Алтынай Кулукеева, блогер: “КОРЕЙЛЕРДЕ “ПОДКАБЛУЧНИК” ДЕГЕН ЭСКИ ТҮШҮНҮК ЖОК”

Түштүк Кореяда жашоо эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Бул өлкөнүн кандай кемчиликтери же кыйынчылыктары бар? Мекендешибиз Алтынай Кулукеева көптөр кыялданган Түштүк Корея тууралуу кызыктарды айтып берди.

– Салам, Алтынай? Алгач окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

– Аты-жөнүм Алтынай Кулукеева, 35 жаштамын. Бишкек шаарында төрөлгөм. Атам кесиби боюнча мал доктур, апам мугалим. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Мен улуусумун, иним жана сиңдим бар. Ата-энем мени жогорку кызматта иштеген мамлекеттик кызматкер болсо дешчү, мен болсо сахнаны кыялданчумун, ырдаганды сүйөр элем. Бир убакта сахнаны багындырууга аракет кылып жүргөнүмдө “Супер-Инфо” гезитине чыгууну кыялдангам. Тилекке каршы, ырчы болуу кыялым орундалган жок, бирок силерге минтип маек берип жатам. Эми кыялдарым орундалды деп ишенимдүү айта берсем болот (күлүп).

– Ырчы болууну кыялданган кыз кантип башка кесипти аркалап калды?

– Убагында ата-энем ырчылык туруксуз кесип дешип, искусство институтуна тапшырбай калдым. БГУда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде окудум. Окууну бүтөрүм менен Жогорку Кеңешке жумушка кирип, парламентте 9 жыл иштедим. Ошону менен ырчы болом деген кыялым унутулду, бирок кызыктын баары кийин башталды. Кеңседеги жумуштан мен өзүмдү жоготуп коём деп ойлочумун, бирок жумушумдан күндөн-күнгө ырахат алып жаттым. Жогорку Кеңештин протокол бөлүмүндө иштегендиктен менин милдетиме расмий жолугушууларды уюштуруу иштери кирер эле. Башка өлкөдөн келген делегация мүчөлөрүн аэропорттон тосуп алуудан баштап, концерттик программага чейин уюштурабыз. 9 жыл ичинде менин чыгармачыл табиятым жабыркаган жок, тескерисинче, өзүмдүн чыгармачылыгымды башка өңүттө ача алдым.

– Кантип корей жигитине турмушка чыгып, Түштүк Кореяда жашап калганыңыз кызыктырат...

– Чынында, башка улуттагы адамга турмушка чыгууну, чет өлкөдө жашоону эч качан кыялданган эмесмин. Тескерисинче, башка өлкөдө эч качан жашай албайм дечүмүн. Көрсө, тагдырдын жолу башка тура. Жолдошум Пак Ёонг У менен Бишкектеги бизнес жолугушуулардын биринде таанышканбыз. Эжемдин корей ишкерлери менен бизнеси бар эле, жолугушуулардын бирине мен да барып калдым. Ошол жактан Пак мени көрүп жактырып калган экен. Абдан чечкиндүү, жоопкерчиликтүү, жөнөкөй мүнөзү менен көңүлүмдү жибитип алды. Аны менен таанышканда 30 жашта элем. Жашоодо сүйүү менен гана үй-бүлө куруу аздык кыларын түшүнүп калган курагым болчу. Жолдошум менен акыл деңгээлибиз, мүнөзүбүз, жашоого көз карашыбыз төп келип, үй-бүлө курууну чечкенбиз. Үйлөнгөндөн кийин 2 жыл Бишкекте жашадык. Уулум Минхону төрөгөндөн кийин декреттик өргүүгө кеттим. Жолдошумдун негизги жумушу Түштүк Кореяда болгондуктан бул жакка биротоло көчүп келүүгө туура келди. Учурда Сеулдан алыс эмес жайгашкан Сувон шаарында жашайбыз.

– Биринчи жолу Кореяга барганда кандай сезимдер болду? Корейлер ачууга жакын дешет, тамак-ашынан кыйналган жоксузбу?

– Биринчи барганда көп деле суктанган жокмун. Себеби ага чейин көп өлкөлөрдү кыдыргам, сезимдер ошол өлкөлөрдүн бирине барган сыяктуу эле болгон. Биз биринчи жолу жай айында күйөөмдүн ата-энеси менен таанышканы келгендиктен жай бул өлкөдө болуп көрбөгөндөй коркунучтуу мезгилдей туюлду. Абдан ысык, ным, айлап жааган жамгыр. Жамгыр жааса жерден ысык чыгып өзүңдү мончонун буу бөлмөсүндө отургандай сезесиң. Тамак-ашы боюнча, чочконун этин жана ачуу жебеген адам үчүн корей ашканасына көнүү кыйыныраак. Суусунун даамы, азык-түлүктөрдүн даамы баары бир бул жакта башкача. Кыргыздын даамын сагынасың.

– Көпчүлүк мырзалар кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө материалдык гана кызыкчылыкты ойлоп турмушка чыгышат дешет...

– Эшикте 21-кылым, адамдар улутуна карабай бири-бири менен табышып, сүйүшүп жашап жатышат. Адамдардын ой жүгүртүүсү ар башка, кээ биринде эски стереотиптүү ойлор сакталып калган. Өзүмө келсем, жолдошум олигарх эмес, кадимки эле орто жашаган корей жараны. Мен үчүн адамдын өзү маанилүү, улуту экинчи планда. Мен турмушка чыгып жатканда ата-энем каршы болгон жок. Атам тараптан туугандарымдын баары динди бекем тутунган адамдар, алар да биздин никеге батасын берип, жакшы сөздөрүн арнашкан.

Корей мырзалары кандай, кинодогудайбы?

– Корей мырзалары үй-бүлөсүнө карамдуу, жумуштан кийин аялына тамак жасашат, үй жыйнашат. Идиш жууганды аялдын жумушу дебейт. Баласына сүт берет, жалаягын алмаштырат. Дүкөндө болобу, кинодо болобу, дайыма баласын көтөрүп аялын коштоп жүрөт. Айтор, бизде “подкаблучник” деп эсептеген көрүнүштөр корей мырзасы үчүн кадимки нерсе. Мындай мырза менен кантип бактылуу болбойсуң?

– Уулуңуз Минхо белгилүү корей актёрлору менен тасмага тартылып жатканын жазып каласыз...

– Ооба, учурда корей киносу жаңы демде жашап баштады. Жакында эле жарыкка чыккан “Кальмар оюну” тасмасы буга мыкты мисал боло алат. Корей жылдыздарын көп эле көрдүм, кала берсе чогуу тасма талаасында жүрдүк. Себеби 5 жаштагы уулум Минхо корей тасмаларына тартылып жүрөт. Актёрлук чеберчилик багытында билим алууда. Уулум Айю, Кан Дон Вон, Кан Сон Хо, Пэ Ду На, До Кенсу (ЕХО тобундагы Дио), Ким Хэ-сук сыяктуу белгилүү корей актёрлору менен тасмага тартылууга жетишти. Мындан сырткары “Инспектор Ку” кыска метраждуу фильминде эпизоддук роль ойноду.

– Кыргызстанга кайтып келесизби?

– Үй-бүлөм кайсы жакта болсо, ошол менин үйүм. Учурда биздин турмуш шартка Корея ыңгайлуу болуп турат. Эгер Кыргызстандан бизнес же жумуш кылууга сунуш болуп калса ал жакта жашаганга деле даярбыз. Пандемияга чейин тез-тез Кыргызстанга барып турчубуз, азыр мүмкүнчүлүк болбой жатат. Чек ара маселеси чечилсе эле барабыз.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ansar
2021-11-03 00:07:56
Жакшы, аны жетелеп бейишке киришинизди каалайм. Болбосо ал сизди жетелеп тозоко кирет.
-1
Mister-XXX
2021-11-04 20:30:02
Кой келбей эле журо бер.Ата-энен сени корейге турмушка чыкканга макулдугун бергенине ишенбейм.21 кылым деп уят-сыйыт,ар намысты сатып кеткенинди туура деп ойлойсунбу?21 кылымда деле өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары өз элине,мекенине болгон сүйүүсүн башкага алмаштырбай эле жүрүшөт.Бул сенин кыска,жеңил ойлуулугуң.Бул жакта"подкаблучник"жок деген эле сөзүң акылыңдын кыскалыгын билгизип турат.
-1
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан