Нарын облусунда үрөй учурган оор кылмыштын бети ачылды. Анда кылмышкер аялын “малды короого киргизип койбопсуң” деп айыптап сабап, үйүндө мыйзамсыз колдонуп жүргөн мылтык менен атып салган. Октон алган жаракаттан аялы көз жумган. 5 бала апасыз калды. Окуянын чоо-жайын териштирип көрдүк.
“ЭЛГЕ ЖҮРӨГҮ ООРУП КАЗА БОЛДУ ДЕП АЙТКАН”
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы төмөнкү маалыматты таратты:
– Үстүбүздөгү жылдын 19-май күнү саат 21:00 чамасында Нарын облусунун
Эмгекчил айылынын тургуну 1982-жылы туулган А.К. аттуу жаран жубайы 1978-жылы туулган Алмагүлдү “уйду мал короого киргизип койбойсуң” деп урушуп, башына, колуна муштап, санына тепкен. Көп өтпөй саат 23:30 чамасында ашканада буга чейин мыйзамсыз сактап жүргөн куралын октоп, аялы Алмагүлдүн сол тарабына аткан. Алган жараатынан улам аял окуя болгон жерде каза болгон. А.К. аттуу жаран кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында аялын жүрөк оорусунан каза болду деп, 22-майда каада-салт боюнча жерге берген. 5 бала апасыз калды. Айыпталуучу А.К. билими жок, 2-топтогу майып, эч жерде иштебейт. Буга чейин 2008-жылы Кочкор райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүмү (ок атуучу курал, ок-дары, жарылуучу заттар жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу түрдө кесилген. Бул жолу Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (киши өлтүрүү), 253-беренесинин 1-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү) менен айыпталууда. 2021-жылдын 28-майынан бери камакта.
“МАРКУМДУН СӨӨГҮ КАЙРА КАЗЫЛЫП АЛЫНДЫ”
– Нарын шаардык сотунун 26-майдагы чечиминин негизинде маркум Алмагүлдүн өлүмүндөгү шектүү жагдайлар эске алынып, 27-майда маркумдун сөөгү казылып алынып медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Анын натыйжасында А.К. аттуу жаран аялын атайылап атып, жабырлануучу атылган октон улам көз жумганы аныкталды. Ошондой эле айыпталуучу “ИЖ-18ЕМ” үлгүсүндөгү ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөнү далилденген. Жазык иши каралып жатканда айыпталуучу алгачкы көрсөтмөсүндө аялы менен уруш-талаш болбогонун, жубайы ок атуучу куралды жер төшөктүн алдынан алып жаткан учурда атылып кетип каза болгонун айтып, окуяны бурмалоого аракет кылган.
“ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАГА ЖИБЕРИЛДИ”
– Соттук отурумда айыпталуучу А.К. күнөөсүн моюнуна жарым-жартылай алды. Анын айтымында, мылтыкты октоп жатканда ок атуучу курал кокусунан атылып кеткен. Андан аялы жаракат алып, ошол жерде каза болгон. Ал эми мылтык ага чоң атасынан калган. Аны мыйзамдаштырган эмес. Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу тергөөчүнүн токтомун толугу менен колдоду. Ошондой эле соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусу боюнча айыпталуучу психикалык жактан жабыркаганы, өзү жасаган аракеттеринин маанисин түшүнбөстүгү жана башкара албастыгы аныкталганын көрсөттү. Мындан улам аны Жазык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмү (акыл-эси жайында эместик) менен жазык жоопкерчилигинен бошотууну, Жазык-процесстик кодексинин 473-беренесинин 1-бөлүмүнө (медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу соттун токтому) ылайык ага карата козголгон жазык ишин кыскартууну жана Жазык кодексинин 117-беренесинин 3-пунктунун (медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү) негизинде күчөтүлгөн байкоого алуу менен Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык мекемесине госпиталдаштырууну сураган. Жыйынтыгында Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (киши өлтүрүү) жана 253-беренесинин 1-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен айыпталган А.Кнын жазык иши Жазык-процесстик кодексинин 473-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык өндүрүштөн кыскартылып, ал күчөтүлгөн байкоого алуу менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык мекемесине мажбурлап дарылоого жөнөтүлмөй болду. Чечим 2-августта кабыл алынган.
“5 БАЛАНЫ КИМ КАРАЙТ ДЕП ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРИШТИ”
Аталган кылмыш ишин тергеген Нарын РИИБинин тергөөчүсү Айпери Субанбекова редакцияга төмөнкү маалыматтарды берди:
– Аталган айылда “аял жүрөгү ооруп каза болуптур” дегенди укканда эле биз барып А.Кнын бир туугандарын суракка алганбыз. Алар “келинибиз 3 айдан бери жүрөгү ооруп жүргөн” деп айтышты. Биз кошуна-колоңдорунан сурап, иликтеп баштаганда шектүү жагдайлар пайда болду. Сөөк жуугандардын бири аялдын ок тийген жараатын байкап калганын билдирди. Ыкчам топ менен биз окуя болгон Кара-Кужур өрөөнүндөгү сарайга бардык. Ал жакта айыпталуучу А.Кнын кошунасы түнү октун үнү жаңырганын уктум деди. Айыпталуучуну РИИБге алып келип сураганда окуяны ар түрдүү айтып жатты. Биз соттон маркумдун сөөгүн казып алууну сурандык. Эксперттер маркум өлөргө чейин сабалганын, тийген октон көз жумганын тастыкташты. Сот иштеринин жүрүшүндө маркумдун туугандары күйөө баласына “дообуз жок” деп тосмо арыз жазып беришти. Анткени “ортодо 5 бала бар, атасын каматып жиберсек аларды ким карайт?” дешиптир. Учурда 5 баланы атасынын бир туугандары карап жатышат.
Жабырлануучу тараптын өкүлү, маркумдун эжеси Назигүл айымга байланышканыбызда, ал окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Лунара Бекиева