Оорукчан небересин баккан чоң эне: “КЫШЫНДА МЕКТЕПКЕ ЧАНА МЕНЕН АЛЫП БАРАМ”

Аксы районунун тургуну Санабар Ниязбекова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 16 жаштагы небересин багып келет. Өз апасы таштап кеткенден кийин оорукчан баланы багуу түйшүгү чоң энеге жүктөлгөн. Учурда инсульт алган абышкасы, уулу, небереси менен чакан үйдө күн кечирип келишет.

“3 ЖЕРИНЕН ОПЕРАЦИЯ БОЛГОН”

– Амантур улуу неберем. Документ боюнча аты Артыгалы. Кичинесинде “аман болсун” деп тилеп Амантур деп эркелетип, кийин көнүп ошентип эле атап калдык. Неберем балдардын тубаса шал оорусу менен төрөлгөн. 6 ай болгондо ден соолугу начарлап Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан ооруканадан 3 жеринен операция болгон. Абалы оор болчу, дарыгерлер сактап калышты. 1 ай дарыланган. Келиним бала операция болгондон кийин баланы кайра айылга алып келип таштап кетти. Ортодо чыр-чатак болгон жок, болгону оорукчан баланы баккысы келбеди. 4 жарым жашка чыкканда бир келген. “Баласын сагынып келген тура” деп жакшы кабыл алгам. Бирок кийин катташмак түгүл, кабар албай да койду.

Тагдырдын сыноосуна моюн сунгум келген жок. Неберемди элдин балдарындай окутуп, билим алышын кааладым. 1-класска барарда “эптеп 4-класска чейин окуп, тамга таанып алса жетет” дегем. 4-классты бүткөндөн кийин мектептеги теңтуштарынан бөлгүм келген жок. Башталгыч класстагы мугалими да “балдарга көнүп калгандан кийин мектепке барбай калса маанайы суз тартып, эч нерсеге көңүлү чаппай калат” деди. Азыр 9-класска көчтү. Былтыр онлайн окуп калышканга мектепти сагынып, “балдар менен жолугам” деп окуу жылынын башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатты.

“КАДАМ ШИЛТЕП КАЛГАН”

– Кичине кезинде ай сайын Кочкор-Атадагы ооруканага, 6 ай сайын Бишкекке алып барып дарыгерлерге көрсөтүп, дарылатып турчумун. Бирок абышкам инсульт болуп ооруп калганда каралашкан киши жок, неберемди жакшы дарылата албай калдым. Каражатка да муктаж болуп калдык. Жөлөк пулу жетпейт. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин дарылануусу бекер” деп миң айтышканы менен, баары бир керектүү кымбат дарыларды сатып алышың кажет. Башында чоң атасынын оорусуна байланыштуу барбай калсак, кийин ооруканаларда карантин болуп, алып бара албай калдык.

Кичинесинде дарыгерлер “басат” дешкенде көңүлүм ток болуп калган. Убак-убагы менен дарылатканга кадам шилтегенге жараган. Кийин дарыланбай калып, ден соолугу артка кетти. Азыр колтуктасаң да тура албайт. Бирок көргөн адамдар “басып кетсе керек” дей беришет. Анткени бутунун манжалары кыймылдайт, баарын сезет. Күчтүү дарыгерге көрсөтүш керек болуп жатат. Бишкекте, Ак-Сууда 25 жашка чейин баспагандарды дарылаган ооруканалар бар экен. Ал жакка 2 адам алып барыш керек. Өзүмдүн күчүм жетпей калды.

“ЧОҢОЙСОМ МЭЭНЕТИҢИЗДИ КАЙТАРАМ ДЕЙТ”

– Неберем аябай мээримдүү. Көп ойлонот, мага боору ооруйт. “Чоңойсом мээнетиңизди кайтарам. Ошон үчүн өлбөңүз, аман болуңуз. Сизди ыраазы кылам. Карайм, багам” дейт (ыйлап). Андайда “көзүм тирүү турганда сени эч кимге кор кылбайм” деп убада берем. Атасына да ыраа көргүм келбейт. Айла жок, күчүм жетпегендиктен анын жардамына муктажмын. Жонума көтөрсөм да окутуп, эрезеге жетсе үйлөнтүп-жайланткым келет. Акыл-эси жайында. Ушунча үмүт менен окутуп жатам. Бир кесиптин ээси болуп, өзүнүн нанын таап, коляска менен болсо да тиричилик кылып иштеп кетсе экен деп тилейм.

Учурда атасы менен чогуу времянкада жашайбыз. Там салганга каражат жок. Атасы өзү менен өзү, неберемди багуу түйшүгү менде.

Кышында мектепке чана менен алып барчумун. Эми чоңоюп чанага да батпай калды. Көтөрүп барууга туура келет. 80 миң сом турган ыңгайлуу электро-коляскалар бар экен. Акча болсо ошону сатып бергим келет. Мектепке өзү барып-келип, мага да жеңил болуп калмак. Чоңойгон сайын өз алдынча жүргүсү келет экен. Ошондуктан кайрымдуу мекендештерге жардам сурап кайрылам.

“БУТУМ БАСЫП, ЖҮГҮРҮП ОЙНОГОНДУ КЫЯЛДАНАМ”

Артыгалы Амирагуловдун өзү менен баарлашканда врач болгусу келерин айтып берди.

– Амантур, чоң апаңдын сен үчүн мээрими көп экен.

– Ооба, чоң апамды апа дейм. Апам менин эң жакын адамым. Анын эмгегинин арты менен ушул күндү көрүп турам. Мени ушул кезге чейин мектепке алып барып, алып келет. Мурда жонуна көтөрүп алып барчу. Жыл өткөн сайын алдан тайып баратат, аяй берем.

– Мектепке барганда кыйналбайсыңбы?

– Мектепке баруу мен үчүн кыйын эмес, апама кыйын болуп жатат. Уңкур-чуңкур жолдо кыйналып калат.

– Кайсы сабактар жагат?

– Кыргыз адабияты, орус тили, орус адабиятын, тарыхты жактырам. Келечекте доктур болгум келет. Ошон үчүн жакшы окуганга аракет кылып жатам.

– Классташтарың менен мамилең жакшыбы?

– Классташтарымдын баары жакшы. Мугалимдерим да жакшы мамиле жасайт. Сабакта жазып жетишпей калсам кыздар жардам беришет.

– Эмнени кыялданасың?

– Бутум басып, эл катары жүгүрүп ойногонду кыялданам. Электро-коляскам болсо жакшы болмок. Ошого жетпей жүрөбүз. Кымбат окшойт. Бул коляскага 2 жыл болуп калды. Мурункум жарабай калганда апам сурангандан улам мечиттен беришкен.

Анан мүмкүнчүлүк болсо ырчы Нурлан Насип, Самара Каримова менен жолуккум келет. Ырчылык жактан чымыным бар. Алар менен жолугуп, сабак алууну каалайм.

– Кыялдарың орундалсын!

Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номери: 0555361011

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
Буту баспаган Амантурдун чоң энеси: "Көтөрүп жүрүп мектепке окуттум"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан