3 АЙ КҮН, 3 АЙ АЙ ТИЙБЕГЕН КЫШТУТ АЙЫЛЫ

“Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут айылы бийик тоолордун ортосунда, климаты катаал жерде жайгашкан. Эл узун өзөндү бойлоп жайгаша бергендиктен айылдын узундугу 6-7 чакырымды түзөт. Бир башынан экинчи башына ат, эшек менен жетүү керек”,- деген айылдын башчысы Исамидин Назиров Кыштут айылы менен тааныштырат.

Райондун борборунан – 55 чакырым алыс жайгашкан

Кожолуктун (түтүн) саны – 338

Элдин саны – 1371 адам

Айылдын аянты – 4795 чарчы чакырым

Элдин үлүш жери – тоолуу жер болгондуктан айдоо жери абдан аз, жалаң таштак жерлер. Ар кожолукка 1,92 сотых үлүш жер тийген.

Айылда мектеп, ФАП, айылдык китепкана бар.

Окуучулардын саны – 200

АЙЫЛ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫШТУТ АТАЛЫП КАЛГАН?

– Айыл эмнеге Кыштут аталып калганы боюнча 3 түрдүү божомол бар.

Биринчиси, илгери жапайы илбээсин, куштар гана мекендешчү экен. Кийин эл отурукташканда илбээсиндерди кармап, тамак-ашка колдоно баштаптыр. Ошондуктан “куш тутуучу” деп аталып жүрүп “Кыштут” болуп калган дешет.

Экинчиси, айылга 15-ноябрдан тартып 5-февралга чейин күн тийбейт. Күн нурларын бийик тоолор тосуп калат. Ошондуктан күн тийбеген учурдан тартып “кышты тут” деп жүрүп Кыштут аталып калган дешет. Жайында болсо 3 ай бою ай көрүнбөйт, айды да бийик тоолор тосуп калат. Ушул себептүү жайында түндөрүбүз караңгы.

Үчүнчүсү, илгери бул жакта чоң эки түп тыт дарагы болуптур. Тургундар “отунду кош тыт жакка барып алып келдим” деп жүрүп “Кыштут” атка конгон дешет.

“АЙЫЛДЫН ЖАРЫМЫ СУУНУ ӨЗӨНДӨН ИЧЕТ”

– Айылдагы жол эзели асфальтталган эмес. Райондун борборуна 1,5-2 саатта Сох анклавы аркылуу өтүп баруу керек. 15 чакырымдай тоонун боору менен жүрүп отурасың, жолдун бир капталы аң, сай. Айылдан райондун борборуна 1 күндө 1 жолу гана маршруттук такси каттайт.

Айылда негизи узун 2 көчө бар, “Күнгөй” жана “Тескей” деген. Калган көчөлөр майда, баары биригип 13 болот. Суу түтүгү биздин айылдан башталып коңшу айылга кетет, бирок айылдын жарымы өйдөлүштө жайгашкандыктан суу чыкпай калат да, ал жактагы эл сууну өзөндөн ичкенге аргасыз.

Айылдагы дүкөндөрдө көп жылдан бери спирт ичимдиги, тамеки сатылбайт. Уюлдук телефон мурун айылдын жарымында тартчу, 2019-жылдан тартып толук тартып баштады.

Союз учурунан бери эл телевизор көрө албай келген. 2018-жылы санариптик телемунара орнотулуп, 15 канал көрүп калдык.

Орусияда үй-бүлөсүнүн жок дегенде бири иштебеген бир да кожолук жок. Анткени айылда жумуш жок, иштеткенге жер үлүшү да өтө аз. Жер иштетүүдө трактор менен кошо ат, эшек да колдонобуз.

“МЕКТЕП КУЛАП КАЛУУ АБАЛЫНДА”

– Мектеп 1968-жылы ашар жолу менен сынч ыкмасында салынган. 2016-жылы ӨКМ “кулап калуу абалында, колдонууга болбойт” деген тыянак чыгарып берген. Бирок балдарды окута турган башка жай жок болгондуктан Кудай сактасын деп алигиче колдонуп келебиз. Дубалдарынан жарака кеткен, бир жагына кыйшайып калган, каалаган убакта урап калуу коркунучу бар. Ичи ным тартып турат. Чатыры да эскирген, тамчы өтөт. Полу чирип калган. Жылда эле жаңы мектеп салынат делет, бирок эмдигиче салына элек. Мектепте 20 мугалим иштейт.

Бизде 6 ай кыш болгондуктан мектепке бир кышка 30 тонна көмүр керектелет. Класстарда илгеркидей “буржуйка” мештер бар, ошолорго от жагылат.

Кызыгы, быйыл 6-класста окуган 17 окуучунун баары эркек балдар. Алар 1-класс кезде арасында бир гана менин небере кызым бар болчу. Эркек балдар арасында ыңгайсыз болуп, 2 апта окуган соң окубай койгон. Азыр ал 5-класста окуйт.

“СУУК ТҮШКӨНҮ КАРЫШКЫРЛАР ТЫНЧТЫК БЕРБЕЙТ”

– Малга чөп чаап алчу жайыт да жок, эл 5-10 уй-торпок, 20 чакты кой-эчкиден ашык бага албайт. Айылдыктар насыбай жасалчу тамеки, картошка, жашылча, жүгөрү эгет. Тамекиден 200-300 килограммдай түшүм жыйнап, анын килограммын 180-200 сомдон сатышат. Эл мигранттар салган акча менен жан багат. Көмүрдүн тоннасы 8000-9000 сомго дейре. Тезек жагабыз үйлөргө.

Айыл өкмөттүн карамагында жер жок, 1992-жылдан бери там салганга эч кимге жер тилкеси бериле элек.

Тоолуу жер болгондуктан суук түшкөнү карышкырлар тынчтык бербейт. Өткөн аптада эле менин бир ноопасымды, коңшубуздун 3-4 коюн кырып кетти. Айылдагы 3 мергенчибиз аларды атып, коркутуп-үркүтүп турат.

КЫШТУТТАГЫ ӨЗГӨЧӨ ТАМАКТАР

Үйрө. Камырды жууруп, кесип, шамалдуу жерге илип кургатат. Эт, картошка, болгар калемпирин куруп, суу куюп, ал кайнаганда камырды салып бышырат. Эл муну “айыл лагманы” дешет.

Курутаба. Унду кызартып кууруп, анан суу кошуп суюгураак атала кылып кайнатат. Анан кургатылган курут колго эзилип аталага кошуп кайнатылат. Кеселерге куюп, үстүнө эриген сары майды куюп жиберет.

ТЕРЕКТИН БАШЫНА САЛЫНГАН ҮЙ

– Айыл кооз жерде, андыктан эл туризмди өнүктүрүү аракетинде. Бирок четки район болгондуктан туристтер аз келет. Өткөн жылы америкалык туристтер келип, табиятыбызга суктанып кетишкен. Айылдашыбыз Дүйшөнкул Жапаров чынар теректин башына, 12 метр бийиктикке, боз үй формасында темирден кичине үй жасаган. Ичине 6 адам батат. Тепкичтери талдан, кармагычтары темирден.

175 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР ТАШ МОНЧО

– Айылдагы аксакал Үсөнбай Сабировдун багында 1846-жылы курулган мончо бар. Мончону анын чоң аталары Жапаркул молдо салдырган экен. Ал убагында медресе ачып балдарды окутуптур. Мончонун узундугу 7, туурасы 3 метр. Мончо көп жылдардан бери колдонулбай калган. Бирок аны архитектуралык эстелик катары молдонун туугандары карайт, сыртын оңдоп коюшкан. Полу цемент, бирок алдында мешке уланган түтүктөр болгондуктан полу дайыма жылуу болуп турганын айтышат.

ЭЛДИН КҮНҮМДҮК ЖАШООСУНАН

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nursul
2021-11-08 21:11:05
Эң Сонун жер экен го, сууну өзондөн ичкенге аргасызбыз деп кейибегиле, шүгүр деңиздер сууну берип койгонуна Аллахка шүгүр. Таза суусунун аты эле болбосо нерсе таза хлор салынат агып жаткан суудан жата калып ичкен күндөрдү сагындык.
+4
surgeon777
2021-11-09 23:27:48
Абдан кооз жер экен,элдери да эмгекчил,аман болунуздар!
Ушундай озгочо болгон айыл-кыштактарыбыз менен тааныштыра бериниздер,кызыктуу макала болуптур,рахмат!
+2
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан