АТАСЫ БАЛАСЫ ҮЧҮН ЖАНЫН БЕРДИ

Австралияда Маккуори көлүнө кайык менен сейилдөөгө чыккан 33 жаштагы Питер Финч баласын сактап калуу үчүн өз өмүрүн берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ал 4-5 жаштардагы баласын алып кайык менен сейилдөөгө чыккан. Бир убакта толкун алардын кайыгын оодарып жиберген. Финч уулу сууга чөгүп кетпеши үчүн аны башына отургузуп, колу менен кармап турган. Аларды көрүп калган адамдар жардамга келип, жээкке алып чыгышкан. Бактыга жараша, баланын өмүрүнө коркунуч келген эмес. Бирок атасын аман алып калуу мүмкүн болгон жок.

Питер Финчтин артында уулунан сырткары кичинекей кызы, аялы калды. Атанын баласы үчүн курмандыгын, эрдигин көпчүлүк баалап, үй-бүлөгө материалдык колдоо да көрсөтүшүүдө.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан