ЖАШЫЛЧАЛАРДЫ ЖЕР ТӨЛӨДӨ, ОРООДО ТУУРА САКТОО ЫКМАЛАРЫ

Күздө жашылчалардын түшүмү чогултулат. Эми алдыдагы максат – мээнет менен багып-өстүргөн жашылчаларды кышка сактап, тамак-ашка колдонуп, ашыгын сатып үзүрүн көрүү. Туура эмес сакталса чирип, өнүп же соолуп калып, мээнет текке кетет. Жашылчалар жакшы сакталышы үчүн жер төлөнү дезинфекциялоо, жер төлө жок болсо ороо казуу кажет. Бул жаатта Кыргыз улуттук агрардык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүү кафедрасынын доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты Курманжан Осмоналиева берет.

ЖЕР ТӨЛӨНҮ ДАЯРДОО

Айыл жергесинде көпчүлүк жашылчалардын баарын бир жер төлөдө сактоого аргасыз. Аларды сактоо үчүн жер төлөнү кантип даярдоо керек?

- Өткөн жылдан калган таштандыларды сыртка чыгарып, ичин тазалаңыз.

- Жашик, текче, себеттерди сыртка алып чыгып, шамал тийген көлөкө жерге жайыңыз. Күнгө койсо ным жер төлөдөн чыгарылган жыгач текчелер көөп кетет.

- Жер төлөнүн ичин шамалдатып кургатыңыз.

- Дезинфекциялоо. Жер төлөнүн дубалдарын, шыбын 2 килограмм акиташ, 1 килограмм жез купоросу, 150 грамм туз, 10 литр суудан турган аралашма менен валикти колдонуп актап чыгыңыз же аралашманы пульверизатор менен чачыңыз. Текчелер, жашиктер жез купоросу, формалин же калий перманганаты (марганцовка) менен тазаланат.

Минтип дезинфекциялоо өзгөчө жер төлө дайыма ным тартып, вентиляция жок же начар болуп, ушундан улам грибоктор чыгып кеткен учурда керек. Грибоктон улам көк баскан жерлерди алгач щётка менен тазалоо кажет. Дезинфекциялоо үчүн күкүрт шашкисин колдонсо да болот. Аны күйгүзгөндө түтөп, бактерия грибокторду өлтүрөт.

Дезинфекциялоо иши жышылчаларды жер төлөгө салардан 15-30 күн мурун жүргүзүлүп, анан кайра жер төлө шамалдатылып жыт чыгарылат.

- Чычкандар жер төлөгө кире албай тургандай эшик-терезеси тыгыз жабылып, тешиктер бүтөлүүсү кажет. Жер төлөгө чычкандар кирип кетсе жыты оңою менен кетпейт. Анын жытын жашылчалар, өзгөчө капуста өзүнө сиңирип алат.

ЖАШЫЛЧАЛАРДЫ САКТООГО ДАЯРДЫК

Кышкыга деп эл көбүнчө картошка, сабиз, кызылча, түрп, капуста, ашкабак, пияз, сарымсак сакташат. Буларды сактоого кантип даярдык көрүү кажет?

1. Ар бир жашылчанын сортторун өзүнчө сактоо кажет. Анткени ар сорттун сакталуу мөөнөтү ар башка. Сорттогондо чоңун, орточосун, кичинесин өзүнчө бөлүү туура. Картошканын үрөнгө дегендерин да өзүнчө коюңуз. Чириги, кесилген жерлери барларын алып салыңыз. Чириги бары башка жашылчаларды да чиритет.

2. Жашылчаларды шамал тийген көлөкө жерге кургатып алуу керек. Картошканы күнгө кургатса анда уулуу солонин заты жаралып, сырты жашыл тартып калат. Мындай картошка жегенге жарабайт. Сабиздин сабагын түбүнөн 2-3 сантиметр калтырып кесип кургатуу талап кылынат. Пияз жашыл сабагы менен сакталса бат эле чирип кетет. Капустанын өзөк тамыры кыркылбайт.

3. Сарымсакты сабагынан өрүп сактайм дегендер сабагын кыркпашы керек.

ЖЕР ТӨЛӨГӨ ЖАЙГАШТЫРУУ

Жашылчалардын баарын бир жер төлөдө сактоодо аларды туура жайгаштыруу керек.

Картошка. Мунун жанына сабиз, кызылчаны коюп сактаса болот. Анткени баары бирдей нымдуулукту талап кылат. Эгер орун тар болсо анда картошканын үстүнө кызылчаларды тизсеңиз болот. Кызылча ашыкча нымды өзүнө сиңирип, картошканын чиришинин алдын алат.

Картошканы мүшөккө, торчо мүшөккө, жыгачтан жасалган кадимки жашикте, манеждей кылып жасалган чоң жыгач жашиктерде сактоого болот. Мүшөккө салганда салмагы 25 килограммдан ашпашы зарыл. Бул көтөрүп ташууда оордук келтирбейт.

• Сабиз менен кызылчанын жанына капуста, пияз, түрп, ашкабакты сактоого болот.

Сабиз. Муну пластмасса жашикте сактоо оң. Жашиктин түбүнө клёнка төшөлүп, үстүнө дарыядан алып келинип, тазаланып кургатылган кум салынып, анан сабиздер бир катар тизилет. Кайра үстүнө кум салынып, сабиз тизилет. Ушинтип жашик толтурулат. Акыркы катардын бети кум менен жабылат. Кышында бетиндеги кум кургабай ным болуп турушу шарт. Кургап баратса суу чачып нымдоо керек. Ошондо сабиз соолубайт.

Эгер сабизди полиэтилен мүшөктө сактайм десеңиз аны жерге эле коюп коюңуз. Анткени жерден нымды соруп сабиз жакшы сакталат. Болгону мүшөктүн ар жерин мык менен тешип коюу зарыл. Бул аба алмашып турушу үчүн керек.

Түрп. Муну сабиз сыяктуу кум салынган пластмасса жашикте сактаңыз.

Кызылча. Пластмасса жашикте сактаса болот.

Ашкабак. Булар текчелерге тизилип коюлат.

Пияз. Тор мүшөккө салып, өйдөгө асып сактаса болот. Же мүшөккө салып, алдына тактай төшөп туруп үстүнө коюңуз.

Сарымсак. Сабагынан өрүп же тор мүшөктөргө 5 килограммдан салып өйдөгө асып койсо болот.

Сарымсак үчүн жер төлөдө нымдуулуктун проценти 95тен ашпай, кемибей турушу зарыл. Андан ашса бат өнөт, андан аз болсо кабыгынан ажырап кетет.

Капуста. Муну өзөк сабагынан же тамырынан өйдөгө асып сактаса, же текчелерге тизип, же жыгач жашиктерге салып сактаса болот. Айрымдар капрон тор мүшөккө салып илип коюшат.

Жашылчалар салынган жашиктер дубалдан 15 сантиметр алыстыкта туруусу зарыл. Жашиктердин катар аралыктары да 15 сантиметрден болушу шарт. Бул абанын калыптагыдай айланышын шарттайт.

Эскертүү! Жашылчалардын баарын бир жер төлөдө сактоодо анда абанын нымдуулук проценти 85-90дон ашпашы, кемибеши керек. Ошондо гана алар сапатын жоготпойт, өнүп же соолуп кетпейт.

Алманы жашылчалар менен кошо сактоо сунушталбайт. Алма картошканын жытын соруп алып, даамы өзгөрөт. Аны өзүнчө сактаңыз.

Эгер жер төлө ным тарта берсе ичине ар жерге акиташ салынган чакаларды коюп коюңуз. Акиташ нымды соруп алып турат. Акиташты кышында 2-3 ирет алмаштырыш керек.

ЖАШЫЛЧАЛАРДЫ ОРООДО САКТОО

– Ороо сакталуучу жашылчалардын аз же көп экенине карата чоң же кичине көлөмдө казылат. Жашылчалар аз болсо тереңдигин 50-60 сантиметр казса болот. Түбүнө калыңдыгын 3-4 сантиметр таза саман же куураган чөптү төшөп, анан үстүнө каалаган жашылча ташталат. Жашылчалардын үстү топурак менен жабылат, топурак үйүлүп коюлат. Бул кардын суусу агып кетиши үчүн керек.

Ороонун ичинин баш жана аяк жагына диаметри 5-6 сантиметр келген 2 түтүктү кыйгачынан орнотуу керек. Ушинткенде аба алмашуу туура жүрөт.

Ороодогу картошканын үстүнө кызылча таштасаңыз да болот. Капустанын өзөк тамырын ылдый каратып койсо узакка жакшы сакталары маалым.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан