Бурулкан Кадырова: “МАНАС БЕРДИБЕКОВ ЭКӨӨБҮЗДҮН ООРУКЧАН УУЛУБУЗ ЖАРДАМГА МУКТАЖ”

Белгилүү куудул Манас Бердибековдун биринчи жубайымын деген 61 жаштагы Бурулкан Кадырова оор тагдырын баяндайт. Айтымында, куудулдун 41 жаштагы уулу Артур Бердибеков өнөкөт астма оорусунан жабыркайт. Бурулкан апа экинчи турмушунан төрөлгөн 35 жаштагы кызы да оорукчан экенин айтат. Учурда уул-кызы, небереси менен жатаканада күн кечирип жаткан эне балдары үчүн жардамга муктаж.

“МАНАС ЭКӨӨБҮЗ АЖЫРАШКАНДА УУЛУБУЗ 2 ЖАШТА ЭЛЕ”

– Мен куудул Манас Бердибековдун биринчи жубайымын. Манас менен 1979-жылы Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна окууга тапшырганы барып таанышып калгам. Сынактан өтпөй калып, окуу жайдын 2 жылдык студиясына тапшырганбыз. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, баш коштук. Жакшы жашадык, мамилебизге элдин баары суктанчу. Боюмда бар кезде окууну таштап, айылга барып кайнене, кайнатам менен чогуу жашап калдык. Мен малга каралашып үйдө, Манас гастролдоп кетчү. 1980-жылы уулум Артур төрөлүп, ал 2 жашка чыкканда ажырашып кеттик. Балама алимент алчумун, бара-бара төлөбөй калган.

“АЙЫЛДАГЫ ҮЙДӨН КУРУ КАЛДЫК”

– Кийин Манас каза болоруна жакын жолугуп калдык. “Балаңды жалгыз чоңойттум, жогорку окуу жайда окуттум. Кудайдан корк. Уулуң оорулуу болуп калды. Эми үйлөнт, үй алып бер. Шарты жок бир бөлмөлүү жатаканада калдык” деп аябай ыйладым. “Болуптур, жакшылык кылайын. Сага рахмат. Уулумду үйлөндүрүп, үй алып берем. Жакшы үй карай бергиле. Бир концертимдин акчасы жетпесе, эки концерт коюп алып берем” деди. Балам экөөбүздүн төбөбүз көккө жете сүйүнүп, үй издедик. Бир үйгө токтолуп, Манас келсе айталы деп жатканбыз. 3 айдан кийин келмек. Тилекке каршы, гастролдо жүрүп каза болуп калды.

Балам Манастын каза болгонун көчөдөн угуп калыптыр. Үйгө келип “атам өлүп калыптыр. Үй алып бербесе да, тирүү жүрө бербейт беле?..” деп ыйлады. Таң атпай жумушка барсам жамаат тосуп алып “сөөгүн алып келе жатышыптыр. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына балаңды алып бар” дешти. “Бара албайм, менден кийин көп аял алды” десем, “Манас мурунку күйөөң эле эмес, кыргыздын белгилүү уулу. Барбасаң балаң кийин таарынат” деп жөнөтүшкөн.

Айылда Манастын 12 сотых жери бар эле. Кайнатам ошол жакка “үй салып берем. Биринчи келинибизсиң. Неберебизди кор кылбай багып алабыз” деген. “Карыганда келебиз. Үй сала бериңиздер. Азыр иштеп алайын. Мен деле акча салып турам” десем макул болушкан. Кийин кайненем менен кайнатам каза болгондон кийин эжем “сотко берели” деп, ошол жер тилкесине үй салып алган кайнимдин үстүнөн арыз жазмай болдук. Ошондо кайним “Тамды буздурбагыла. Балам Түркияга барып операция жасатууга муктаж. Ызы-чуу болбойлу. Манастын арбагы тынч жатсын. Ушул акчаны алып ыраазы бол” деп мага
300 миң сом берди. Азыр ошол акчаны сары майдай сактап отурам (ыйлап).

“УУЛУМДУ САБАП КЕТИШКЕНДЕН КИЙИН ООРУСУ КҮЧӨП КЕТТИ”

– Уулум 1-класска барганда ооруп калды. Дарыгерлер кургак учук деген диагноз коюп 6 ай дарылашты. Кийин астма болуп калды. Дем ала албай калганда “Тез жардам” чакырчубуз, дары сайып кетишчү. Уулум көп кыйынчылык көрүп чоңойду. 27 жашында 2-топтогу майыптыкка чыкты.

Атасына окшоп бирөөнү кыйын туурачу. Жогорку окуу жайды бүткөндө бир баланы тамашалап туурап коюптур. Ал ыза болуп, эки досу менен келип “жетим, сен мени туурай турган болуп калдыңбы?” деп үйгө бастырып кирип менин көзүмчө башка тээп катуу сабап салышты. Укук коргоо органдарына арыз жазгам. Ал жигит колунда бар неме экен, тергөөчүлөрдү сатып алдыбы, айтор, иш жабылып жазасын албай калды. Баламдын башына доо кетип, көпкө дарыланды. Таяк жегенден кийин бир жылдан кийин түшүнөн чочуп ойгонуп “апа, суу кечип жүрөм” деп жаш баладай болуп сүйлөндү. “Эмне болуп жатат?” деп ыйлап сураштырсам “бул жин оору” дешти. Жер көчүп, дүйнөм аңтарылып кеткендей, жашагым келбей калды (ыйлап).

Азыр кошунабыз тынчтык бербейт. Баламды “сен жиндисиң. 41 жашка чыгып үйлөнө элексиң. Кантип жашап жүрөсүң? Кызга жарабагандан кийин өлүп кал” деп басмырлашат. Уулумдун урологиялык жактан дарты бар. Мурун астманын айынан жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатканда врачтар “балаңыз өлүп калышы мүмкүн, бир дары бар, ошону берсек жашайт. Бирок урологиялык жактан терс таасирин тийгизет” дешкен. “Мейли, баламдын көзү тирүү жүрсүн, айыктырып бергиле” деп тиги дарыны бергенге макулдук бергем. Дарыны 3 күн сайышкандан кийин көзүн ачкан.

“КЫЗЫМДЫН ООРУСУ ҮЧҮН ТҮРКИЯГА БАРЫШ КЕРЕК”

– Кызым Элянора экинчи турмушумдан. Ал күйөөм жакшы болчу. Карындашы кийлигишип ажырашып кеттик. Жолдошум алтын сөйкө алып берген эле. “Биринчи аялыңа да, апаңа да алтын алып берген эмессиң, бул аялың кыйын болуп кеттиби?” деп уруш чыгарды карындашы. Жолдошумдун жатаканада бир бөлмөсү бар болчу. Ошону кызы үчүн таштап чыгып кеткен. Азыр ошол бөлмөдө жашап жатабыз. Кызым 35 жашта, бала кезинен мурду жана тиши каначу. “Мурдуң менен тишиң канай берет” деп кош бойлуу кезинде жолдошу таштап кеткен. Турмушка чыгып, бала төрөгөндөн кийин ал дарты жоголду. Баласы менен жалгыз бой калды. Эң жаманы – анын жүрөгүндөгү дарты болуп жатат. Кызым жүрөк кемтиги менен төрөлүптүр. Бара-бара жүрөктөгү тешиги чоңоюп кете бергенин сезбей жүрө бериптирбиз. Кызым туугандарым алып берген дүкөндү иштетчү. Мэрия дүкөндү сүрдүрүп салганда оор нерселерди көтөрүптүр. Дем ала албай кыйналып калыптыр. Кардиологияга алып барып жүрөк оорусу күчөп жатканын билдик. Түркияга алып барыш керек экен. Врачтар кызымды биринчи топтогу майыптыкка чыгарабыз дешти. Кызым “Түркияга алып барганда операцияны көтөрө албай калсам эмне болот?” деп ыйлап жатат. 10 жаштагы неберем “апа, жатаканадагы бөлмөнү сатып, апамды Түркияга алып барып өмүрүн сактап калалы. Үйдү сат” дейт. Үйдү сатсам да жетпейт экен. Ошол үчүн кайрымдуу элимден жардам сурап кайрылууга аргасызмын.

Жардам берүү үчүн байланыш номери: 0553 033 627

Элсом: 0776 376161

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Sezimim...
2021-09-28 01:04:27
Тооба кылдым... Сындагандан алысмын, бирок кичине ордокторду учуруп жиберген эмеспи???
+1
Datka7777
2021-09-29 10:37:44
Sezimim...,ишенбей турам мен дагы! Манас бердибековдун биринчи аялы Санжардын апасы жана чон уулу Санжар да
0
Birimdik5555
2021-09-29 09:52:24
Уулуна, кызына Аллахым шыпаа берсин, ар бир ата эне перзенттеринин жакшылыктарын гана корсун
+1
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан