ОҢДОЛОТ ДЕП ОМКОРУЛГАН КӨЧӨЛӨР КАЧАН БҮТӨТ?

Жолдор – республиканын кан тамыры. Анда кыймыл жеңил жана ыңгайлуу болушу шарт. Жашыруун эмес, кээде түтүк өткөрүү, асфальт төшөө үчүн көчөлөр казылып, омкорулган бойдон айлап-жылдап жатып калат. Бул жарандарга ыңгайсыздык жаратып, жүдөтөт. Бул жаатта окурмандардан келген суроолордун алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин, Бишкек мэриясынын адистеринен жооп алдык.

– "Ак-Өргөө конушундагы Мухтар Өмүракунов көчөсү менен кесилишкен Ашар көчөсү көптөн бери оңдолуп бүтпөй жатат. Мурункудай троллейбус каттабай, балдар мектепке барганда кыйналышууда" деп кайрылып жатышат. Качан бүтөт?

– Мухтар Өмүракунов көчөсү капиталдык ремонт болуп бүтүп, быйыл июль айында колдонууга берилген. Учурда ошол көчө менен кесилишкен Ашар көчөсү оңдолуп жатат. Троллейбустун линиясы Ашар көчөсүнөн башталгандыктан учурда ал каттабай турат. Капиталдык оңдоп-түзөө болгондо эки сыйра асфальт төшөлүп эле колдонууга берилет, ал эми толук кандуу оңдоп-түзөө иштери болсо, анда көп убакыт талап кылынат. Бир айдан кийин троллейбустар жүрө баштайт.

– Учурда Бишкектин бир топ көчөлөрү "оңдолот" деп казылган боюнча жатат, транспорт үчүн жабык. Оңдоо иштери эмне себептен узакка созулуп кетет?

– Ооба, учурда суук түшкүчө Бишкектин көпчүлүк көчөлөрүн оңдоп жетишип калалы деп жатабыз. Октябрь айынын аягына чейин 38 көчө оңдолуп, колдонууга берүү пландалууда. Чынында, канча убакытта оңдолуп бүтөрү башында пландалат, долбоор түзүлөт. Асфальт төшөп коюу оңой эле, эң көп убакытты асфальтка чейинки жолдун негизин даярдоо иши алат. Шагыл аралашкан топурак төгүлүп, ал ныкталат, андан соң атайын лабораториядан эксперттер келип, ал топурак канча пайыз ныкталганына текшерүү жүргүзүп, корутунду жазып бергенден кийин асфальт төшөө иши башталат. Жолдор сапаттуу болуп көпкө кызмат кылса деген эле максат. Оңдоо иштеринин узактыгы жолдун техникалык параметринен, канча чакырым жери оңдоп-түзөөгө муктаж, ошол нерселерден көз каранды.

– Оңдолгон жолдор кээде 1 жылга жетпей эле тешилип, жамалып жатат, бул жол оңдолуп жатканда көзөмөл начар болгон дегенди билдиреби?

– Бардык мамлекеттик келишимдерде тендерди уткан компания жолдун сапатына жоопкерчилик алат. Эгер жолдун сапаты начар болсо ал компанияга бир тыйын да төлөнбөйт, эксперттер корутунду чыгарышпайт. Аванска берилген акчасы да банктан кайтарылып алынат. Мындай окуялар жол жасап жаткан Кытай компаниялары менен болгон эмес, жергиликтүү компаниялар менен болгон. Жолдордун сапатын текшерүүчү Бишкек шаардык мэриясынын алдында атайын экспертиза жасачу лаборатория бар. Алар бардык көчөлөрдүн сапатын, бекемдигин текшерип жыйынтык жазып беришет. Эреже боюнча, оңдолгон жол 3-5 жылга чейин оңдоп-түзөөгө муктаж болбошу керек. Кепилдик 3-5 жылга берилет.

– Жумгалдагы Баш-Кууганды унаа жолуна бир топ жыл мурун цемент төшөлүп башталган эле, дагы деле бүтө электигине тургундар нааразы.

– Быйыл 8-сентябрда Эпкин – Баш-Кууганды жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн келишим түзүүчү компанияны тандаганбыз. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кытайлык “China Railway No. 5 Engineering Group Co. Ltd” компаниясы менен келишим түзүп, ушул жуманын аягында жер-жерлерди кыдырып, жабдууларды жана материалдарды сактоочу лагерлерди түзөт. Октябрь айында оңдоо иштери башталары күтүлүүдө.

– Бишкек – Кара-Балта жолу качан толугу менен оңдолуп бүтөт?

– Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо иштери бүтө элек, учурда 42 чакырым жол оңдолду. Аталган жолду оңдоо иштери 2024-жылы бүтөт.

Темирбек Мамашов, Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын шаар жолдорун долбоорлоо, техникалык даярдоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы:

– Биздин капиталдык курулуш башкармалыгы быйыл Кытай мамлекети бөлгөн гранттык каражат менен иш алып барып жатабыз. Учурда Бишкектин 44 көчөсү оңдолуп жатат. Азыркы тапта 14 көчө оңдолуп колдонууга берилди, 27 көчө оңдолуп жатат, калган 3 көчөнү сентябрдын аягында баштайбыз деп турабыз. Кытай бизге 2 жыл ичинде 70 чакырым жол бүтүрүп беребиз деген. Биз 2 жыл аралыгында ошол жолдорду бүтүртүп алганга шашылып жатабыз. Жол курууда негизги көйгөйлөр – кээ бир жарандар жол түшө турган жерлерге үй салып, короо тосуп алышат. Кантип мыйзамдаштырып алышкан, кантип карамагына өткөрүп алган, ал абдан узак соттук процесс. Анын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн эле көп убакыт керектелет. Ошол нерсе бизге бир топ жолтоо болууда. Учурда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу көпчүлүк көчөлөр жабылды, ошол нерсеге тургундар бир аз сабырдуулук менен мамиле кылып турганы оң. Маршруттук линияларга альтернативдүү жолдор сунушталып, жарандарга ыңгайсыздык жаралбашы үчүн аракеттерди көрдүк.

Нурказы Маданов, “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын башкы инженери. Мамлекет тарабынан каржыланып жаткан жолдор боюнча жооп берди:

– “Бишкек асфальт сервис” ишканасы мамлекеттин эсебинен каржыланган жолдорду салат. Бизге 2021-жылга 27 көчөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү милдети тагылган. Бүгүнкү күндө 10 көчө бүттү, 11 көчөдө жумуш жүрүп жатат. Жалпысынан бизге 285 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Биздин ишкана мындан сырткары жол белгилерин коёт, тешилип калган жолдорду жамайт, тротуарларды курат, кудуктарды орнотобуз, аялдамаларды курабыз, эс алуу жайларындагы отургучтарды, таштанды салчу урналарды орнотобуз. Жакындан баштап ИИМ менен биргеликте кудуктун капкактары уурдалып темирге сатылып кетип жатканына байланыштуу кудуктарды ширетип, капкагы жулунбай тургандай кылып жатабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-10-01 23:42:41
Арча Бешиктеги Шералиева кочосу да качантан бери буто элек. Жарандарды сабырдуу болууга чакырганынарга мейли бирок бирде иштеп, бирде иштебей эле журот го жолчулар. Анан кантип эрте бутот?
0
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан