КАМЕЛИЯ ГҮЛҮ

Камелия гүлү экзотикалык гүлдөрдүн катарына кирет, япон камелиясы, кытай камелиясы, тоо камелиясы деген түрлөрү бар. Мурда Кыргызстанда бул гүл сейрек кездешчү, акыркы убакта популярдуулукка ээ болууда. Камелия тууралуу гүл өстүрүүчү Гүлназ Эрматова айтып берет.

Өстүрүү шарттары. Гүл –5 градуска чейин суукка чыдай алат. Кышкысын 10-12 градус, жайында 20-25 градус температура керек. Нымдуу абаны жактырат. Абаны нымдоочу заманбап каражаттарды колдонсоңуз болот. 2,5-3 метр болуп бийик өсө алат. Күн чыгыш жана күн батыш терезелерге койгон жакшы.

Сугаруу. Жайында көбүрөөк, кышында азыраак сугарылат. Топурагынын үстүнкү бети кичине кургай баштаганда эле сугарып туруу керек, ашыкча сугаруу гүлдү жүдөтөт. Сууну чакага алып коюп, андагы хлору учуп, оор металлдары тунганда гана сугаруу үчүн колдонуңуз. Жамгырдын, кардын суусу да жарайт. Анда-санда жалбырактарына суу чачып койсоңуз да жакшы, бирок гүлдөп турганда суу чачпаңыз.

Топурагы. Даяр сатып алам десеңиз, азалияга ылайыкталган топурак аралашмасы жарайт. Кычкыл топуракты жактырат. Сайдын жуулган кумун жана перлит кошуп койсоңуз болот. Жакшылап аралаштырып, кичине “Осмокот” (жер семирткич, гранула) кошуп койсоңуз, анда гүлгө керектүү азык, микроэлементтер бар.

Которуу, көбөйтүү. Эрте жазда, өсүү процесси жүрүп жатканда, күн катуу ысып кеткиче апрелге чейин которгон жакшы. Негизинен 2-3 жылда бир которулат. Уругунан да, калемчесинен да өстүрсө болот. Калемчесинен көбөйтүүдө анын тамыр алышы 8-9 айга чейин созулушу мүмкүн. Ал үчүн теплицанын шарты керек. Уругунан өстүргөн мындан да машакаттуу. Үй шартында чаңдаштырса, урук албайт. Сыртта, бакчада гүлдөп турганда көпөлөк, аарылар келип конуп, ошондон чаңдашып урук түйүшү мүмкүн, ошондо уругунан өстүрсө болот. Бирок аябай көп убакытты талап кылат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан