Калысбек Жайчыбаев: «КҮНҮГӨ 20дай ТӨШӨК КӨКТӨЙМ»

Апасынан кичинесинен үйрөнгөн узчулукту “бул аялзатка тиешелүү иш” деп жерибей 10 жылдан бери алып келе жаткан жигит бар. Ал – Калысбек Жайчыбаев. Кичи мекени Токтогулдун Өзгөрүш айылынан болгон 26 жаштагы каарманыбыз төшөк көктөп айына 50 миң сомдон ашык киреше табат. Сөз каарманыбызда.

– Үйдө кыз бир тууганым жок, төртөөбүз тең эркекпиз. Андыктан апама кичинебизден кол кабыш кылып жүрүп көп нерселерди үйрөндүк. Апам уз, чебер аял. Төшөк курайт, шырдак шырыйт, жууркан көктөйт. Айылдыктар, ал тургай коңшу айылдан бери кыздарына сеп бергендер апама буюртма берип калышат. Апам жетишпей жатканда биз жардамдашып калчубуз. Ошентип жүрүп шырдак шырып, төшөк, жууркан көктөгөндү агам экөөбүз мыкты өздөштүрүп алганбыз. Тагыраак айтканда, мен узчулукка 12 жашымдан баштап аралаштым.

Кийин мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырып, экономист адистигине ээ болдум. Бирок ал адистигим боюнча иштебей, апамдын жолун улап узчулукка ооп кеттим.

10 жылдан бери ушул жаатта иштеп келе жатам. Учурда бир дүкөндүн цехинде иштейм. Буюртмага жараша 1 күндө 10-20 чакты төшөк көктөйм. Иштегениме жараша айына 50 миң сомдон өйдө табам.

Мен тууралуу видео социалдык тармактарга тараган кезде көпчүлүк менин ишимди колдоп, ийгилик каалап жатышты. “Ушул да эркектин ишиби? Башка иш кылсаң болбойбу?” деген сыяктуу көңүл чөгөргөн комментарийлерди жазгандар да болду. Бул башында мага катуу тийди. Бирок, ойлонуп көрсөм, эл ушинтет экен деген менен, эч ким менин казаныма аш салып бербейт да. Менде ушундай талант болсо аны элден эмнеге жашырып, иштебей коюшум керек? Андыктан азыр андай сөздөргө көңүл бурбай калдым.

Буюртма көп болгондо тынбай иштей берип өтө чарчайм. Бирок бул ишти таштап, башка ишке кетейин деген оюм жок. Жөндөмүң болсо “бул эркектин, бул аялдын иши” дебей иштей берген туура.

Мен жасаган төшөктөрдү эл колдонуп, ошонун ырахатын көрсө, ошол мен үчүн кубаныч. Себин жасаткан кыздар бактылуу болушсун деп ичимден тилек тилейм.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-11-15 10:39:56
Молодец, ак эмгектин уяты жок.Берекесин берсин
+8
Birimdik5555
2021-11-15 14:56:56
Азаматсын, эч кандай уяты жок сыймыктана турган иш, оз элинде оз жеринде ак эмгек менен тапкан акчан жакшы да
+3
Nina.alex
2021-11-15 17:52:34
Керсейген адам окшойт. Личкасына жазса жооп берип койбойт. Тошок жылдыз болду
-7
arimaz89
2021-11-21 11:09:44
Nina.alex,сен экөөбүзгө окшоп көрүнгөнгө жооп жазып, коммент калтырып отурууга убактысы жок жигит тура. Күнүнө 20 эмес, 2 төшөк каптап көрсөк түшүнөт элек канча убактыбыз калат экен телефон тиктегенге...
+1
Isikkolumkeremet
2021-11-18 16:46:49
Сага жазганга убактысы жоктур ..адатта адал эмгек мн акча тапкандар керсейбейт.жаны заказ алгандыр балким.он жагынан караганды уйронолу.
+2
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан