АРСТАНБАП ЖАҢГАК ТОКОЮ КОРГООГО МУКТАЖБЫ?

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап жаңгак токою өлкөбүздүн эң кооз жерлеринин бири. Жаңгак, мөмө-жемишке толгон токойдун картайып баратканы анык. Кейиштүүсү – алардын ордун баса турган жаш жаңгак көчөттөрүнүн аздыгы. Буга ошол аймактагы тургундардын жоопкерчиликсиз мамилеси, мамлекеттин тийиштүү деңгээлде көңүл бурбаганы себеп болууда. Жылына мамлекеттик бюджетке 3,5 миллион сом киреше алып келген жаңгак токоюнун учурдагы көйгөйү тууралуу кеп кылабыз.

“ТОКОЙГО ЖАЙЫЛГАН МАЛ КӨЧӨТТӨРДҮ ТЕПСЕП САЛУУДА”

Баатыр Уметов, “Арстанбап-Ата” токой чарбасынын директору:

– Буга чейин токой аянттары сынактык негизде ижарага берилип келген. Бүгүнкү күндө 1 гектар жердин ижара акысы 1200 сом. Мыйзамга ылайык, сынакка бардык жарандар катыша алат, бирок жергиликтүү тургундар жаңгак токою аркылуу чарбасын жүргүзгөндүктөн аларга артыкчылык берилет. Ижарачылар жаңгактын түшүмүн гана жыйнабастан, ижара аймагындагы бак-дарактарды да карашы керек. Ижара келишиминде ал жерде канча жаңгак, алма, гилас жана Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр өсөрү көрсөтүлөт. Кээ бири кам көрсө, айрымдары түшүм жыйнап эле кетип калышат. Бирок биз бак-дарактарды көзөмөлдөп, карап, өсүүсүнө кам көрүп турабыз.

Жергиликтүү калктын малынын санынын көбөйүшү, алардын токойдун аймагында жайылышы – башкы көйгөй. Май айында мал алыскы жайыттарга кетет, бирок сентябрдын аягында ылдый түшүп, токойго жайылып баштайт. Биз акт түзүп, жайылып жүргөн малдын ээсине 5000 сом айып салабыз. Буга чейин 30-35 гектар аянтка жаңгак көчөттөрүн отургузчубуз. Бирок былтыр, быйыл 10 гектарга гана отургуздук. Анткени мал тепселеп жатат. Алардан көчөттөрдү коргоп, аянттарды тосуу үчүн каражат керек.

2021-2022-жылдары эл аралык долбоорлордун жардамы менен 8 гектар токойду тосууну пландап жатабыз. Мамлекет өрткө каршы жана токой чарба иштерине көпүрөлөрдү курууга, топурак даярдоого гана каражат бөлүп берет.

“ТОКОЙДУ САКТООДО ЖЕРГИЛИКТҮҮ КӨЧӨТТӨР КЕРЕК”

– Жаңгактын көчөтү 15-20 жылда барып мөмө байлайт. Бирок учурда сырттан алынып келе турган 2-3 жылда мөмө берген эрте жетилген көчөттөр бар. Бирок андайлардан бизде кооптонуулар бар. Анткени токой табигый. Андай көчөттөр табигый токойго терс таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан аларды аралаштыргыбыз келбейт. 50-60 жыл гана жашап, андан кийин жок болуп кетчү түрлөрүнүн өсүп чыгуусуна дуушар болуп калышыбыз ыктымал. Бизде 150-300 жыл жашаган жаңгак дарактары бар. Ошондуктан жаңгактын жергиликтүү түрлөрүн гана отургузууга аракет кылабыз.

Дагы бир көйгөй – жазында дарактардын жалбырактарын жеген жибек көпөлөгү. Токойго жыл сайын атайын аппараттар менен дары чачып, түтөткөн станция иш алып барат.

Токойду багуу кыйын, бул чыныгы искусство жана ар кимдин колунан келе бербейт.

Мыйзамсыз бак кыюулар да болот. Бирок акыркы мезгилде калк жоопкерчиликтүү болуп, мыйзамсыз бак кыюу азайды. Токой катуу кайтарылат. Токойго кирген ар бир унааны көзөмөлдөгөн 6 күзөт постубуз бар. 25 токойчу күнү-түнү рейд жасап кыдырат. Бирок айлыктары 5000 сом.

“1 ГЕКТАРДАН 1 ТОННА ЖАҢГАК”

– 1 гектардан түшүмүнө, бак-дарактардын жайгашкан жерине жана токойдун түрүнө жараша түшүм аз болду дегенде 180-350 килограмм жаңгак терилет. Бул илимий жактан далилденген. Бирок 400-500 килограмм чогултса болот. Орточо эсеп менен 180-200 килограмм жыйнаса болот. Дарактар жыл сайын мөмө бербейт, кээде 4 жыл мөмө бербей калат. Быйыл жакшы түшүм болду. Ал тургай 1 тоннага чейин чогулткандар болду.

Жаңгак токоюн жаңылаш үчүн эксперимент жасалып, 1 сотых жерге 120 көчөт отургузулду. Ал жер карантинге алынып, алардын өсүүсүнө байкоо жүргүзүлүүдө. Бирок тургундар карантинди каалабайт, анткени бул алар үчүн пайдалуу эмес. Алар бүгүнкү күн менен гана жашашат. Токойдун кире беришине видеокөзөмөл орнотсок, жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан. Депутаттар да “эмнеге элди кыйнап жатасыңар?” дешти. Биз ошондой эле туристтер үчүн панорамалык жерлерге жол салалы деп жатабыз. Бул акы төлөнүүчү кызмат болот. Монополияга каршы агенттик менен кирүү акысын макулдашканы жатабыз. Бул каражаттар Токой чарбанын бюджетинде калып, ал тосмо коюуга жумшалмак.

Бизде кошумча чарбалык жумуштар бар. Жылкы чарбасы, балык өстүрүү жана 600гө жакын бал челектерди ижарага алып беребиз. Ушул чарбалардан түшкөн каражат Токой чарбанын бюджетинде калат. Бул каражат токойчуларга ат сатып алууга, жаңгак бактарын калыбына келтирүүгө жумшалат.

“ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУН КӨБӨЙТСӨК ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН УТАБЫЗ”

Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев:

– Учурда Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдарды көбөйтүү боюнча иштеп жатат. Малдын санына эмес, сапатына көңүл бурушубуз зарыл. Азыркы учурда асыл тукум малдын санын көбөйтүү, малды сарайдын ичинде багуу боюнча сунуштар бар. Экинчиден, токой аймагында жайгашкан жайыттарга мал жаюунун ченемдерин киргизүү маселеси боюнча Токой чарба агенттиги Айыл чарба министрлигинин Мал чарба департаменти менен биргеликте иш алып барууда. Үчүнчүдөн, Базар-Коргон районунун калкынын экономикалык активдүүлүгүнүн анализинин жыйынтыгы көрсөткөндөй, эл кирешесин мал чарбачылыгына жумшайт. Биз аларга “Базар-Коргондун эти менен эч кимди таң калтырбайсың. Бирок Базар-Коргон жаңгагы менен баарын таң калтыра аласың. Бул үчүн биз мал чарбасы менен токой чарбасы ортосунда тандоо кылышыбыз керек” деп айтып келебиз. Ал эми президенттин акыркы жарлыгы бизди жаңгак азыктарына класстердик ыкманы түзүүгө милдеттендирет. Ошонун негизинде жакында эле Кызыл-Үңкүр айыл аймагы органикалык токой чарба аймагы деп жарыяланды. Базар-Коргон району дагы органикалык токой азыктарынын аймагы деп жарыяланышы керек болчу. Эң негизгиси, жаңгак токойлорунун плантацияларын сактап, көбөйтүү менен биз эки эсе – экономикалык дагы, экологиялык дагы эффект бере турганыбызды бардыгына түшүндүрүшүбүз керек.

Ал эми акыркы маалыматтар боюнча, 130 жылдан ашык жашаган жаңгактар 24 пайызды, 110 жылдан көп жашагандары 24 пайызды түзөт. Ал эми 90 жылдан ашкан жаңгактар болжол менен 20 пайыз. Жыйынтыгында орточо жашагандары 60 пайыздан ашат. Бул токойдун картайып баратканынан кабар берет. Калган 20-30 пайызы 20-60 жылга чейин жашаган бактар. Ушуга байланыштуу жаңгак плантацияларын түзүп, питомниктерди өнүктүрүү керек.

Материал "CAMP Ала-Тоо" коомдук фондунун жардамы менен даярдалды.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан