ЭЛИ ӨГҮЗ МЕНЕН ЖЕР АЙДАП, НАСЫБАЙ, ТАМЕКИ МЕНЕН ЖАН БАККАН КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫ

Кайыңды – Кыргызстандын эң четинде жайгашкан, бийик тоолордун ортосундагы чакан айылдардын бири. Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө карайт. Бир жагынан Өзбекстан, экинчи жагынан Тажикстан менен чектешип турат.

Айылындагы жашоо, айылга байланыштуу жүрөк өйүткөн маселелер тууралуу айылдын активисти Исираил Казыпаев айтып берди.

АЙЫЛ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кожолуктун (түтүн) саны – 270

Үйлөрдүн саны – 120

Калкынын саны – 1020 адам

Айдоо аянты – 9 гектар

“МЕКТЕП КУЛАП ТҮШКӨНҮ ТУРАТ”

– Айыл райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бир маалым кат же башка документ керек делсе ошончо жол жүрүп райондун борборуна барууга туура келет. Айылда такси жок, маршруттук такси менен 2,5-3 саатта жетебиз. Анткени аңгыл-дөңгүл болгон өмүрү асфальтталбаган таштак жол. Маршруттук такси 1 күндө бир эле жолу каттайт.

Айылда карыган ата-энесин караган гана жаштар калбаса, калгандары иштеп акча табуу үчүн шаарларга, чет өлкөлөргө кетип калышкан. Андыктан орто жаштагылар, карылар көп.

Айылда ФАП, чакан клуб, 2 дүкөн, балдар бакчасы, айылдык китепкана бар. Мектеп 3 корпустан турат. Баары ылайдан ашар жолу менен салынган. 1-корпус 1976-жылы, 2-корпус 1986-жылы, 3-корпус 2004-жылы салынган. Дубалынан жарака кетип, кулап калуу коркунучунда. ӨКМ балдарды окутканга болбойт деп тыянак чыгарып берген. Арга жок болгондуктан Кудай сактасын деп эл балдарын ошол мектепке жибергенге аргасыз. Жылда эле жаңы мектеп салынат дешет, бирок алигиче салына элек.

“КӨМҮР БИЗДЕ АЛТЫНГА ТЕТЕ”

– Деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктиктен өйдө жайгашкан айылдар бийик тоолуу айыл категориясына киргизилет. Бирок биздин айылдын башталыш жери деңиз деңгээлинен 1900 метр, ортосу болсо 2000 метр бийиктикте жайгашкандыгына карабай аталган категорияга киргизилбей келе жатат. Эгер киргизилсе жашоочулар пенсияга эртерээк чыкмак.

Буудай эгүүгө жер жок. Унду, буудайды сатып алабыз.

Көмүр эң оор маселебиз. Бизде 6-7, кээде 8 ай кыш болот. Көмүрдү биздин жаман жолдор менен ушунча алыстыкка алып келүү кыйын. Ошондуктан 1 тоннасы кышында 12 000 сом болот. Башкача айтканда, 1 килограммы 12 сомду түзүп калат. Көмүр биз үчүн алтынга тете.

“БАШКЫ КИРЕШЕ БУЛАГЫБЫЗ – НАСЫБАЙ, ТАМЕКИ”

– Айылда айдоо жерлердин жалпы аянты болгону 9 гектар. Андыктан кожолуктарга үлүш жерлер 10-20 сотыхтан эле тийген. Ал жерлерге жүгөрү, насыбай, тамеки, картошка эгишет. Тамекини уругун өндүрүп, парникке сээп өстүрүп алып, анан көчөтүн май айында үлүш жерлерге тигебиз. Жайы менен карап, түбүн жумшартып, убагында отоп, сугаруу керек. Азот жана башка жер семирткичтер да убагында берилет.

Сентябрда тамеки бышат, ошондо түбүнөн орок менен оруп алып келип, жиптерге асып илебиз. Бир аптадай убакта кургайт. Бычак менен жалбырактарын кесип алып, дыкаттык менен жыйнап, каптарга салабыз. Райондун борборундагы базарга алып барып сатабыз. 1 килограммы 200-260 сомду түзөт. Эң арзан дегенде килограммы 150 сом болот.

Үлүш жери чоңдор тамекиден 1 тоннага чейин түшүм алышса, жери аздар 200-500 килограммга чейин алышат. Кээ бири күздө сатпаса үйүндө сактап коюп, качан акча керек болгондо сатат.

“ӨГҮЗ МЕНЕН ЖЕР АЙДАЙБЫЗ”

– Айыл тоо ичинде жайгашкандыктан аң-дөң болуп трактор көп жерлерде жүрө албайт. Андыктан ар бир үй-бүлө илгеркидей өгүз менен жер айдайбыз. Минтип жер айдоону балдар, аялдар да өздөштүрүп алышкан.

Жазгы талаа иштери башталардан 2 ай мурун 2-3 жаштагы өгүздөрдү семиртип багабыз. Жаз келип, кар кете баштаган кезде аларды күлүк ат таптагандай эле таптай баштайбыз. Өгүздү жата албай тургандай байлайбыз, алар туруп уктай башташат. Жем-чөбү кечинде гана берилет. Ушинткенде гана өгүздөр чыдамкай болуп, соко тартат.

Өгүз менен 1 күндө 7-8 сотых жер айдаса болот.

“БАЗАРГА БАРУУ ҮЧҮН АНКЛАВ АРКЫЛУУ ӨТҮП, 90 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ ЖҮРӨБҮЗ”

– Элде эң бай дегендерде 50-60 кой, 5-7ден уй бар. Калгандары 20-30дан кой, 1-3төн уй, жылкы, эчки багышат. Акча керек болгондо мал сатабыз. Малдын эт, сүтү негизги азык болуп, жан сактатат.

Мал сатуу, ошондой эле башка керектүүлөрдү сатып келүү үчүн райондун борборуна барууга туура келет. Сох анклавынан паспорт менен өтөбүз. Малды болсо 50 сомго ветеринар жазып берген маалым катты көрсөтүп алып өтүү керек. Эгер мал өтпөй калса алып келип, кийинки базарда кайра алып баруу керек. Ошондуктан айрымдар арзан болсо деле сатып ийишет. Ишемби, жекшембиде Сох постунан өтө турган эл көп болгондуктан кээде 1-2 саат кезек күтүүгө тура келет.

Анткени Баткен районунун бир нече айылы Сох анклавынан ары жайгашкандыктан ошончо айылдын эли райондун борборуна пост аркылуу өтөт.

Мал күздө жайлоодон түшкөндөн кийин Тажикстандын тургундары ал жерлерге малын жайышат. Жылда ушул көрүнүш. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Ушинтип жүрүп отурса бир күнү тажик тарап биздин жер деп чыкпаса болду.

“АЮУ МЕНЕН ИЛБИРСТЕН БАШКАСЫНЫН БААРЫ БАР”

– Айылдын тегерек-чети токой, тоо менен курчалган. Дарыя бойлой кайыңдар өсүп турат. Ошондуктан айыл “Кайыңды” аталып калган. Кышы-жазы менен карышкыр, чөө малга кол салат. Үйдө мылтык кармоого уруксат жок. Айлана-чөйрөдөн жапайы жаныбарлардан аюу менен илбирстен башкасынын баарын учуратасың.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-08-18 13:34:37
1000 адамга 9 гектар жер ошол менен деле тиричилик кылса болот экен го. бизде бул жер бир эле кишиники ошого да ыраазы болбой көрүнгөн жерден өздөштүрүп ээлеп алгандар көп.
-1
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан