Салтанат Митиева, жарандык активист: “ОРУСИЯ СОТУНДА ЖАПЖАШ КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ ШОЛОКТОП ЫЙЛАШАТ...”

Орусияда жүз миңдеген кыргыз мигранттары эмгектенет. Каарманыбыз Салтанат Митиева ар түрдүү кылмышка шектелип жаткан кыргыз жарандарына жардам берип, котормочулук кызматты аркалайт. Ал көптөгөн мекендештерибиздин соттук ишине катышып, аянычтуу тагдырларга күбө болгонун айтат.

– Саламатсызбы, Салтанат айым, алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. Кайдан болосуз жана эмне менен алектенесиз?

– Мен Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жыл-Келди айылында туулгам. Кесибим боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалимимин. 16 жылдан бери Москва шаарында мигрантмын. 10 жылдан бери Москва шаарындагы соттук отурумдарда жана тергөө иштеринде котормочулук кылып келем. Ушунча жылдан бери кыргыз мигранттары арасында түрдүү тагдырларга күбө болдум.

– Көптөгөн кыргызстандык мигранттардын тагдыры маалым болсо, айтсаңыз, көбүнчө сизди эмне кейитет?

– Кармалгандан баштап сот аны эркинен ажыратканга чейин баары менин көз алдымдан өтөт. Мени кейиткени – учурда жаштардын кылмыштуулукка көп барып жатканы. 18ге толгон жаш жигиттин темир тор артында сурак бергени, жаш кыздардын сот акыркы чечимин чыгарганда шолоктоп ыйлаганын көрүү мен үчүн оор. Жакында эле Москвадагы бир сот отурумуна катыштым, карасам кичинекей баланын эле колуна кишен салып жетелеп келе жатышат. 14 жашта экен. “Бул эмне кылмыш кылды экен?” деп таң калдым. Процесс башталганда ал өспүрүм кары кемпирди зордуктап абакка киргизилгенин угуп төбө чачым тик турду. Ал өспүрүм Кыргызстандан Москвага 5-классында келиптир, ата-энеси окутпаптыр. Жумушка кетишкенде үйгө колуна телефон карматып калтырып коюшчу экен. Жаман видеолорду көрүп, аң-сезими бузулган го.

– Баласын таштандыга таштап койгон мигрант айым тууралуу да жазып чыктыңыз эле, ошол айымдын иши эмне болду?

– Таштандыга ыргытылган ымыркай ал келиндин жетинчи баласы болгон. Ал эже кармалгандан соту аяктаганга чейин соттук ишине катыштым. Өзүнүн айтымында, жумуштан чыкканда толгоосу келип, иштеген жеринен алыс эмес жерде көк чөп үстүндө төрөгөн. 10 мүнөттөй колуна кармап отурган, бирок ал ыйлабай, тирүүлүктүн белгиси билинбегенден кийин коркуп кетип ошол жерде жаткан чүпүрөккө ороп, баштыкка салган. Анан таштанды салган контейнерге ыргытып, үйүнө кетип калган. Таштанды ыргытканы келгендер “мышык кирип чыга албай жатат го” деп таштандыдагы баштыкты ачышып, канга бөлөнгөн ымыркайды көрүшөт. Ошол замат “Тез жардамды”, милиция кызматкерлерин чакырышат. Ымыркайды ооруканага алып кетишет. Ал келинди сот 2 жылга эркинен ажыратты, ыргытылган кызы тирүү экен, ал азыр балдар үйүндө. Эже мени менен такай кат жазышып турат.

– Орусияга иштегени бараткан жарандар үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?

– Орусияга келген жаштар арасында өз алдынча бизнес кылып, бутуна туруп, жакшы кызматтарда иштегендери көп. Ошону менен бирге жеңил акчага азгырылып, түшүнбөй баңгизат ташып темир тор артына түшүп калган улан-кыздарыбыз да бар. Көпчүлүк баңгизат менен кармалгандарды “подстава” деп ойлошот. Жок, алар билип эле иштешет, бирок ал нерсе оор кылмышка кирерин аңдай беришпейт. Кыргыз мигранттарынын арасында баңгизатка байланыштуу кылмыш менен отургандар абдан көбөйүп кетти. Менин сунушум – Кыргызстандан келе турган жарандар үчүн телеканал, гезиттер аркылуу түшүндүрүү иштери жүрсө жакшы болмок. Жаш жигит-кыздарды баңгизат ташыгандар “курьер бол, айлыгы жакшы, сага куратор баарын түшүндүрөт” деп азгырып торго илишет.

– Орусия сотунан акталып чыккандар да бар, андайда укмуш сүйүнүү, кубануу сезимдери болсо керек?

– Ооба, мисалы, жакында эле кыргыз кызына бет кап кийбегени үчүн 5000 рубль айып пул салышкан. Кыз тиешелүү органдарды сотко берип, утуп чыкты. Анткени бет кап колунда болгон экен, эми тагайын деп жатканда кармап, айып пул салып коюшуптур. Ал эми кылмыш иштери боюнча акталып чыккандарды көрө элекмин. Бирок оор эмес кылмыш кылгандардын 1 күнү 1,5 күн болуп эсептелип мөөнөтүнөн эрте чыгышат.

– Социалдык тармактагы баракчаңызга жазган постторуңуздан улам абдан сезимтал адам экениңиз байкалат. Сизди таасирленткен окуя тууралуу айтып берсеңиз.

– Мени таасирленткен окуя былтыр апрель айында болду. Жаш кыз өзү жашаган батирде таңга жуук төрөп, ваннага суу толтуруп, наристесин сууга тумчуктуруп өлтүргөн. Сөөгүн кара желим баштыкка салып бекитип, эртеси таштандыга ыргытып коёт. Сотуна катышканда ушунчалык жаман абалда болдум, кызды жек көрдүм. Наристе эмес, жаныбарга мындай мыкаачылык кыла албайсың да?! Чогуу жашагандар ал кыздын кош бойлуу экенин кантип байкабай калышкан деген суроого азыркыга чейин жооп таппай келем.

– Мигранттар эң көп кабылган көйгөй кайсы, көбүнчө эмнеден жабыркашат?

– Баңгизат ташып темир тор артына түшкөндөр көп болуп жатканын жогоруда айттым. Мындан сырткары уурулук күч алды. Орусияда банк картасынан эч кандай коду жок эле 1000 рублга чейин соода кылса болот. Айрымдар жолдон карточка таап алса дүкөнгө кирип соода кылып кармалып калышат. “Мен уурдаган жокмун, таап алдым” дешет, бирок ичиндеги өзүнө тишелүү эмес акчаны иштетип салганын эске алышпайт. Мисалы, 2500 рубль иштетсе атайын берене менен башка мамлекеттин жараны, жашаган жери менен катталган жери дал келбейт деп убактылуу кармоочу жайга киргизип коюп жатышат. Андыктан чет өлкөдө жүргөн мекендештер этият, сак болушса дейт элем.

– Кыргыз кыздарын “башка улут менен жүрдүң” деп опузалаган “патриот” жигиттердин жазасы тууралуу айта кетсеңиз.

– Кыздарды “башка улут менен жүрөсүң” деп сабаган балдар депортация болуп, аларды 40 жыл Орусиянын аймагына киргизбөө чечимин чыгарышкан. 8 бала убактылуу кармоочу жайда, аларга кылмыш иши козголуп, бирок сот процесси белгилене элек. Тажик улутундагы жигит менен жүргөн кыргыз кыздын сотуна катышканмын. Ал кыз жигит менен мейманканага барып 5000 рубль сурайт, жигит телефонунан онлайн акча которуп жатканда сыр сөзүн жаттап алат. Эртеси тажик жигит уктап жатканда телефонун алып, өзүнө 26 миң рубль которуп алат. Жигит эртеси арыз жазып салат, ага кыздын туугандары акчасын төлөп бергенине карабай сот аны 1,5 жылга эркинен ажыратып койгон. Кыздын 1 күнү 1,5 күн болуп эсептелип 10 ай абакка отуруп чыкты.

– Көп аянычтуу тагдырларды көрөт экенсиз, ыйлайт да чыгарсыз.

“Эже, мен жашмын, эмнеге көп жыл берип коюшту?” деп жалдырап ыйлагандар бар. Аларды жубатып, моралдык колдоо көрсөткөнгө аракет кылам. Мен кошулуп ыйласам алар такыр эле чүнчүп кетпейби. Бирок көзүмдөн жаш чыкпаганы менен, жүрөгүм ыйлайт, сыздайт, кыйналам.

– Котормочулуктан сырткары эмне менен алектенесиз?

– Таңга маал туруп кеңсе жыйнайм, тазалайм. Көбүнчө камалып калган кыздар жардам сурашат, көбүнүн ата-энеси Орусияда эмес, ата-энеси жоктор да бар. Алган айлыгымды ошол кыздардын керек-жарагына иштетем.

– Соопчулук ишиңиз эселеп кайтсын, маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Margana93
2021-10-11 10:41:28
Салтанат эже аябай жакшы адамсыз сиздин ар Бир жазган постунузду кутуп окуймун сиздей инсандар коп болсун
+4
Aijan06
2021-10-11 12:18:29
Баласын тумчуктуруп олтургон Кыз жонундо жакында чыгарма окуудум эле. Каалоочуларга адабият Жана поэзия болумуно киргизип койдум. Теманын аталышы "116 камера".
+3
Mister-XXX
2021-10-11 19:19:07
Бангизат менен "подстава"болуп кармалгандар көп.Москвада көп эле угуп журөм.Курьер болуп иштегендер,берген жүктүн ичин текшерип алууга болбойт.Атайын полиция кызматкерлери да "подстава" кылышы мумкун.Аларга да отчет керек.
+1
KaGaH
2021-10-13 12:26:00
Mister-XXX,иштебесин анда,ким заставить этип атат
+1
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан