Элнура Молдокадырова, блогер: “АБАКТА ЖАТКАНДА КЫРГЫЗ ТООЛОРУ ТҮШҮМӨ КИРЧҮ”

Бир кезде эшек этинин чуусу менен таанылган журналист Элнура Молдокадырова эсиңиздерде болсо керек. Ал учурда Америкада жашайт. “Мен өзгөрсөм – коом өзгөрөт” деп жаңылануудан коркпогон, аракетчил, өжөр кыргыз кызы менен АКШга кандай барып калганы, учурдагы иштери тууралуу баарлаштык.

“АМЕРИКАДА МҮМКҮНЧҮЛҮК КӨП”

– Чикагодо жашап жатканыма 3 жарым жыл болду. Башында тамак жеткирүү, такси кызматында иштедим. Кийинчерээк трак менен жүк ташуучу компания мени пиар-менеджерликке чакырып калды. Ишке кирейин деп жатканда “башканыкын эмес, өз компаниябызды жарнамалайын” деп мурунку жолдошум экөөбүз кеңешип трак компаниясын ачтык. Эки аптада трак айдоочулукка окудум. Албетте, оңой болгон жок. Азыр блогинг, иш-чараларды уюштуруу жана билим берүү долбоорлору менен алектенип жатам. Алгачкы долбоорум трейдинг (баалуу кагаздарды алып сатуу) боюнча болду. Акцияларды кантип алып сатыш керектигин 60тай адамга үйрөттүк. Онлайн дагы окутуп жатабыз. Бул жакта трейдерлер 2 саатта 2500 доллар табышат. Кыргыз, казак мигранттары качантан бери эле кара жумушта жүрүшөт. Ойду өзгөртүп, интеллектуалдык жол менен акча тапса эмнеге болбосун?

Учурда айымдарга басым жасап психолог менен тренингдерди өткөрүп жатам. Өзүм дагы ажыраштым. Бул этаптан өтүп жаткандарга жардам бергим келди. Андан тышкары америкалык биржада акцияларды кантип алып сатыш керек экенин үйрөнүп, муну менен алектене баштадым. Блогинг да кызыктуу иш. Акырындык менен Ютуб каналымдын катталуучулары көбөйүп жатат. Жарнама боюнча мекендештерибиздин компаниялары менен кызматташам. Орусиядан да кайрылышат. Ютуб, Инстаграмдан айына 5-6 миң доллар табам. Америкада мүмкүнчүлүк көп. Эмнени өзүңө ылайык көрсөң, кайсы жаатта болбосун иштей аласың.

“МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕРДИ КӨТӨРҮП БАШТАГАНДА АТАМБАЕВДИН “КУЙРУКТАРЫ” БИЛИНЕ БАШТАДЫ”

– Убагында аябай эле тобокелдикке барыптырмын (күлүп). Эшектин эти, “Ош базардагы” өлгөн малдын эти боюнча берүүнү тартканда килейген жигиттер келип бизди коркутчу. Биз ар нерсени айтып, тескерисинче, өздөрүн коркутчубуз. Кол көтөрүшсөчү деп жаман жагын ойлобоптурмун. Мен мыйзамсыз иштер боюнча темаларды көтөрүп баштаганда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин “куйруктары” билине баштады. Анан материалдарымды чыгарбай, жумушта куугунтуктоо башталды. Жолдошум (ред.: Ренат Самудинов, КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери) да ошол тапта Атамбаевдин айланасында көп нерселерди ачыкка чыгарып баштабады беле. Бизге УКМКдан, “каралардан” жана башка ар тараптан коркутуулар боло баштаганда тез аранын ичинде Кыргызстандан чыгып кеткенбиз. Америкада жыйынтыкка иштешет. Минтип жакшы кызматчысын куугунтуктабайт.

Америкага Мексика аркылуу келдик. Чек арада кармалып, абакка камалдык. АКШдан саясий башпаанек сурадык. Абакта кийилген кийимдерди кийүүгө, ар кандай типтеги аялдар менен жашоого туура келди. Бир жумада бир футбол талаасына чыкпасак, ар кандай оюн ойномой, сыналгы көрмөй, ырдап-бийлеп өзүбүздү алаксытуу менен алек болчубуз. Түрмөнүн китепканасында иммиграциялык мыйзамдар менен тааныштым. Миграциялык лагерде 8 ай жаттык. Анан сот процесси болуп, саясий качкын деген макам менен легалдуу түрдө Чикагодо жашап калдык. Негизи эле менин жашоомду китеп кылып жазса болот.

“ДАЙЫМА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БОЛУУНУ КААЛАЧУМУН”

– Мен Казармандан болом. Учурда 33 жаштамын. Байкем, эки сиңдим бар. Апам "Макмал" алтын кенинде иштеген. Атам курулуш иженери. Азыр экөө тең бизнес тармагында. Алар нөлдөн бутка турушту. Атам мага дайыма чектелүү гана акча берчү. Эгер акчаны ченебей берсе, иштөө оюма келмек эмес да. Дайыма көз карандысыз болууну каалачумун. Ошондуктан 16 жашымдан тартып сатуучу, промоутер, бармен, официант, айтор, көп жакта иштегем. Атам “ар дайым оку, изден” деп эле айта берчү. Азыр мен китеп окуганды, укканды жакшы көрөм. Менин философиям – мен өзгөрсөм, коом өзгөрөт. Дайыма изденүүдөмүн. Азыр психологияны окуп жатам.

Мектепти бүткөндө ата-энеме журналист болгум келет десем тандоомду колдошту. Чечимди дайыма өзүбүзгө койчу. Негизи балдарга кеп-кеңешиңди берип, чоңоюп калганда өз жайына коюш керек экен. Аракет кылат, жаңылышат. Бирок өз алдынча болуп, көп жыйынтыкка жетет, 40-50гө чыкканча ата-энем эмне дейт деп жүрө бербейт.

“АЗЫР ӨЗ ЖАШООМДУ КУРУУ ЖОЛУНДАМЫН”

– Мен тандоону өзүм жасайм. Аракетиме, катама, ийгилигиме баарына өзүм жооп берем. Отуруп алып “Элнура, эмнени каалайсың?” деп өзүмдөн сурайм. “Атам минтип айткан, күйөөм тигинтип айткан” деп бирөөнү күнөөлөбөй, жоопкерчиликти өз моюнума алам.

Бардык эле адам баш кошуп жатканда өмүр бою ушул киши менен жашайм деп ойлойт. Бирок жашоодо ар кандай болушу мүмкүн экен. Мен деле жолдошум менен өмүрүм өткөнчө жашайм деп ойлогом. Көрсө, жашоодо канчалык бири-бириң менен келише аласың, ошого жараша болот экен. Баары жашоону куруп жаткан эки адамдан тең көз каранды. Экөө бири-бири менен келише албай калса, анда өз жолдору менен кеткени оң. Ата-энем, эл эмне дейт деген болбойт да. Биз келише албай калдык. Анан балдар жокто эки жолго түшөлү деп эртелеп ушундай чечимге келдик. Азыр өз жашоомду куруу жолундамын. Мен бирөө менен да, жалгыз да жашай алам. Биринчи кезекте өзүңдү таанып, анан турмуш куруш керек экен. Эгер сен өзүңдү жакшы таанысаң, башка адамдарды тааный аласың.

“МУРДА ОЮМА КЕЛБЕГЕН ИШТЕРДИ ЖАСАП ЖАТАМ”

– Кыргызстанды, ата-энемди сагынам. Бирок азырынча бара албайм. Ата-энемди бул жакка чакырсам же жок дегенде Казакстанга чейин барып келсем деген оюм бар. Мекениңди сагынбай коё албайсың. Түрмөдө жатканда кыргыз тоолору түшүмө кирип ойгончумун. Азыр айтып жатканда да дене боюм дүркүрөп кетти.

Америкада жашаган 4 жыл ичинде жашоомдо эмнелер гана болгон жок. Мурун тажрыйбасыз, чектөөлөр, стереотиптер, эски көз караш менен жашасам, азыр андай эмес. Менде азыр кыла албайм деген нерсе жок. Колумдан бардык нерсе келет. 4 жыл ичинде миллиондор жүгүргөн эки компанияда пиар менеджер, эсепчи да болдум. Мурда оюма келбеген иштерди жасап жатам. Өзүңдү чектей берүүнүн кереги жок, жашоодо баарын жасоого мүмкүн. Кеңири кыялданып, пландаш керек. Бул жакка келгенде шаарды билбей эле таксист болгом. Кардарларды салып алып адашып да кеткен учурлар болгон. Бул жакта адамдар аябай кичи пейил, ажылдап урушпайт, алдыңдан жөөлөп өтүп кетпейт, “ой, сен кызсың да” деген гендердик теңсиздик жок. Дайыма бири-бирине сый мамиле кылышат. Адамдын оюнан да көз каранды дейт го. Балким, мен оптимист болгонум үчүн жалаң жакшы адамдар кезигет. Оптимизм – бул интеллектуалдык тандоо. Наалый берсең жашоо ошого тартат. Кудайга тобо келтирип, шүгүр кылсаң баары каалагандай болот.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ayzhan12
2021-08-02 09:59:35
Ушул кыз абдан сулуу, жагымдуу. Өзгөчө узун чачы абдан жагат, өзүнө көңүл бурдуруп, жарашыктуу көрк берип турат. Кыздарыбыз сулуу болушсун. Сизге Ийгилик каалайм, ийгиликке карай жолуңуз оңой жана тез болсун! Баары пландаштырылгандай болсун, сиздин күчтүү жана талантыңызга ишениңиз, тайманбастан алдыга жылыңыз. Сизге оптимизм жана күч каалайм, сиз бардык тоскоолдуктарды жеңип, каалаган максатыңызга жетесиз деп ишенем! Коркпоңуз, бардык көйгөйлөр артта калат жана сиз эң сонун ийгиликке жетесиз
-6
KaGaH
2021-08-02 13:42:43
ayzhan12,чачын жайып сулуу болуп жур деп кой)))
+7
Pankration_MMA
2021-08-02 16:22:17
KaGaH,чачты койо берип дейт)))))
+5
Sara1993
2021-08-04 14:19:22
ayzhan12, Менин оюм боюнча сен соссуз турдо психологго корунушун керек пока отушуп кете электе же вообще эле больницага жатып дарыланып чыгаааарсын, баардык катталуучулар акча чогултуп берели.
+2
Mubarak
2021-08-02 13:05:42
Аябай кучтуу айым екен
+8
gulia90
2021-08-02 22:54:27
Молодец, чектоо бул только биздин мээбиздин ичинде гана. Ийгилик, ото кучтуу айымдардын бири.
+1
ashuular_plus
2021-08-03 08:13:10
Америкада жашаган кыргыздарга жакпайт экен бул кыз деп көп угам. Жолдошу экөө тең начар адамдар деп бир кулагым чалды эле... Бирок, менин ишим эмне? Чын жүрөктөн баары бир!..
+3
Datka7777
2021-08-03 10:59:29
Ринатты куйрука тепкен экен да сшага жеткенде
+5
manatova
2021-08-06 12:27:34
Сонун кыз. Ийгилик. кыздарыбыз кыйын негизи
0
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан