“КЫРГЫЗМЫН ДЕЙСИҢ МАГА, КЫРГЫЗЧА АРАҢ СҮЙЛӨП ТУРУП...”

23-сентябрда кыргыз тили “мамлекеттик тил” макамын алганына 32 жыл болот. Учурда кыргыз тилинин абалы кандай? Эне тилдин чыныгы абалын көчөдө илинген көрнөк-жарнактардан эле байкасаңыз болот, окурман. Адабиятчы, сынчы, публицист Салижан Жигитов “Мүрзөмө ката жазылган тексттерге кайгырып жүрүп өлгөн деп жазып койгула!” деген экен. Күйгөнүнөн айткан окшойт, жарыктык. Меникине да “Толик сынчы ырчылардын эптеген ырларына, баркы кеткен сахнага, анан ката жазылган көрнөк-жарнакка кайгырып жүрүп кетип калды” дейт окшойсуңар, чамасы...

“МАНИКҮР”, “ПЕДИКҮРДҮН” ЖАРНАМАСЫ ЖАРДЫ

Көпчүлүк сулуулук салондорунун кире беришинде алар көрсөтө турган кызматтардын тизмеси жазылып турат. Бүгүн ошол тизмеден “маникүр”, “педикүр”, “Сулуулоочтун кызматы” деген жазууну көрүп алып оңкомдон кеттим. Аңтарылып эле отуруп калдым. Бул кандай болуп кетти, кыргызча аталышыбы же которулушубу деп аң-таң болуп турсам көзүмө дагы бир жарнама урунду. Түүй ата, бул жерде “Чачты химиялоо, замамбап чач бойоо” деген кызматтары бар экен. Заманбап деген сөз качан “замамбап” болуп калды эле?

Ушул жерден “кыргызмын дейсиң мага, кыйшактап бийлеп туруп, кыргызмын дейсиң мага, кыргызча араң сүйлөп туруп” деген ырлар эске түшөт. Жолдон кимдер гана өтүп жатат, кичине балдар көрсө алар да бул сөздү “замамбап” деп кабыл алышат, эртең ошол боюнча кетти деп кой...

Маникюр менен педикюрга “ю” тамгасынын ордуна “ү” тамгасын алмаштырып койсо эле кыргызча болуп калбайт, айланып кетейиндер. Жөн эле “тырмак өстүрүү”, “боёо” деп койсо түшүнбөй калышабы же боётпой коюшабы? “Сулуулоочтун кызматы” деген сулуулоочу визажист окшойт деп өз алдымча ойлонуп койдум. Эми минтип ой келди которо бергенди токтотпойлубу, кандай дейсиңер, ыя?

Дагы бири “чачтын сүлүүлүгү” деп терезесине жазып алыптыр, кирип ошол жакта иштегендерден “эмне чачты сүлүк менен дарылайсыңарбы, эмне сүлүүлүгү деп турат?” деп сурасам, “ал жазуу мурун ошентип жазылган, чачтын сулуулугу деген жазуу болчу” деп өчүрүшпөдүбү. Тил комиссиясы ката жазылган көрнөк-жарнактар үчүн айып пул салынат дешти эле, бул салондорду көрбөй калышкан окшойт. Дарегин да жазып койсомбу? Тамаша, жазбайм деңизчи, бирок эмки жолу өткөнүмдө “сүлүүлүгү” дегенди оңдоп коёсуңар деп ишенем.

ТАМГАЛАР ТҮШҮП КАЛГАНДА ЖЕ БИР-ЭКИ КАТА ЭЧ НЕРСЕ БОЛБОЙБУ?

Сүрөт, документтердин көчүрмөсүн чыгарып берген жердин жарнамасында “басып чыгару” деп бадырайып жазылып турат. “Бардык жерде 50 сомдон” дегенди “баардык жерде 50 сом” деп алышкан. Айланып кетейиндер, көпчүлүк тамактануучу жайларда “чайхана” эмес, “чайкана” деп жазылышы туура. Каалаган жерден тамгаларды түшүрүп, каалаган жерден кошуп эки жакка чоё бергидей кыргыз тили сагыз беле? Жазуунун өз эрежелери бар. Дагы бир маселе, маршруттук таксидеги айдоочуларга “Турусбековадан токтоп койгулачы”, “Раззаковадан токтоп койгулачы” дейбиз. Билбегендер Турусбекова менен Раззакова айымбы деп ойлошу мүмкүн да, туурабы? Эл уулдарынын ысымы менен эмнеге көчө аталат? Алардын кылган эмгегин кийинки муун билиш үчүн. Жусуп Турусбеков менен Исхак Раззаковду өз атынан эле айткылачы, урматтууларым. Өткөндө Исхак Раззаков көчөсүнөн өтүп баратсам дубалда “Разаков көчөсү” деп жазылып турган, эртеси кыргызчасы “Исхак Раззаков көчөсү” болуп оңдолуптур, анысына рахмат дечи. Бирок орусчасы “Разакова” бойдон калыптыр. Же экс-билим берүү министри айткандай, бир-эки ката эч нерсе болбойбу? Улуу инсандар тиги жакта деле тынч жатышсын, жок дегенде ысымдарын жөндүү колдонолучу.

“ПРИМЬЕР МИНИСТР” ОҢДОЛО ЭЛЕК”

Орфографиялык каталар шаар ичиндеги көрнөк-жарнактарда эмес, бакыйган мамлекеттик ооруканада да бар. Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборду билбеген адам жок чыгар. Кире беришинде Мамбет Мамакеевдин эстелиги турат, эстеликтин капталындагы токтомду окусаңыз “примьер министр” деген жазууну көрөсүз. Улуу адамдын эстелигин жасаткан адамдар мындай одоно катага жол бербеши керек эле. Кээде кээ бири тилибизди ката жазылган сөздөр менен байытабыз деген ойдо анча көңүл бурбай жүрө беришет окшойт деп ойлоп кетем...

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан