Айжамал Cатимова, 38 жашта: “ОРУСИЯДА ЖЫЛДАП ИШТЕП ТОПТОГОН МҮЛКҮБҮЗГӨ КҮЙӨӨМДҮН ТУУГАНДАРЫ ЭЭ БОЛУП АЛЫШТЫ”

Каарманыбыз Айжамал Сатимова бир жылдан бери мурунку жолдошу менен соттошуп, экөө чогуу жашап жүргөндө тапкан мүлктөрдүн бирине да ээ боло албай жатканын айтып кайрылды. “Акыйкаттык издейм, мыйзамга такап эле адамдын тагдыры менен ойной берсе болобу?” дейт ал.

“ТАПКАН АКЧАМДЫ КҮЙӨӨМӨ КАРМАТЧУМУН”

– Өзүм Өзгөн районунан болом, 2005-жылы Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында жашаган Максат Эргешов деген жигитке турмушка чыктым. Үйлөнгөн жылы эле жолдошум экөөбүз Орусияга иштегени кеткенбиз. Ал 2-3 объекттин айланасын шыпырып жакшы айлык алчу. Мен да пол жууп, үйлөрдү, кеңселерди тазалап иштедим. Ал жылдары мигрант болуп иштегендин өзү азап эле, милиция кызматкерлери жолдон өтүп баратсаң деле документ сурап, текшерип жүдөтүшчү. Мен акча үнөмдөйм деп каттоого турбай иштегендиктен милиция көрсөм эле каччумун. Көчө шыпыргычтардын атайын формасын кийип алсаң кармашпайт эле, кээде ошол формамды кийип алып кутулчумун. 24 кабат, 12 кабат үйлөрдүн подъезддерин жыйнап, полдорун жуучу элем. Ошондо жаштыгыма салып ден соолугумду аябай 3-4 жумушта иштей берген экенмин, азыр ден соолугум начар. Пол жуугандан сырткары күйөөмө да эшик шыпырганга жардам берер элем. Айына 55-65 миң рубль акча алчумун. Айлыгымды аларым менен күйөөмө карматчумун, чогулталы үй-жай салалы дечүмүн. Бир жолу айлыгымды алып келип берсем күйөөм мага 5 миң рубль карматып “ме, бул сага өзүңдүн айлыгыңдан садака” деп карматып жатпайбы. Азыр ойлосом жоош болгон экенмин. Күйөөмө ишенип тапканымды бере бериптирмин.

“КҮЙӨӨМ ЭКӨӨБҮЗ ЧОГУУ ТАПКАН МҮЛКТӨРДҮН БААРЫН ТУУГАНДАРЫНА КАТТАТЫП АЛДЫ”

– 2007-жылы боюмда болуп төрөгөнү Кыргызстанга келе жаткам, Казакстанга жеткенде толгоом келип, улуу баламды поездден төрөдүм. Бизди Казакстандагы ооруканага алпарышты, балам 15 күн ваакумда жатып анан мекенибизге кеттик. Баламды бирге чыгарып коюп кайненеме таштап, кайра Орусияга иштегени жол тарттым. Кайненем да “силерге жардам бере албайбыз, балаңды карап берем, силер иштеп үй-жай салып алгыла” деген эле. Мен Орусияга баргандан кийин кайненем балдарына “дүкөн ачып бергиле” деди, кайнатам “машина алып бергиле” деди. Балдары, анын ичинде менин күйөөм чогултуп айткандарын алып беришти. Үстүбүздө үйүбүз жок болсо да каршы болгон жокмун. Орусияда жолдошум экөөбүз иштеп жүрүп Бишкектен жер тилкелерин, Кызыл-Аскерден үй алдык. Өкүнгөнүм, жолдошум ал мүлктөрдүн баарын туугандарына каттатып койгону болду. “Паспортум Орусияныкы, өзүмө өткөргөнгө болбойт, инилерим менден үй талашмак беле?” дегенинен ишенген болчумун. Ошол убакта анын баары өзүмө мүшкүл болорун кайдан билдим. Иштеп тапканыбызды Кыргызстанга анын туугандарына сала бергенбиз.

“ОН КАТЫН АЛГАНГА АЛЫМ ЖЕТЕТ ДЕП КЕМСИНТЧҮ”

– Кыргызстанда үйүбүз бар деп 2011-жылы ноябрь айында биротоло мекенибизге келдик. Жер тилкелерибизди сатып, Кызыл-Аскерден дагы бир жер тилкесин алып 16 бөлмөлүү үй салдык. Аны квартиранттарга берип бизнес кылмакпыз. Ал үй да жолдошумдун инисинин атына катталган. 2018-жылы күйөөм экөөбүз урушуп кеттик, ал мени сабап салды. Мен таарынып төркүнүмө кеткем, артымдан барган жок. “Жашасаң жаша, жашабасаң 10 катын алганга алым жетет” деп кемсинтчү. Бул адам мени моралдык, психикалык жактан чарчатты. Дайыма кемсинтип, теңине албаганга өттү. Акча эркекти бузат тура. Орусиядан иштеп чогултуп келген акчага башында портер айдап, андан кийин кран алган. Акыркы жылдары тапканын менден жашырып такыр эле акча бербей калды. Күйөөгө баш ийиш керек экен деп эле жүрө берген экенмин. Учурда жолдошум менен чогуу тапкан мүлктү теңге бөлүүнү суранып жатам. Бирок менин атымда эч бир мүлк катталбагандыктан соттон аны утууга менин мүмкүнчүлүгүм жок болуп жатат. Аялын эшектей иштетип, маңдай терим менен тапкан эмгегиме ээ кылбай ажырашып, ЗАГСты кыркып алып көчөгө чыгарып коё берсе болобу? Акыйкаттык издейм. Улуу балам атасында, эки кичинекей балам менде. Күйөөм “колуңдан эч нерсе келбейт, менин шартыма көнүп жашайсың” деп шылдыңдап отурат.

“АЖЫРАША ЭЛЕКТЕ ҮСТҮМӨ АЯЛ АЛЫП АЛДЫ”

– Биз таарынышып ажырашабыз деп жүргөн убакта күйөөм үйдө такыр эле түнөбөй калган. Көрсө, эки баласы бар жесир келинге үйлөнүп, аны мурун мени менен чогуу жашаган батирге киргизип коюптур. Издеп барсам ошол аялы чыкты “мен квартирантмын, Максат байке үйдүн кожоюну” деди. Кошуналары мени тааныйт да. “Күйөөң ушул жакта эле ушул келин менен жашап жүрөт” деп айтышты. Биз ажырашкандан кийин алар ага-карындаш болбой ачыкка чыгып, мыйзамдуу үйлөнүшүптүр, ал аялы кош бойлуу экен. Анын ажыраша элек туруп аял алганына ыза болгон жокмун, мени эч нерсеси жок көчөдө калтырып жатканына намысым чыдабай жатат. Балдарымды мага каршы тукуруп жатат, туугандары тынчтык бербейт. Бир жолу кайненем келип “мен жаңы келин алам, үйдү бошот” деди. Бул менин үйүм эч жакка чыкпайм деп уруша кеттим. Ара - чолодо кайним келип “үй менин атымда, үйдөн чык” дейт, айтор, мени тынч жашатпай жатышат. “Кызыл-Аскердеги эски үйдү кичүү уулума белек кылып жаздырып берем, бирок менин жаңы турмушума кийлигишпейсиң, балдарга алимент төлө дебейсиң, мышыктай болуп айтканымдай кылып жаша” деген талаптарды койду. Мен макул болгон жокмун, биз чогуу жашап тапкан мүлк теңге бөлүнүшү керек. Мен ушул күйөөгө өмүрүмдү, ден соолугумду арнап оорулуу да болуп калдым.

“КӨКҮРӨКТҮН РАГЫ БОЛУШУ МҮМКҮН ДЕП ЖАТЫШАТ”

– 2018-жылы жолдошум Максат мени чачымдан сүйрөп дубал сүздүрүп сабаган, ошондо мени түрткөндө плитага барып жабышып бир эмчегим күйүп калган. “Күйөөсү сабап ооруканага түштү” деген сөздөрдөн намыстанып өзүмдү өзүм дарылап, 15 күн үйдө жаттым. Айыкпай койгонунан апамды айылдан чакырттым. Колумда 5 айлык эмчектеги балам бар эле. Сүтүм катып эмчектерим зыркырап оорутуп кыйналдым. Ошондо күйгөн эмчегимди эле текшертип дарылап, экинчисин караган эмес элек. Былтыр ошол сол эмчегимден операция болдум, дарыгерлер өтүшүп кеткен мастит экен дешти. Бирок дарыгер “рак клеткаларына да анализ тапшырып коюңуз, күмөн санап жатам” деди. Азыр ооруканага баргандан коркуп отурам, анализ тапшырганга да акчам жок. Күйөөм “мени менен соттошсоң, ошондой күндөрдү көрөсүң” деп мыскылдап жүрөт. Айлам калбай, акыйкат издеп силердин гезитке кайрылдым.

Экинчи тараптын оюн да угуу максатында каарманыбыздын жолдошу Максат Эргешовго байланышсак, ал ооруп жатканын айтып, кийинчерээк бул окуя боюнча жооп берерин билдирди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-10-25 09:38:42
Оо Аллахым эшекке жазаңды токтоосуз бере көр,кор болсун, азапталсын.Эч нерсеге жарабай,баары таштап кетсин оомин.
+12
elmira.
2021-10-25 10:21:39
Baktyluu_bolgum_kelet,ниетиниз жаманго
-2
suluktu
2021-10-25 11:33:08
Супер инфо 2 адамды уруштуруп эле журосунор да.
-3
Sajakat14
2021-10-31 13:08:56
suluktu,эмне кылып уруштуруп тур?
+1
Paprikafm
2021-10-25 14:14:39
Ушундай эркектердин айынан, бардык кыргыз эркектерине соз тийет, бети жок эшшек, тууганда жакшы, иштеп акча бергенде жакшы, ойнош таап алып эле катын жаман болуп калдыбы, жарым мулкун берип кой, каарыганда калжандабай,
+11
Tyttty1990
2021-10-25 14:38:46
Кран айдаган максат тааныйм ал кишини.
Бирок анын да версиясын угуш керек. Мага башкача айткан
+3
Birimdik5555
2021-10-27 11:02:37
Tyttty1990,анын версиясын укканда деле мулкту экиге болуш керек да
+4
Sajakat14
2021-10-31 12:55:25
Birimdik5555,ооба кандай болгон күндө дагы мүлк экиге бөлүнүшү керек! Аялын лакылдатып иштетип акча таптырып, кошо мүлк алса жакшы. Анан өзү кыйтырланып ажыраша элек жатып аял алып алып ажырашса, аялы эмнеге бир тыйыны жок талаада калыш керек! Аялдын кайната кайненелери деле акылы жоктор экен! Улуулук, акылмандык кылып аялга дагы мүлк бөлүп бер деп акыйкат болуш керек болчу! Аялдын тапкан акчасы, төрөгөн балдары жакшы анан өзү жаман болуп калмак беле! Кудайдан корккула! Бул аял күйөөсүнө ишенген
+2
Sajakat14
2021-10-31 13:02:12
Tyttty1990, кандай гана болбосун мүлк экиге бөлүнүшү керек! Үч баланын дагы мүлккө акысы бар! Аял дагы энеси катары балдардын, кошо акча таап иштеген адам катары мүлккөө ээ болгонго акысы бар! Ден соолук, убакыт деген эшикте талаада жатпайт! Орто кылым эмес адамдардын эмгегин төлөбөй бекер колдонуп, кул кылып анан башка кул таап алып ооруп калганын талаага калтырып койгондой! Анча мынча мүлктү көтөрө албай көөптүрда!Бул аялды дагы Кудай жараткан.Кудайдын пендеси!
+2
akmanai
2021-10-25 17:28:20
Канчалык куйоолорубузго ниетти туз койсок да чогуу тапкан уйду же озубуз салып жаткан уйду озубуздун атыбызга каттатып койсок бул озубуз учун туура болот. Балдар энесинде калгандан кийин сот да аялдын пайдасына чечип берет. Уй аялдын атында болсо балким кээ бир эркектер ажырашкандан да коркуп жашайт
+3
Erkusha
2021-10-26 15:32:09
Күнөө эч качан бир тараптан болбойт
-3
meni_kut
2021-10-27 08:33:20
Erkusha,Бирок бироонун эмгегин деген да болбойт
+3
meni_kut
2021-10-27 08:35:28
Окунучтуу...жат адамга деле жардам бересиң ,бул өз балдарынын апасы го...
+6
Birimdik5555
2021-10-27 11:05:19
2005чи жылы Москвада иштоо кыйын болчу, пол анан идиш жуугандан башка ишке албайт эле,каттого да азыркыдай койбойт эле.
+2
Infokur01
2021-10-28 00:09:31
Эркек адам уйбу участокпу эгер балдары болсо аял кишиден куноо кетседа балдары учун бериш керек аял киши алсыз болот акыйкат кимде аны Алла билет биз пенделер эч нерсени билбейбиз бирок аял кишиге берип коюш керек менимче
+4
Sajakat14
2021-10-31 12:48:19
Infokur01,албетте аял, эркек болобу алсыз болот тапкан акчасын каалагандай иштетип туруп, сабап, оорулуу кылып туруп эшке кууп жатса! Эшектей иштеп, ден соолугун, жаштыгын кошо салып акча табышып кошо күпүлдөп иштеп күчтүү аял экен! Аял кошо иштешпегенде азыркы мүлктөрүнүн жарымы жок болмок!Бул аял буюм эмесда. Бул дагы адам,инсан,Кудайдын пендеси.Иттин ээси болсо бөрүнүн Кудайы бар дегендей адамдар сурап алаары жок талаада жаткан буюмдар эмесда!Кээ бир акылы жоктор акчалуу болсо көөп кетишет!
+2
Sajakat14
2021-10-31 12:41:18
Тиги дүйнөгө үйлөрдү кошо алып кетчүүдөй болбой! Ушул мүлктүн баарын эркектики болсо бир жөн. Аялды эшектей иштетип, акчасына мүлк сатып алып анан бир тыйынсыз көчөгө тыштап коюп анан башка аял менен бактылуу жашаганы жатат. Күйөөнүн баары эле аялдын 100% угуп баш ийүүгө татыктуу эмес экенда. Аялдар күйөөңөр куураак экенин байкасаңар банктан эсеп ачып тапкан акчаңардан четке чогулта жүргүлө. Болбосо кандай абалда калышы мүмкүн экенин окудук!
+1
Sajakat14
2021-10-31 13:17:16
Акырындык менен Кыргызстан дагы никелик келишимге баратат окшойт! Ажырашып кетишсе жубайларга кимге эмне тиэт деген суроону такташ үчүн! Ажырашкандан кийин талаада калуу туура эмес! Адамдардын баары эле акыйкат жүрө бербейт. Адамдар өз ден соолугуңузду, эмгегиңерди, убактыңарды сыйлагыла. Биздин мыйзамдар акчалууга эле иштейт экенин билесиңер! Нике келишимин түзөбүз деп эле башында ачык айтыш керек. Адамдар Кудай эмес аларга 100процент ишенип, баш ийгидей.Байлыкты көтөрө билгени, билбегени бар.
+1
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан