Энергетикалык “вампирди” кантип аныктаса болот?

Жумушта же жеке жашоодо энергияны соргон адамдар менен күрөшүү оор экенин билебиз. Алар өздөрүндө адамдарга терс таасир этүүчү “ууларды” алып жүрүшөт. Көбү башында абдан жагымдуу көрүнөт. Көбү көз боёмочу болгондуктан, башкаларга жакканды жакшы өздөштүрүшкөн. Психологдордун айтымында, энергияңызды соруп, маанайыңызды бузуп, ишиңизге тоскоол болгон адамдарга мүнөздүү белгилер бар.

1. Башкаларды жамандайт

Эгерде сиз менен баарлашкан адам башкаларды дайыма сындап же жамандай берсе, сиз “уулуу” адам менен мамиле түзгөнсүз же эми түзүп жатасыз. Көзүңүз жок кезде ал сизди да жамандайт.

2. Дайыма арызданат

Көпчүлүк “уулуу” адамдар арыздануу жактан чемпион болушат. Алардын арыз-муңун жана тынымсыз даттанууларын угуу маанайыңызга, ишиңизге, атүгүл ден соолугуңузга да терс таасирин тийгизет. Себеби сиз алардын ичиндеги “мусорун” төкчү чакага айланып каласыз.

3. Өзгөчө мамилени талап кылат

Келишимге кол коюуга саналуу гана күндөр калганына карабастан, булар сизден өздөрүнүн түзөтүүлөрүн кабыл алышыңызды күтүшөт. Эгер жаңы таанышканыңызда эле сизден жардам сураса, сиз менен жакындан таанышкандан кийин эмне сураарын элестетиңиз. Убакыттын өтүшү менен көз боёмочулук кыла башташат. Мындан тышкары көп мактанышат.

4. Коргонууга мажбурлайт

Мындай адамдар тымызын иш жүргүзгөндүктөн, көз боёмочулук кылып жатканын байкабай каласыз. Бирок күтүлбөгөн жерден жаңы эле таанышкан адамыңызга эмне үчүн тигил же бул тандоону жасаганыңызды түшүндүрүү, же сиз жетектеген уюм анчалык жаман эмес экенин далилдөө зарылчылыгын сезесиз. Сизди дайыма өзүңүздү, аракетиңизди, ишиңизди коргоого мажбурлаган адам энергияңызды “уурдап”, убактыңызды текке кетирет.

5. Сиздин көйгөйлөрүңүз кызыктырбайт

Сиз алар тууралуу жакшы маалымат аласыз. Алар болсо сиздин эмне менен алектенериңизди да сурап коюшпайт. Жашооңуз кызыктырбайт. Мындай адамдардан сак болуңуз. Эгерде ушундай адамдар менен аз убакытка сүйлөшкөндөн кийин эле өзүңүздү чарчаңкы сезсеңиз, мамилени улабай эле коюңуз.

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК “ВАМПИРЛЕРДИН” ТӨМӨНКҮ БЕЛГИЛЕРИ ДА БАР:

  • Көз боёмочу;
  • Алар бардыгын ак-кара кылып көрүшөт: адам же өтө жакшы, же өтө жаман;
  • Дайыма кыжырданып жүрөт;
  • Баарын көзөмөлдөйт;
  • Катуу же акырын сүйлөйт;
  • Жумушта интимдик темаларды, ушактарды айтат;
  • Терс окуяларга артыкчылык берет;
  • Ыңгайсыз убакта телефон чалып, оңтойсуз абалда калтырат;
  • Адамдын чек арасынан өтүп керексиз сөздөрдү сүйлөйт.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан