Аида Жаманкулова: “ЧАЧЫРАП КЕТКЕН 5 БАЛАМДЫ ЧОГУЛТУП БИР ҮЙДӨ ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ”

Редакциябызга түрдүү тагдыр ээлери кайрылышат. Алардын көбү айымдар. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып кордук көргөнүн айтышат. Бүгүнкү каарманыбыз 6 баланын энеси Аида Жаманкулова да аянычтуу тагдырдын ээси. 5 жылдан бери мамлекет алып койгон 2 баламды өзүмө ала албай жүрөм дейт.

“БАТИРГЕ ТӨЛӨГӨНГӨ АКЧАБЫЗ ЖОК КӨЧӨДӨ КАЛДЫК”

– Менин атым Аида Жаманкулова, 38 жаштамын. Мамлекет алып койгон 2 баламды 6 жылдан бери өзүмө ала албай жүрөм. 2015-жылы биринчи жолдошум, 5 балам болуп Ак-Ордо конушунда батирде турчубуз, балдарыбызды бага албай кыйналдык. Күйөөм көп ичип бөтөлкөнүн түбүнө түшүп алды. Бизди бакпайт, азык-түлүк алып келбейт, тапканына ичет. Батирге төлөгөнгө акчабыз жок көчөдө калдык. Балдарым кичине эле, эң кичинекейим 1,5 жашта, андан улуусу 3 жашта, калгандары улуураак болчу. Жолдошум ичип келген күнү күн көрсөтпөйт, мени үйдөн кууп чыкчу. Андан качам деп жөө-жалаңдап суук күндөрү арыкта, көчөдө жатып калган күндөрүм болду. Балдарым ачка калганда эки кичинекейимди жетелеп алып тилемчилик кылып кайыр сурап да жүрдүм. Бир жолу дүкөнгө карызга нан алганы кирип кетсем, жолдо бара жаткан МАИ кызматкерлери унаасы менен токтоп, жолдо үшүп турган балдарымды алып кетип калышыптыр. Артынан мени да алып кетип “Сезим” кризистик борборуна жайгаштырышты. Андан соң Октябрь РИИБине алып барып тиешелүү документтерди толтургандан кийин мени кетирип жиберишти. Балдарым калган. Анткени аларды бакканга үстүмдө үйүм, жегенге эч нерсем жок эле. Кийин барганда мени ата-энелик укуктан ажыратып коюшканын билдим.

“ЖОЛДОШУМ БАЛДАРДЫН ҮЧӨӨСҮ МЕНИКИ, КАЛГАНЫ МЕНИКИ ЭМЕС ДЕПТИР”

– Биринчи жолдошум Жумгалдын Кайырма айылынан болот, экөөбүз 8 жыл чогуу жашадык. 3 балалуу болгондон кийин ажырашып жүрдүк, кийин жарашып, дагы 2 бала төрөдүм. Балдарымды мамлекет алып койгондон кийин жолдошум Октябрь райондук акимиатына барып, “3 бала меники, калганын ар кимден төрөгөн” деп 3 баламды өзүнүн туугандарына берип жибериптир. Кичинекей 1,5 жана 3 жаштагы балдарым ошол жакта калыптыр. Кантип өз канынан жаралган балдарын таштап коёт? Мен азыр ДНКсын текшерткенге даярмын, ал балдар ошол күйөөмдүкү. Балдарымдын документтери да жок эле, социалдык кызматкерлер 2 баламдын документин жасап Жумгалга “балдарды алгыла” деп барышыптыр. Бирок карыган апамдын кичинекей балдарды караганга чамасы жок алардан баш тартыптыр, мен шаарда элем. Учурда ал балдарым кайсы балдар үйүндө экенин билбейм. Азыр алар 8ге, 6га чыгып калышты. Ошол балдарымды ойлоп күнү-түнү жүрөк сыгылат. Жатып алып “балдарымды колума алсам, баарыбыз чогуу бир үйдө жашасак” деп кыялданып буркурап ыйлайм. Жолдошумдун туугандарында жүргөн 3 балам менен чалышып сүйлөшүп турабыз. Угушумча, ал балдарым да аябай запкы көрүптүр. 16 жаштагы улуу баламды Чаекте базарда сүт саттырышат экен. 3 балам жолдошумдун бир тууган агасынын колунда, ал агасы абакка отуруп чыккан, балдарга кандай мамиле кылып жатат деп санаам онго бөлүнөт. Айылга балдарыма барайын десем “балдарга жолобо, сени ата-энелик укуктан ажыратышкан, кесилип кетесиң” дешти.

“ИЧИП КЕТИП ЖАҢЫЛДЫМ, ЖАЗДЫМ, АЗЫР БАШКА ЖАШООНУ КААЛАЙМ”

– Силердин гезитке бир жолу чыкканда мени көбү “өзү ичкич аял болчу, балдарын жетелеп алып тилемчилик кылчу” деп айтышыптыр. Ооба, ошол кезде күйөөм ичсе, мен 5 бала менен кыйналып күйүтүмдү арактан чыгардым окшойт. Ичкенде деле аракеч болуп кеткен жокмун. Турмушу начар болсо аял киши бат чөгүп кетет экен. Колумдан эч нерсе келбей калганда күчүмдү ичкиликтен чыгардым. Азыр жашоом такыр башка нукта. Балдарымды чогултуп пол жууп, идиш жууп болсо да иштегим келет. Балдарымдын кашымда болушун каалайм. Азыркы никемден 4 жаштагы кызым бар. Күйөөм жин оорусу менен ооругандыктан, ал да кол көтөрүп, уруп-сабаган адат таап алды, кичинекей кызына да кол көтөрөт. “Балдарымды таап чогуу жашайм” десем, “5 балаңды бага албайм, өзүң карай бер” деди. Бул жолдошум менен деле турмушум болбочудай.

Каарманыбыздын 81 жаштагы апасы Гүлсана Жаманкулова: “КЫЗЫМДЫ ЗОРДОП АЛА КАЧЫП КЕТИШКЕН”

– Мен базарга кеткен элем, кызымдын биринчи жолдошу үйгө кирип, абышкамды чыгарбай эшикти жаап, кызым кир жайып жаткан жеринен ала качып кетишиптир. Ачуум келип, барып алып кетейин десем 100 кемпир чогулуп алып ызылдашат. Ошентип аларга баш ийип отуруп калган. Байкуш кызым 21 жашта болчу, ошончо кемпирдин каргышына калбайын деп кызымды калтырып койдук. Ал баланын ичкич экенин Кайырма айылынын баары билет экен, биз билген эмеспиз. Ичип жүрүп менин кызымды да ичкиликке азгырды. Кызымдын турмушу начар чыкты. Күйөөсү “азыр ажатканага чыгып келейин” деп эле дүкөндөн ичип келет экен. Дайыма бети-башы көк ала, ошол шумпай менен жашагандан бери жашоосу тыңгылыктуу болгон жок. Мен жардам берейин десем пенсиямды карап жашаган карыган кемпирмин. Минтип эчкиникиндей өмүрүм калганда кызыма неберелеримди издешип жүрөм. Азыркы күйөөсү деле тың чыккан жок, экөөнүн 4 жаштагы кызы бар. Ысык-Көлдөн Бишкекке аял алам деп келип, менин кызымды көрүп үйлөнүп алыптыр. Бул күйөөсү да ичет, сабайт. Кызым балдарымды издейм десе “5 балаңды бакпайм” деп эле айтты. Байкуш кызым балдарын чогултуп өз колуна алса деп эле тилек кылып отурабыз. Бирок азыр үйү жок, батирде турат, “үйүң жок болсо мамлекет балдарды бербейт” деп жатышат. Балдарды алып калса кандай жумуш болбосун иштемек да.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: 0704 303 717, Аида Жаманкулова

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kari
2021-11-01 13:00:41
Азыркы учурда аял киши куйоосу болгондо да баланы озу бага алабы,камсыздай алабы,пландап,кучу жетсе торосо.Саны бар болгону менен эне мээримине тойбосо,балага да кыйын.5 баласын алганы менен уй жайым жок деп,бага албай жатам деп,дагы ,дагы...
Колдой турган арасы бар экен,озу да апасындай боло алабы балдарына...
+2
Erlan_95
2021-11-01 21:07:12
Озу балдарын карабай жалдырап журуп эми айтып атканын кара баламды иштетитшет экен деп. Эчтеке болбойт. Сен мээнди иштетип, бир жеринди тыйбасан балдарын журо берет чачырап. Алына жараша торобойсунбу. Эми ойлонуп калганын
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-11-02 11:35:25
Балдары чогулта албай жатып дагы күйөөгө тийген кандай?Аны да убал кылып
+3
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан