Токтобүбү Чокморова: “СУПЕР-ИНФО” – СҮЙҮКТҮҮ ГЕЗИТИМ”

Алыскы Ак-Талаадан келген 81 жаштагы апа редакциябызга баш бакты. “Супер-Инфо” гезити даярдалган жерди көрөйүн деп атайын келдим” деген Токтобүбү Чокморова биздин гезиттин алгачкы саны чыккан күндөн бери туруктуу окурманыбыз экенин айтат.

“БАШКА ГЕЗИТТЕРДЕН ӨЗГӨЧӨ...”

– Мен Ак-Талаа районундагы Баетов айылынан келдим. Өзүм Баатыр энемин, 81 жаштын чайын ичип жатам. Башында телефонист, телеграфист болдум, кийин ооруканада, анан почтада иштеп жүрдүм. Мен почтада иштегендиктен “Советтик Кыргызстан”, “Аалам”, айтор, гезит-журналдын баарын калтырбай окучумун. Баары колумда да. Анан эле “Супер-Инфо” чыгып калды. Башка гезиттерден өзгөчө көрүнүп, аябай кызыктуу болгон. Башында Ак-Талаага, мага “Супер-Инфонун” 100 нускасын алып келип беришкен. Ошол жаңыдан түптөлгөндөн тартып калтырбай окуп келем.

“НАН ЖЕБЕСЕМ ЭЧ НЕРСЕ БОЛБОЙТ, МЕН ГЕЗИТ “ЖЕЙМ”

– “Супер-Инфо” менин сүйүктүү гезитим болуп калды. Үйдө отуруп калганда жазылып койгом. Гезит чыгары менен үйгө жеткирип беришет. Айылга жума же ишемби күндөрү барат. “Нан жебесем эч нерсе болбойт, мен гезит “жейм” деп күлүп калам. Азыр айылда гезиттерди чогултам. Шаарда жүрүп калганда бейшемби сайын кызыма “Супер-Инфо” алып келип бер” деп улам-улам айтып турам. Бул жактан окуган гезитимди чогултуп айылга алып барып, ал жактагы чогултуп жүргөн гезиттериме кошом. Түгөлдөп турам, эч кимге тийгизбейм. Сканвордду дагы толтурам. Көзүм жакшы эле көрөт, көз айнек тагынбай эле окуй алам. Сериалдарды окуйм. “Кара көз” бүтүп, жаңысы башталды. “Кыянат” дагы бүтө жаздап калды окшойт. Жакшы нерселерди жазасыңар, көп бет болсо жакшы болот эле, шашылып бүтүп коюп, кайра башынан кайталап окуп чыгам. Үйдө гезит, китеп окуу, кичинекей огородум менен алекмин.

“Гезит кандай жерде чыгат, барып көрүп келейин, алып барып кел” деп кызымды кошуп алып келдим. Жалпы жамаатыңар, эли-журтуңар менен аман-эсен болгула. Кудайым жакшылыгын берсин. Мен көзүм өткөнчө силерди окуй берем.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан