Бусурманкул Абдибаит уулу, мушкер: «ХАБИБДИН МАМИЛЕСИ МАГА ЧОҢ ДЕМ БОЛДУ»

Белгилүү кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу эми EFC`нин (Eagle Fighting Championship) чемпиону. Ал 3-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн EFC-38 турниринде атаандашын жеңип, Хабиб Нурмагомедовдун колунан чемпиондук курду тагынды. Көп жылдык эмгек, тер төгө машыгуулардын акыбети кайтууда. Спортчуну титулдук беттештен кийин кепке тарттык.

– Куттуктайбыз! Чемпион болгондон кийинки сезимдер менен бөлүшө кетсеңиз.

– Мендеги сезимдерди сөз менен жеткире албайм. Эң негизгиси, жакындарыма, кыргыз элиме, күйөрмандарыма жакшы маанай, жеңиш тартуулаганыма абдан кубанып турам. Элимдин мага күйөрмандык кылганын, колдоосун сезип турдум. Мага аябай дем-күч берди. Беттеште үй ээси болуп ээн-эркин мушташтым. Ушул жеңиш үчүн мен 10 жылдап тер төктүм. Жаракат алдым, барчылык, жокчулук, ар кандай көйгөйлөр болду. Бирок максатсыз жашоодон коркуу керек. Кичинекей кезимден мыкты спортчу болом деген максатым бар болчу. Ошого карай келе жатам. Жашоодон эмне тапсам, баары спорттун арты менен келди. Дагы бир жолу төрөлсөм деле спортчу болмокмун.

– Руслан Яманбаев оңой атаандаш болгон жок, беттеш кандай болду?

– Ар бир беттештин өзүнүн кыйынчылыгы бар. Сырттан карап эле жеңил болду деген болбойт. Артында даярдык, салмак кубалоо деген бар, 13-14 килограмм салмак кууйбуз. Андан кийин кайра калыпка келүү керек. Ооруп калбаш керек. Врач, диетолог, машыктыруучулар, айтор, аркамда чоң команда бар. Беттешке чейинки процесстерим аябай оор болду. Каршылашым Руслан Яманбаев КМШда алдыңкы уюмдарда беттешип жүргөн абдан тажрыйбалуу мушкер. Мен үчүн олуттуу атаандаш болду.

ТИТУЛДУК БЕТТЕШКЕ КАРАЙ ЖОЛ

– М-1 Global`да 4 беттешти утуп, чемпиондук курга талапкер болчумун. 1-2 жолу беттеш пандемияга байланыштуу жылдырылган. Кийин эмнегедир турнирлерди өткөрбөй калды. Бул уюм менен келишим аяктаган соң ар кандай уюмдардан сунуштар түштү. Ага чейин дүйнөлүк мыкты ММА менеджерлеринин бири болгон Саят Абдрахманов менен келишим түзгөнбүз. 7-8 ай мурун EFC уюму “бир беттешти утсаң, мушташ бизге жакса кийинкиң титулдук болот” деп жакшы келишим сунуштады. Машыктыруучулар, менеджерим болуп чогуу отуруп кеңештик. EFC менен келишим түзүп Краснодарда беттешке чыктым. Ал кеченин мыкты беттеши деп бааланып EFC`нин тарыхында биринчилерден болуп акчалай сыйлык алдым. EFC дүйнөлүк орду бар уюм. Океандын ары жагына барып беттешүүмө трамплин болуп берет.

“ОЙЛОП ЖҮРГӨН МАКСАТЫМ ИШКЕ АШТЫ”

– Польшада, Швецияда, орусиялык М-1 Global`да беттешке чыгып жүргөндө “Кыргыз жергесинде да ушундай чоң турнирлер өтсө, ошол турнирден негизги беттешке чыгып, элиме жеңиш тартууласам, элим жеңишимди түз эфирде эмес, жеринде көрсө” деген каалоом бар болчу. Ойлоп жүргөн максатым ишке ашты. Краснодардагы беттешим уюмдун жетекчилигине жагып, Кыргызстанда турнир өткөрүүнү пландашты. Турнирди уюштурууга патриот кыргыз жигиттери жардамдашып, өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдө жакшы деңгээлде өттү. Хабиб Нурмагомедов өзү мага күйөрмандык кылып отурду. Краснодарда да күйөрмандык кылган экен. Бул да мага чоң дем болду.

“ТУРНИРДИН КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИНДЕ ӨТКӨНҮ ТУРИЗМГЕ ЧОҢ ПАЙДА”

– Спорт, маданият элди бириктирип, мамлекетти чет элге таанытат. Турнир үчүн өлкөгө ММА жылдыздары келишти. Аларды социалдык тармактарда дүйнө жүзү карап турат. Алар аркылуу өлкөбүз таанылып жатат. Мунун туризм тармагына чоң пайдасы бар. “Бул жакка келбесек каякка барабыз?..” деп келген спортчулар абдан ыраазы болуп кетишти. Мени сүйүндүргөнү – беттешти көргөнү Орусиядан, Казакстандан мекендештердин келгени. Бир адам “сен кыргыздын желегин көтөрө турган жигитсиң!” десе, канча дем? Бүтүндөй элдин колдоосу – бул өтө чоң жоопкерчилик. Чарчабай эле иштей бергенге татыйт.

UFC ЖАНА ХАБИБ ТУУРАЛУУ

– Хабиб менен мамилебиз жакшы. Беттештен кийин тажрыйбасынан бөлүшүп, кеңешин айтты. Мындан ары да жакшы мамиледе болобуз деп ойлойм. “Эки жолу титулуңду коргосоң, UFC`ге киргизем” деп сөз берип жатышат. Эми өзүмдүн менеджерим бар. Балким, коргобой эле кирип калам. Азыр командабыз чогуу отуруп кеңеше элекпиз. Беттештен кийин менеджерим менен сүйлөшкөнүмдө Араб Эмираттарында жакында өтө турган UFC турнирин караштырып жатканын айтты.

“КЫЗЫМ МАГА ЖАКЫН”

– Уулум 2 жарым жашта. Кызым мен беттешке даярданып жүргөндө 1 жашка толду. Кыз киши аябай атага жакын болот экен. Бир башкача сезим. Кээде чет өлкөдө сборго кеткенде 3-4 айга чейин көрүшпөй калган учурлар болот. Ушул беттеш алдында 25 күн үйдө болгон жокмун. Келсем кызым куса болуп, уктабай ыйлап калыптыр.

Жубайым Ысык-Көлдүн кызы. Үй-бүлөм спортко тоскоол болбойт. Жакындарым мени түшүнөт. Ар дайым колдоо көрсөтүшүп, мени өздөрүнөн да жакшы карашат. Балдарга дагы “атаңдын уктоо убактысы” деп үйрөтүпчү (күлүп). Алардын колдоосу – ийгиликке жетип жатканымдын себепчиси. Ата-энем батасын берип “аман болсоң болду. Жаракат албай жакшы мушташ, атаандашыңды да ая” деп боор ооруп турушат (күлүп).

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Хабиб Нурмагомедовдун турниринде чемпион болгон Бусурманкул Абдибаит уулу менен маек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-08-16 10:50:11
Азаматсыңар!
+1
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан