Турсунбүбү Мусакулова, почточу: “ПОЧТОЧУ БОЛУП ЖҮРҮП 11 ӨЛКӨГӨ САЯКАТТАП КЕЛДИМ”

9-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк почта күнү. Бул майрамды утурлай биз почточу кесиби тууралуу баяндайлы дедик. Бишкек шаарында 270 почта кызматкери бар. Анын бири 73 жаштагы Турсунбүбү Мусакулова кесиби тууралуу кызыктуу кеп козгоп берди. Маек сизге да мотивация берет деп ишенем.

МУГАЛИМДИКТЕН ПОЧТОЧУГА...

– Бишкек шаарынын 25-почта бөлүмүндө почточу болуп иштейм. Негизги кесибим мугалимдик. Ысык-Көл облусунун Түп районунда орто мектепте химия сабагынан мугалим болуп иштегем. Кыргыз жана орус класстарына эки тилде сабак берчүмүн. 5 балам болгон үчүн 50 жашымда пенсияга чыктым. Дагы 9 жылдай мугалим болуп иштеп жүрүп, үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келдик. Табиятымдан бекер отура албаган мүнөзүм бар. Бир күнү пенсиямды алайын деп почтага келсем “почточу керек” деген кулактандыруу туруптур. Жетекчиликке кирип “мени жумушка аласыңарбы?” десем макул болушту. Ошентип 14 жылдан бери почточу болуп иштеп келе жатам.

ПОЧТОЧУНУН БИР КҮНҮ...

– Эл беш күн иштесе, биз алты күн иштейбиз. Эртең менен саат 9:00дөн баштап кечке чейин жумуш. Азыр пенсиялар банкка которулуп калбадыбы, бирок кээ бир банктан ала албаган, үйүнөн чыга албаган 80-90 жаштардагы карылар бар. Алардын үйүнө жеткирип берүү керек. Мисалы, эртең менен 10 кишинин пенсиясын алып, түшкө чейин таратып келем. Түшкү тамактан кийин дагы ошончосун таратам.

Кээ бирөөлөр “азыр баары интернет, чөнтөк телефон болуп калган заманда почточулар эмне жумуш кылышат?” дешет. Биздин ишибиз көп. Эл бири-бирине кат жазбаганы менен, мекемелердин расмий каттары өтө көп. Бир күндө кем дегенде 30 кат таратам. Андан тышкары МАИчилердин айып пулдарын жеткиребиз. Мисалы, менин аймагым бар, анда 50 чакты үй, банктар, мекемелер бар. Андан тышкары буюртма менен келген буюм-тайымдарды да таратуу биздин милдет.

ЖУМУШТУН ОҢ-ТЕРС ЖАКТАРЫ

– Жумушум жагат. Эмнеси менен? Элге пайдам тийип жатат. Аймагымдагылар урматтап, салам айтып жылмайып өтүшөт. Кыймылдуу, кызыктуу жумуш. Кыймыл – бул жашоо да. Мен каттарды таратып келе жатсам пенсия курагындагылар басып жүргөн болушат. Алар мындай эле басып жатса мен басканым үчүн акча алып жатпаймынбы (күлүп). Айрым кары-картаңдар менен отуруп алардын дартын угуп калам. “Жашоо баарына берилет, бирок карылык тандамал адамдардын шыбагасы, канчалар карылыкка жетпей өлүп калышты. Жашоону сүйгүлө, наалыбай, карылыкты ырахат менен жашагыла” деп аларга дем берип кетем. Кээ бир кардарларым апасын күткөнсүп атайы мени күтүп калышат (күлүп). Сыртка чыга албагандар “таштандымды ыргыта кетчи” дешет, эмнеси кыйын, ала кетем. Кээде дары-дармек алып барып берем. Айтор, бир күнүм бир күнгө окшобой кызыктуу өтөт. Түрдүү адамдарга жолугам.

Терс жактары да бар. Кээ бирөө пенсиясын алып “качан алдым эле?” дей беришет. Алжып калгандар бар. Анын баарына сабырдуулук менен мамиле кылыш керек. Бир күндө аз дегенде 4 чакырымдай басам. Тердебейин деп кышында жеңил, бирок жылуу кийингенге аракет кылам. Менин аймагымдагы үйлөр 50 жыл мурун салынган үйлөр да, лифт жок. Жайкысын ысыкта териң куюлат. Пенсия таратканда акчаны сумкама салбайм, чоң чөнтөктөрдү тигип алгам, ошолорго салам. Болбосо билген тентек балдар колуңдан жулуп кетүү коркунучу бар. Биздин кесибибизге бекем эрк, тартип, баамчылдык, сылыктык, тактык керек. Бирөөгө орой сүйлөп койсоң дароо эле жетекчиликке телефон чалып башташат. Көптөр чыдабайт. Жалаң эле мага окшогондор иштейт экен деп ойлоп калбагыла, почточу болуп жаштар деле иштешет. Бул тармакта карьера жасап кеткендер да жок эмес. Почточу болуп иштөө үчүн орто билим жетиштүү. Бирок эсепке так, эске тутуу жөндөмү күчтүү болушу керек.

“ЭҢ ЧОҢ КУМАРЫМ – САЯКАТТОО”

– 5 балам бар дебедимби, баары жогорку билимдүү, буттарына турган. Бир кызым доцент, эки кызым юрист. Уулум үй-бүлөсү менен чет өлкөдө. Бир уулум, тилекке каршы, каза болуп калды. Балдарым азыр өздөрү чоң ата болуп калган учуру. Каражат жагынан алганда маянага муктаж эмесмин. Бирок өмүр бою көз карандысыз болуп иштеп жүргөн киши иштегиси келет экен. Балдарым “почточу болбой эле коюңузчу” дешет. “Эмнеси уят, аябай кадырлуу кесип” дейм. Пенсиям менен маянамды чогултуп чет өлкөлөргө саякаттап келем. Жаш кезден туризмге кызыгам. Почточу болуп иштеп жүрүп 10-11 өлкөгө бардым. Түрдүү учактарда учтум, поезддерге отурдум. Ушунча жашка келип дагы деле мен көрө элек сонун нерселер бар турбайбы деп жашоого болгон кумарым артат. Орусия, Беларусь, Прибалтика өлкөлөрүндө болдум. Пирамидаларды көрүп келгенге кызыкчу элем, Египетке бардым. Түркияда болдум, Араб Эмиратында болдум. Андагы таасирлер эми укмуш. КМШ өлкөлөрүнөн Түркмөнстандан башкасынын баарын кыдырдым. Азыр Сочиге барсам деп кыялданып турам. Үйдө ноутбуктан дүйнөдөгү кызыктуу жерлерди көрүп, анан барып келем деп максат коём. Балдарды чоңойттум, неберелерди кошо бактым, чөбөрөлөрдү эми өздөрү баксын дедим. Жаш кезде окуш керек, балдарды окутуш керек, бала бакча, мектеп, күйөөгө кызмат кылуу, тиричилик, ал-бул болуп өзүңө эч убакыт болбойт экен. Мына азыркы убакыт дал өзүңө арналат экен.

“ЖЕТЕКЧИЛИККЕ ЫРААЗЫМЫН”

– Эмгек өргүүсүн жыл сайын 15 күндөн бөлүп алам. Биринде Кыргызстандагы жерлерди кыдырсам, экинчи бөлүгүндө сөзсүз чет өлкөгө чыгам деп пландаштырам. Айлыгым 6300 сом, сыйлыктар, ал-бул болуп отуруп 7000ге барат. Андан тышкары жетекчилик мага эки жолу курортко жолдомо алып берди. Кептин аягында кесиптештеримди майрамы менен куттуктап, өзүм жазган ырымды окуй кетейин. Кыргыз жана орус тилдеринде ыр жазам.

Мен болсо салабаттуу почточумун,

Байкоо менен ак-караны ажыраткан,

Улгайсам да жаштар менен тең тайлашып,

Жашоонун агымында бара жаткан.

Пенсия, гезит, посылка алып барып,

Адамдардан алкыш алган кандай сонун?!

Бирок да мүнөздөрү ар башкача,

Баары менен тил табыштын табам жолун.

ПОЧТА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • 1969-жылы 9-октябрь – Почта күнү деп Бириккен улуттар уюмунун демилгеси боюнча Бүткүл дүйнөлүк почта бирикмесинин 14-конгрессинин чечими менен негизделген.
  • Тарыхтагы эң узун кат англиялык Элан Форман аттуу адам тарабынан жубайы Женетке жөнөтүлгөн. Ал катты жазып бүтүрүү үчүн 2 жылдан ашык убакыт короткон. Аялына сүйүүсүн билдирген катта 1 миллион 402 миң 344 сөз болгон.
  • Эң көп сандагы катты япониялык Вичи Нода аттуу аткаминер аялына жиберген. Иш сапары учурунда жөнөтүлгөн каттардын саны 1307ге жеткен.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2021-10-12 07:06:50
Мен чет олколорго кат ташыйт деп ойлоптурмун.
0
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан