МЕКТЕП АТА-ЭНЕНИ МАЖБУРЛАП АКЧА ЧОГУЛТПАЙТ же актуалдуу суроолорго министрликтен жооп

15-сентябрда мектептер босогосун ачты. Пандемия шартында окуу процесси илең-салаң жүрүп, ата-энелерде суроо көп. Көпчүлүктү кызыктырган суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин адистери жооп беришти.

Статистика

  • Кыргызстанда 2200дөй мектепте 1 миллиондон ашуун окуучу билим алат. Бишкек шаарында 89 муниципалдык мектеп бар. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, 75 миң балага эсептелген орто мектептерде учурда 170 миң окуучу билим алат, бул нормадан 2-3 эсе көп.
  • Быйыл өлкө боюнча 160 миңге жакын окуучу 1-класска барды. Ал эми Бишкекте 16 863 окуучу 1-класстын эшигин аттады.

– Пандемия аяктай элек, окуучулар кандай шартта билим алышат?

– 15-сентябрда салттуу түрдө билим берүү башталды. Мектептерде ачык асман алдында, таза абада линейка өткөрүүгө уруксат берилет. Окуучулар мектепке сөзсүз бет кап кийип баруусу шарт. Ошондой эле классты таза кармоо, тез-тез жууп-тазалап, санитардык нормалар сакталуусу кажет. Буга мектеп администрациясы, мугалимдер жооп берет. Ошондой эле Бишкектеги мектептердин баарында медициналык пункттар ачылып, окуучулар менен мугалимдердин дене табы күн сайын текшерилип турат.

– Бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбай турган болдубу?

– Бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбайт. Окуучулардын формасы бар болсо, ошону кийсе болот. Эгер жок болсо, ак кофта, кара юбка, шымды форма катары кийсе болот.

– Мектепке ата-энелерден акча чогултуу маселеси кандай чечилди?

– Эгер мугалимдер ата-энелерди мажбурлап, милдеттүү түрдө акча чогулта турган болсо жоопкерчиликке тартылышат. Көпчүлүк учурда ата-энелер мектептин керек-жарагына деп өз каалоолору менен акча чогултуп беришет. Бул нерсеге эч ким тыюу сала албайт. Фондго, гүлгө, борго, күзөт кызматкерлерине деген акча чогултууларга ата-эне кааласа берет, каалабаса бербейт. “Акча берген жоксуң” деп мугалим окуучуга туура эмес мамиле жасап баштаса, кодуласа, ата-эне тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышы керек.

– Мектепте окуучулардын телефон колдонуусуна тыюу салынат деген чынбы?

– Сабак учурунда телефон колдонууга мурун эле тыюу салынып келген. Сабак окубай, телефон чукулап отурган баланын телефонун алып коюуга мугалимдин толук укугу бар. Бирок үйүнө алып кетип калбашы керек. Сабак бүткөндө ээсине кайтарылат.

– Мектепке окуучунун жоолукчан келүү маселеси кандай чечилди?

– Жоолук – мектеп формасына кирбейт. Динди карманган үй-бүлөлөрдүн укугун эске алып, кыздарга ак кофта менен кара юбка кийип, жоолук салынып келүүгө уруксат берилди.

– Мектептерде окуу китептери бекер берилеби же акы төлөнөбү?

– 5-6-класстын китептери жаңы болгондуктан ижара акысы төлөнөт. Мындан сырткары 7-8-9-класстардын информатика китебине да ижара акысы төлөнөт. Бир китептин ижара акысы – 25 сом. Бирок бир үйдө 3-4 окуучу бар болсо, ата-энеси жокторго, ата-энеси өлкөдөгү согуштук окуяларга катышкан балдарга 50 пайыздан 100 пайызга чейин жеңилдик каралган. Китептин ижара акысынан түшкөн каражатка кайра эле жаңы китептер сатып алынат.

– Коронавирус боюнча балдарга тиешелүү статистика кандай?

– 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын июль айына чейин өлкөдө 1650 балага коронавирус жуккан. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдаган. Инфекцияны жуктургандардан 5-15 жашка чейинкилер 685 бала, 1 жаштан 4 жашка чейинкилер 512, 1 жашка чыга электерден 263 бала катталган. Ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 190 бала ооруган. Инфекция жуккан балдардын 58 пайызы жеңил формада ооруп айыкса, 2 пайызы оор формада ооруган.

– Эгер окуучулар Covid-19 менен ооруп калса?..

– Билим берүү министрлиги балада коронавирустун симптомдору байкалып жатса, мисалы, чүчкүрүп, дене табы көтөрүлсө, мектепке жибербей, дароо ооруканага алып барууну сунуштайт. Ооруп калган окуучу автоматтык түрдө онлайн окуу режимине өтөт.

– Туруктуу жашаган жери жок, батирде турган үй-бүлөлөр балдарын кантип мектепке бере алышат?

– Жашаган жериндеги квартал башчысынан убактылуу жашап жаткандыгын ырастоочу маалым кат алып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен жашаган жериндеги мектепке кайрылса болот. Орун жок десе, райондук окуу бөлүмүнө кайрылуусу абзел. Райондук билим берүү бөлүмү балага кайсы жерде болбосун билим алууга орун таап берүүгө милдеттүү. Ошондой эле туруктуу каттоосу жок жарандар боюнча жергиликтүү органдар билим берүү мекемелерин кабардар кылып турат. Кээ бир ата-энелер баласын гимназияга, мыкты мектепке окутам деп мектеп тандап, алардын жетекчисине акча сунуштап коррупциялык иштерге жол ачышат. Мыйзам боюнча, акча алган гана тарап эмес, сунуштаган тарап да жоопкерчиликке тартыларын унутпашы керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан