Алтынбек Жуматаев: “УУЛУМ ҮМҮТБЕК ПИКЕТ-МИТИНГДЕРДИН АКЫРКЫ КУРМАНДЫГЫ БОЛСО ДЕЙМ”

2020-жылдын 5-октябрь түнү Бишкекте баш аламандык учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин каза болгонуна быйыл бир жыл болду. Жакында эле президент Садыр Жапаров Үмүтбектин ата-энесине Бишкектен эки бөлмөлүү батир белекке берген. Үмүтбектин атасы Алтынбек мырза “үй эмес, балам тирүү кашымда турса ошол мага чоң белек болмок” дейт.

“СУРАНЫП ЖҮРҮП ИНИЛҮҮ БОЛГОН”

– Менин 5 балам бар, 3 кыз, 2 эркек. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында көп жылдан бери жашайбыз. Үмүтбек үйдүн экинчиси, уулдардын улуусу болчу. Кичинесинен абдан дилгир, зирек болуп чоңойду. Мектепте эжекелеринен мактоолорду гана укчумун, райондук, республикалык сынактарга катышып 40ка жакын грамота алган. Улуу кызымды турмушка берип, бир милдетимден кутулдум деп жеңилдеп отурсам Үмүтбек “9-классты бүтүп шаарга барып иштесемби, ата” деп калды. “11-классты бүтүп эле чоң окуу жайга тапшыр” дедим, бирок ал “окуп да, аны менен катар иштеп да турам” деди. Баламдын көңүлүн калтырбай макул болдум. 2017-жылы Бишкекке келип 17-кесиптик лицейдин тигүүчүлүк жана бычмачылык багытында билим алган. Окуусун бүтүп, Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштеп калды. Бизге айтпаганы менен, чоң апасына “апама айтпайсызбы, мага шерик төрөп берсинчи, мен жалгыз болбоюн, төрөп берсе эле өзүм карайм, чоңойтом” деген экен. Акыркы учурларда апасы менен бала тууралуу көп сүйлөшүп, тамаша аралаш кыйытып айтканга өттү. Ошентип суранып жүрүп 2020-жылы январь айында инилүү болгон. Инисинин атын Үмүтбек өзү Раатбек деп койду. Инисин элжиреп абдан жакшы көрдү, шеригим, орун басарым, бир боорум деп эркелетчү.

“ОЙЛОП ТАПКЫЧТЫК ЖӨНДӨМҮ МЫКТЫ ЭЛЕ”

– 7-классында болсо керек, Үмүтбектин даракка чыгып баратканын көрүп “кулайсың, түш” десем, “ата, мен даракка чөнтөк телефонумду илип койгон элем, алышым керек” деп чыгып кетти. Кийин сурасам “жомокто айтылган нерсе чын бекен текшергим келди, көрсө, чындап эле күкүктүн жумурткасын чымчык басып чыгара берет тура” деп калды. Жомокто күкүк чымчыктын уясына жумурткасын тууп кетсе чымчык аны билбей басып чыгарат. Аны балапандар менен кошо тамак ташып багат. Чоңойгондо күкүктүн балапаны чымчыктыкынан чоңураак болот да, берки чымчыктын балдарын чокулап, уядан кулата берет эмеспи. Ошол далилди тартып, улам чөнтөк телефонун кубаттап талга алпарып илип коёт. Айтор, бир нерсеге далил тапмайынча артынан түшүп алар эле.

Бир жолу короого кошунанын ую кире бергенинен “ушуну жазалап коёюн” деп чоң эки алманы уйдун эки мүйүзүнө илип коюптур. Уй тилин чыгарып алмага жетпей баратып даракты катуу сүзүптүр. Ошондон кийин биздин короого кирбес болуптур. Аны Үмүтбек кийин айтып берип күлдүргөн.

Анан дагы бир өзү кыялданган нерсесине жетпей кетти. Апасына “апа, мен блогер болом, ушул өнөрдүн өтөсүнө чыгам” деп айтчу экен. Каза болгондон кийин достору бизге айтпай сатып алган фотокамерасын, штативдерин, чөнтөк телефондорун алып келип беришти. Блогер болом деп аябай даярданган экен балам. Эми ал буюмдарын иниси чоңойсо колдонот деп катып койдук.

“ҮМҮТБЕКТИН КАЗА БОЛГОНУН ИНТЕРНЕТТЕН КӨРДҮК”

– 5-октябрь күнү "Бишкекте ызы-чуу болуп жатат" деген жаңылыкты угуп эле аялыма дароо “балаңа чалчы, тынчпы, сурап койчу” дедим. Саат 20:00дөрдө аялым чалып балам менен сүйлөшкөн, “аянтка барба, эл ызы-чуу болуп жатыптыр” деп да айткан. Үмүтбек “жумуштан эми чыктым, апа, чарчадым, үйгө барып эс алам” деген экен. Эртеси базарга курулуш материалдарын алганы кеттим. Базарда жүрсөм бир таанышым чалып, “кечээ пикетте бир бала жарадар болуп комада жатыптыр, сиздин балаңызга аябай окшош экен, балаңызга чалып сурап көрбөйсүзбү?” деп калды. Үмүтбекке чалсам албайт, СМС жазсам жооп бербейт, аялыма билдирбейин деп ичимден сызып эле үйгө келдим. Аялым да “Үмүтбек телефонун албай жатат” дейт. Ичим уйгу-туйгу болуп бир жамандыкты сезип жаттым. Чай коюп, дасторкон үстүндө отурсак эле жубайым интернеттен Үмүтбектин сүрөтүн көрүп калыптыр. Ошентип баламдын каза болгонун интернеттен билдик. Дүйнөбүз аңтарылып эле отуруп калдык...

“ТЕЗ ЖАРДАМ” КЫЗМАТЫ КУРАЛ-ЖАРАК ТАШЫБАЙ, ЖАРАДАРЛАРДЫ ТАШЫГАНДА БАЛАМ АМАН КАЛАТ БЕЛЕ?..”

– Үмүтбек айылга “мына барам, ана барам” деп жүргөндө пандемия болуп калды. Ага чейин “ата, апам экөөңөрдү шаарга алып келип, тигүү цехин ачып берем, иштетесиздер” дечү. Апасы экөө менин макулдугумду эле күтүп жүрүшкөн. Уулум 5-октябрь түнү жумуштан жашаган жерине келип аянттагы ызы-чууну телефондон көрүп отурган экен. “Үйдө отурбагыла, чыккыла” деген чакырыктарды угуп намыстанып кеткенби, айтор, достору болуп аянтка барышыптыр. Дарыгерлердин айтуусунда, баламдан өтө көп кан кетип калган, колу-бутунун кан тамырлары үзүлүп кетиптир. Сыягы, гранатаны колуна алам деп аракет кылган окшойт деп калдым. Жарадар болуп жатып калганда ошол жердеги достору Үмүтбекти көтөрүп жөө ооруканага алпарышыптыр. “Тез жардам” кызматынын машинасын оодарганга аракет кылгандадын видеосун көргөн элем. Көрсө, “Тез жардам” кызматындагылар жарадарларды ташыбай эле, солдаттарга курал-жарак ташыганын билип калган эл жаалданып, унааны аңтарганга аракет кылышкан экен. Балким, “Тез жардам” өз кызматын аткарганда балам аман калат беле деп ойлойм. Мына жакында эле президент Үмүтбектин эрдигин баалап Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунан 2 бөлмөлүү үй берди. Кубанган жокмун, үй эмес, балам тирүү кашымда турса ошол мага чоң белек болот эле. Бирок ажобуздун көңүл буруп койгонуна, Үмүтбегимдин баатырдыгын баалап эстеп койгонуна рахмат. Мындан ары өлкөбүздө тынчтык болсун. Эч ким мага окшоп боздобосун. Үмүтбек пикет-митингдердин акыркы курмандыгы болсун дейт элем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
06021701
2021-10-22 13:35:05
Армандуу дүйнө
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-10-25 09:47:48
Эч ким балам деп сыздабаса экен
0
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан