КӨМҮРДҮН БААСЫ КЕСКИН ЖОГОРУЛАДЫ. БУГА ЭМНЕ СЕБЕП ЖАНА АРЗАНДАШЫ КҮТҮЛӨБҮ?

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн аздыгы, быйыл кышта электр жарыгынын убак-убагы менен өчүп турушу мүмкүн деген маалымат тараар замат элдин көбү отундун камын ойлой баштады. Суук түшөр замат көмүргө болгон баа кескин көтөрүлүп, эл “өкмөт көмүрдүн баасын качан жөнгө салат?” деп нааразы. Биз бул тууралуу тиешелүү тараптардын пикирин угуп көрдүк.

“КАРА-КЕЧЕДЕН КӨМҮР 1330 СОМДОН КЕЛЕТ”

“Кыргыз көмүр” ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова:

– “Кыргыз көмүр” дегенди укканда эле эл көмүр маселесин чечкен орган катары карашат. Бирок биздин ишкананын 1 гана милдети бар: Кара-Кечеден көмүр каздырып, жүктөп берүү, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги коюп берген баа менен 1330 сомдон сатуу. Болду, ушул менен эле биздин милдет чектелет. Биз Кара-Кечеден чыккан бааны эле көзөмөлдөй алабыз, ал 1330 сом. Учурда эмнеге көмүрдүн баасы 5000 сомго чыгып кетти? Ортомчулар Кара-Кечеден 1330 сомдон сатып алышат, мурда ар бир тоннага 1000 сомдон эле кошуп сатышчу. Азыр күйүүчү май кымбат деп жатышат, бирок муну эске алып эсептеп көрсөк, көмүрдүн өз баасына мурункудай эле 1000 сом кошулат экен. Учурда ортомчулар ар бир тоннага 2170 сом кошуп жатса, бул баанын үстүнө көмүр кампалары да 500 сом кошуп жатат. Жыйынтыгында элге 1 тонна көмүр 5500 сомдон сатылууда. Кара-Кечеде көмүр канчалык көп чыгарыла баштаса, Бишкекте көмүрдүн баасы арзан болот. Жылда ушундай маалда көмүрдүн 1 тоннасы 4500-5000 сом болуп, 10 күндөн кийин 4000-3800гө, андан соң 3500гө түшүп калчу. Буюрса, быйыл деле ушундай жагдай болушу күтүлөт.

Бир сезондо республика боюнча 3 миллион тонна көмүр керектелет, анын ичинен 1 миллион 600 тонна ЖЭБге, калганы калкка жумшалат.

“АЛЬФАНЫН” АСКЕРЛЕРИ КАРА-КЕЧЕНИ КАЙТАРУУДА”

Маалымат катчы ошондой эле жакындан бери Кара-Кече көмүр карьеринде коопсуздукту УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы 12 аскери көзөмөлдөп жатканын да билдирди.

– Кара-Кече – бул стратегиялык объект, ошол объектти мамлекет өзү көзөмөлгө алып жатканы жакшы көрүнүш. Күн сайын график менен штаттык режимде иш жүрүп жатат. Эч кандай жаман окуялар болгон жок. Тескерисинче, “Альфа” келгенден баштап биздин күзөтчүлөрүбүзгө да чоң жардам болуп, тартип сакталып, айдоочулар да ыраазычылыгын билдирип жатышат. Өлкөдө көмүр казуу боюнча 44 ишканага лицензия берилген. Алардын ичинен бир эле "Кыргыз көмүр" ишканасы Кара-Кече филиалы менен мамлекетке тиешелүү. Калгандары менчик ишканалар. Учурда лицензиялар менчик ишканаларга берилбей, "Кыргыз көмүр" ишканасына эле берилсин деп маселе көтөрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Нарын облусундагы Турук, Чоң-Алайда Текелик көмүр кендерин биздин ишкананын карамагына алып жатабыз.

Түштүк жергесинде көмүр эмне себептен кымбат? Бул аймактарда көмүр Сүлүктү, Кызыл-Кыяда ачык түрдө эмес, жабык түрдө, башкача айтканда, жердин астынан казылып алып чыгылат. Анын наркы кымбатыраак. Биз болсо Кара-Кечеде ачык түрдө казып алабыз. Бул бир кыйла арзан түшөт. Күн сайын Кара-Кечеде 200 унаага көмүр жүктөлүп жатат.

“ЖЫЛДА ЭЛЕ БАА КЕСКИН КӨТӨРҮЛҮП, КАЙРА ТҮШӨТ”

Саламат Ноорузбеков, Бишкек шаарынын тургуну:

– Мен 8 жылдан бери көмүр сатып иштейм. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу баа 1000 сомго кымбат. Анткени көмүр ташып келген унаа ээлери унаанын тетиктери, күйүүчү май кымбат дешүүдө. Быйыл сентябрга жакын Кара-Кече карьери ачылган эле, ошондо 3800-4000 сомдон сатканбыз. Бирок кайра жабылып, мына жакында эле ачылды. Суук түшкөнүнө байланыштуу карьерден келген көмүрлөрдү аймактарга ташып кетүү көбөйөт. Ушуга байланыштуу Бишкекте баа дароо көтөрүлдү окшойт. Бирок жылда эле көмүрдүн баасы бир көтөрүлүп, кайра түшөт. Учурда көмүрдүн тоннасын 4500-5000 сомдон сатып жатабыз. Былтыр ушул маалда 3300дөн саткан элек. Бирок өткөн жылы Кара-Кечедеги тоо кулап кеткенде баа дароо 4000 сомго чейин көтөрүлгөн.

“КӨМҮРДҮ ТЕМИР ЖОЛ АРКЫЛУУ ТАШЫСАК, ЭЛГЕ АРЗАН ТҮШМӨК”

Сардар Камчыбеков, Бишкек шаарынын тургуну:

– Эмнеге баа кымбат деп эле элдин баары сатуучуларды жаман көрөт. Бизде эмне күнөө, унаа менен бизге жеткирип келгенде чыгымы ошончолук болот экен. Карьерге барып 3-4 күндөп кезек күтүшөт. Ал жакта бир порция тамак 300 сом болсо күнүнө тамагына эле 1000 сомдон ашык кетип жатпайбы?! Көмүрдү арзандатууну кааласа өкмөт Балыкчыдан бери темир жол аркылуу ташыш керек, ошондо арзан болот. Болбосо жеке менчик адамдар ташыса каалаган баасын коё беришет. Кечээ Монополияга каршы агенттиктен кишилер келип “бааны түшүргүлө” деп кетти. “Биз кантип түшүрөбүз, силер арзан алып келип бергиле, түшүрөлү” дедик. Биз болгону тоннасынын үстүнө 300-400 сом кошуп сатабыз. Ташып келгендер күйүүчү майга, көмүрдү жүктөткөнгө, аны кампада сактаганга төлөшөт. Кеткен чыгымдын баарын кошуп, анан ташыган кишиге деле акча калыш керек да.

“КӨМҮР САТКАНДАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ”

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Ынтымак Осмонов:

– Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер Бишкек шаарындагы көмүр саткан жана сактаган кампаларды кыдырып сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Көмүргө болгон бааны жөнгө салуу боюнча Министрлер кабинетинин токтому жакында эле чыкты. Ошол чечим күчүнө кирсе эле көмүргө болгон бааны коёбуз. Аны сатуучуларга түшүндүрөбүз. Көмүрдүн баасынын кескин өсүшү сезондук факторлордон көз каранды, элдин көмүргө болгон керектөөсү өскөн. Абалдан пайдаланып көмүр саткан реализаторлор да жогору баа коюп алышкан. Биздин кызматтын эсептөөсү боюнча, алардын кетирген чыгымдары өздөрү айткандан алда канча аз. Кыргызстанда жашагандан кийин баарыбыз мыйзам чегинде соода жүгүртүп, анын эрежелерин бузбай иш алпаруубуз зарыл,- деп билдирди.

Улуттук статистика комитети болсо 8-октябрда 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1 пайызга кымбаттаганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына таянсак, эң кымбат баа Ноокат районунда катталып, бир тоннасы 8390 сомдон болсо, Баткенде бир тонна көмүр 8377 сомго сатылууда. Чаекте 2,5 миң сом, Балыкчыда 4 миң сом, Токтогулда 4373 сом, Исфанада 6,5 миң сомго сатылууда. Ал эми Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4,5 миң сомдон деп белгиленген.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан