баланы табуу кыйын болуп жатат дейт:
– 12-июлда кечки саат 17:30дар чамасында Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында 4-5 бала сайга барып, таштарга секирип ойноп жүргөн. Суу ташкыны келгенде берки балдар жээкке секирип кетүүгө жетишкен. Ал эми иним кичинекей болгондуктан калып калган. Ошол жерде жүргөн жигиттердин бири чуркап барып, колунан кармайын дегенде сел жулуп кетиптир.
Бул капилеттен келген кырсык болду. Издөө иштери жүрүп жатат. Суу киргил болгондуктан баланын денесин табуу кыйын болууда. Кыскасы, табууга убакыт керек. Иним 5 бир туугандын төртүнчүсү эле.

“6 ЖАКЫНЫМДАН БИР УЧУРДА АЖЫРАДЫМ”
Бир учурда 6 жакынынан ажырап, кабыргасы кайышып турган НУРБЕК ШАЙЫМБЕКОВ бир нерсени сезгендей үй-бүлөмдү жайлоого жибергим келген эмес болчу дейт:
– Күтүүсүз келген кырсыктан улам апамдан, карындашымдан, эки жээнимден жана эки кызымдан ажырадым. Каргаша болгон күнү кыздарым жайлоого барып келели дегенинен бир нерсени сезгендей жибергим келген эмес. Жаңы гана тили чыгып келе жаткан 2,5 жашар кызым “ата, эшек минем” деп калды. Карындашымдын 2 баласы биздин үйдө жүрчү. Апасы аларды көргөнү келгендиктен аны “эс ала кет” дегем. Анын үстүнө жайлоодогу үйүбүз да алыс эмес, аралыгы 3 чакырымды түзөт. Күн алыс жайлоодогу үйгө барып, ал жактагы мал-жанга көз салып, кайра үйгө келчүбүз. Алар 12-июль күнү эртең менен кетишкен. Мен айылда жумуштарым бар болгондуктан калып калгам. Түштөн кийин бир аз жамгыр жаады. Кечке жуук жамгыр күчөгөндүктөн алар үйгө киришкен экен. Ошол учурда сайдагы сел келип, баарын алып кетиптир. Кечки саат 19:30 чамасында айыл өкмөттөн адамдар келип бизге угузушту. Дароо окуя болгон жерге жетип бардык. Үйүбүздү таштар басып калыптыр. Аман болсо экен деп барып, аларды таппай калдым. Айыл эли, туугандар, куткаруучулар келип, сөөктөрдү табышты. Бирок кичүү кызымдын сөөгүн 14-июлда жергиликтүү тургундардын жардамы менен таптык. Башыбызга адам көтөрө алгыс оор сыноо түштү. Бир учурда жакындардан айрылып калуу абдан оор экен. Күйүтүм жан чыдатпай жатат. 13-июлда кичүү кызым Фатимамдан бөлөгүн жерге бердик. Ал эми Фатима эртеси табылып 14-июлда жерге берилди. Улуу кызым быйыл 11-класска көчкөн. Негизи 6 балам бар. Минтип экөөнөн айрылып калдым.

"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты Аксыдагы селдин кесепетинен жакынын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.



Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан