Эген Апсаматов, орусиялык блогерден унаа белекке алган мекендеш: “ЭМИ БЛОГЕР БОЛГОНУ ЖАТАМ...”

Орусиялык белгилүү блогерлер Гусейн Гасанов жана Арутун Назарян Москва шаарында аларды акысыз жеткирген кыргызстандык таксист Эген Апсаматовго Киа Рио үлгүсүндөгү жаңы унаа белек кылган. Бул тууралуу блогер социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялагандан кийин белгилүү болгон эле. Учурда Москва шаарында үй-бүлөсү менен жашаган белектин ээси, мекендешибиз Эген Апсаматовду таап, кенен маектештик.

– Эген, саламатсызбы? Унааңыз кут болсун, кубанычыңыз тарай элек болуш керек?

– Саламатсыздарбы, кыргыз элим жана “Супер-Инфонун” жамааты? Кубанычым менен тең бөлүшүп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Ооба, дагы деле сүйүнүчүм тарай элек, кээде ишенип, кээде ишенбей кетип жатам, жашоомдо мындай чоң бурулуш болорун күткөн эмесмин. Баары Кудайдан экен. Кудай кааласа, бирөөнүн колу менен берем дегенин берип коёт тура. Мен буга чейин деле соопчулук үчүн деп көп адамдарды бекер жеткирип жүрчүмүн. Минтип чоң белектин ээси болуп отурам. Ар бир адам тагдыр жолунда өз Гусейнин тапсын, жакшылык жакшылык менен кайтарын унутпасын дейт элем.

– Каалоо-тилек айтып, сиз менен сыймыктанган мекендештердин сөздөрү дем берип жатабы?

– Туура айтасыз, каалоо-тилек айткан адамдар арбын болду. Телефонума чалып, социалдык тармактардан жазып куттуктагандар көп, аябай толкундандым. Телефонумдун коңгуроосу дагы деле тына элек, кээде кубаты жетпей өчүп калып жатат. Жооп берип жетишпей калуудамын. Кээ бири “бир күндө эле жылдыз болуп кеттиңби, дароо чанып кетесиңби ушинтип телефонго жооп бербей?” деп таарынышты. Ачуусу бачымдар дароо мени “кара тизмеге” киргизип коюшуптур (күлүп). Кийин өзүм чалып баарын түшүндүрдүм.

– Кызыңыздын кулагын дарылатууга эл арасында акчалай жардам чогулткандар болуп жатыптыр...

– Ооба, кызым Аруузат 5 жашта, тубаса бир кулагы жабык төрөлгөн. Бишкекте жүргөндө дарыгерлерге барсак 4-5 жашында операция кылсаңар болот деп айтышкан. Гусейн үй-бүлөм тууралуу сураганынан ошол көйгөйүмдү айткан элем. Аны угуп жардам беребиз дегендер болду. Орусиядагы түрдүү улуттун өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз мекендештерим акча которуп жатышат. Биз Москвага келгенде бул жактагы ооруканага да кайрылып кызымды көрсөткөнбүз. Операция жасатуу 1,5 миллион рубль болот дешкен. Учурда кызыма эсеп ачып 1,5 миллион рубль болгуча тийбейбиз деп банк менен келишим түздүк. Өзүм да иштеп кошумчалайм. Буюрса, кызымдын операциясы февраль айына пландалууда.

– Сизге 1,5 миллион рублдук унаа белек кылган Гусейн Гасанов кандай адам экен?

– Өтө жөнөкөй, сылык, дайыма күлүп сүйлөгөн тамашакөй жигит экен. Мен анын белгилүү блогер экенин билчү эмесмин. Гусейн экөөбүз бир эмес, эки жолу жолуктук. Экинчи жолкусунда “унааңды айдап жатасыңбы, видеого тартып кетеличи” деп келиптир. Мен да Гусейнге сюрприз даярдап жатам. Азыр ойлонуп жатабыз уюштуруу жагын, эмне сюрприз экенин айтпай турайын. Баарын видеого тартып коомчулукка таратам. Дарегиме айтылган сындар да болду, “Гусейн экөө уюштуруп алышты” деп шектеништи. Бирок баары видеодогудай эле болду. Белекке алган унаамды азыр таксиге ылайыктап сары түскө боёттум, документ иштерин бүтүрүү татаалыраак болуп жатат. Бүтсө эле такси кызматына чыгам.

– Гусейн сизди белгилүү кылгандан кийин Инстаграмдагы катталуучуларыңыздын саны заматта өсүптүр, блогерликти өздөштүрөйүн деп жатасызбы?

– Ооба, көбү “бул жакшы мүмкүнчүлүк, блогер бол, убактың болсо ушул кесипке окуп үйрөн” деп сунуштап жатышат. Мурун Инстаграмда баракчам бар эле, бирок кээде эле кирип койчумун. Азыр катталуучулардын саны 30 миңден ашты. Азыртадан эле “жарнама чыгарып бер” деген буюртмалар түшүп жатат. Бир жолу орус улутундагы бир айым “жарнамаңыз канча?” деп сурады, жанымда досторум бар эле, “канча дейин?” деп сурасам, “100 доллар деп коё бер” дешкен. 100 доллар деп жазып алып уялып кайра өчүрүп салбадымбы. Блогерликти жакшылап үйрөнүп, окуп анан жарнамага буюртма алсамбы деп жатам.

– Гусейндин суроосуна жооп берип жатып “апам жалгыз, мекениме кетишим керек” деп айткан элеңиз?

– Жалгыз дегеним мен үйдүн кичүүсүмүн, апамдын карап кала турган баласымын. Апам азыр Ноокатта бир тууган агам, эжем менен жашайт. Апамды эки жыл мурун Москвага чакырсам келип “жүрөгүм сыгылып кетти” деп 3 ай туруп эле кетип калган. Кыргызстандагы тааныштар “кел, бул жактан деле жумуш таап беребиз” деп чакырып жатышат. Бизди бул жакта кызымдын операциясы эле кармап турат, айыгып кетсе эле мекенибизге кетебиз.

АЙКӨЛДҮК КЫРГЫЗДЫН КАНЫНДА БАР...

Орусияда Кыргыздын атын жакшы жагынан таанытып, мекендештерди сыймыктандырган бул биринчи окуя эмес. 2016-жылы Москвада курьер болуп иштеп жүргөн мекендешибиз Марат Исаев метронун рельсине кулап түшкөн аялды өз өмүрүн тобокелге салуу менен куткарып калганы эсиңизде бардыр. Бул окуя дагы кыргыздар тууралуу чет жерде жылуу пикир жараткан. Бул эрдиги үчүн мекендешибиз Орусия президенти Владимир Путиндин колунан сыйлык алган.

2018-жылы Москвада такси кызматында иштеген мекендешибиз Кайрат Тентимишев унаасында сумкасын унутуп кеткен кардарын анын үйүнүн алдында суукка карабай 8 саат күтүп отуруп сумкасын кайтарып берген окуя да талкуу жараткан. Ал сумкада ири суммада акча болгону айтылган.

Бүгүнкү каарманыбыз Эген Апсаматовдун окуясы сыймыктандырат. Өзү бөтөн жерде иштеп, кызынын операциясы үчүн акча чогултуп жүргөн жигит тааныбаган эле бирөөнү бир жерден экинчи жерге бекер жеткирүүгө ойлонбой туруп макул болгону – кенендик. Кыргыздын канында Манастын баатырдыгы жана айкөлдүгү жашайт деп бекер айтылбаса керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-12-06 16:02:38
Элден акча чогултпай эле,кудайым бериптир машинаны сатып операцияга иштесең болмок!
мен ошентмекмин а так буюрсун!
-4
Tyttty1990
2021-12-06 17:47:02
KaGaH, бир сом эмес, жакшы сөз жазалбагандан кийин унчукпай эле койсоң. Сага окшогон иттер өзүбүздөн чыгат
+6
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан