Максат Эргешов: “АЯЛЫМДЫ ЭЧ НЕРСЕСИ ЖОК КӨЧӨГӨ ЧЫГАРЫП КОЙГОН ЖОКМУН”

Гезитибиздин 985-санында “Орусияда жылдап иштеп топтогон мүлкүбүзгө күйөөмдүн туугандары ээ болуп алышты” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда каарманыбыз Айжамал Сатимова тагдырын айтып берген. Бул жолу редакциябызга Айжамал айымдын мурунку жолдошу Максат Эргешов келип, өз чындыгын айтты.

“ЖОКЧУЛУК ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛБЕЙ ЖАШАДЫ”

– Мен, Максат Эргешов, мурунку аялым Айжамал Сатимова менен 2021-жылы май айында ажырашкам. Экөөбүз 2019-жылдан бери чогуу жашабайбыз, ал ошондо таарынып төркүнүнө кеткен бойдон келген жок. Ортобузда 3 балабыз бар деп үй-бүлөмдү сактап калганга көп жолу аракет кылдым. Ажырашканда аял киши эле эмес, эркек киши да кыйналат экен. Артынан Өзгөндүн Көлдүк айылына көп жолу бардым, кайненемдин астынан өттүм. Көнбөй койгондо алыста жашаган ата-энем барып “балдар үчүн жашасын” деп кайненеме айтышты. Болгон жок. Улуу балам мени менен жашачу, ошол балам экөөбүз кыйналдык.

Акыркы учурларда “мен өзүмчө сенден бөлөк бизнес башташым керек, өз алдынча болушум керек” деп көп айтып калган. “Акчага муктаждык жок болгондон кийин иштеп эмне кыласың, үйдө эле балдарды карап отур” деп айтчумун. Чынында, үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай баккам, Айжамал үйдө азык-түлүк, эт жок болгон кандай экенин билчү эмес. Үйгө 20 килограммдап эт көтөрүп келем, азык-түлүктү да мүшөктөп көп-көптөн алып коём. “Үйдө отура берип зериктим” деп тигүүчү болуп иштеди, бирок жетекчиси менен урушуп чыгып кеткен. Адам акчасы көп болсо иштегиси келбейт, акчасы жок адам тытынып иштейт. Айжамалда андай аракет жок болчу. Курсагы ток, кийими бүтүн, балдары жеке бала бакчага барат, күйөөсү таап келет, кыскасы, жокчулук эмне экенин билбей жашады.

“АГА ТИЕШЕСИ ЖОК МҮЛКТӨРДҮ ДЕЛЕ БӨЛҮШӨБҮЗ ДЕП ЖАТАТ”

– Айжамал силерге “Орусияда иштеп 50-60 миң рублден айлык алчумун” деп айтыптыр. Биз ал жакта 2006-2011-жылдары иштедик. Ал кезде айлык акы 6-12 миң рубль эле болчу. Азыркы ал талашып жаткан үйлөрдүн баасы анын тапканынын бир бөлүгүнө да жетпейт. Өзү айтып жаткан 16 бөлмөлүү үйгө биздин тиешебиз жок, ал инимдин үйү. Курулуш иштерин баарын бир тууган иним өз колу менен жасаган. Мен Айжамалды эч нерсе бербей такыр эле кур-жалак көчөгө чыгарып койгон жокмун. Ата-энем, бир туугандарым менен кеңешип баасы 90-100 миң долларлык Кызыл-Аскердеги тамды кичүү балама жаздырып берейин деп чечтик. Бирок бир шарт менен, “балдарды каалаган убакта келип көрүп турайын, сен ага жолтоо болбо” дегем. Болбосо балдарды курал кылып пайдаланып, көрсөтпөйм дегенге өттү. Мен баламдын атына өткөрүп берем деген 9 бөлмөлүү там атайын квартиранттарга ыңгайлашып салынган. Айына 50-60 миң сомдон алып турат, бул деген жандуу бизнес болуп жатпайбы, айына мынча акчаны ким берет азыр? Ага да макул болгон жок, ал "тамды балага эмес, өзүмө өткөрүп бер" деп жатат. Эмнеге өзүнүн атына өткөргүм келбей жатат? Анткени Айжамал аны өзүнө өткөрүп сатып жибергиси келүүдө. Жалгыз кайнагам бар, азыр кайненем экөө жашашат. Ошол кайнагам кумар оюндарын ойнойт, эртең карыз болуп калса Айжамал үйдү сатып агасына берет, майда-чүйдө болуп жатып үй да, акча да жок болот. Ошондой кокустуктардын алдын алып, үй балдарыма калсын деп жатам. Эртең үйү жок калса, кайра эле мага келет “үстүмдө үйүм жок” деп. Миллионер эмесмин да ага улам-улам үй алып бере бергидей. Бир тууган иним 2018-жылы Америкадан унаа буюртма берип, “ошол унааны алып, атыңызга каттап коюңуз, барганда мага өткөрүп бересиз” деген. Эки айдан кийин унаасын иниме өткөрүп бергем. Азыр ошол инимдин Лексус маркасындагы унаасын биздики деп талашып жатат. Соттошуп жатабыз. Ага тиешеси жок мүлктү эмнеге талашат?

“МЕНИ КООМДУК ПИКИР МЕНЕН КОРКУТУУДА”

– Мурунку аялымдын дагы бир куралы – маеги гезитке чыккандан бери мени коомдук пикир менен коркутууда. Аялымдын башы мурун эле ооручу, Москвада иштеп жүргөндө бийик кабаттуу имараттарга чыгып секирип өлөм деп коркутчу. Бир жолу 2-кабаттан боюн таштап секирем дегенде сактап калгам. Мени опузалап, коркутуп-үркүтүп жазган СМС-каттарын телефонумдан көчүрүп, тиешелүү органдарга өткөрүп бердим. Анын психикалык оорусу бар болушу мүмкүн, ооруканадан текшертиш керек. Анткени соо адам, 3 баласы бар эне антип жазбайт эле. Азыр деле Айжамалды үйдөн эч ким кууп чыгарып койгон жок, инимдин үйүндө жашайт, коммуналдык төлөмдөрүн өзүм төлөп жатам. Балдардын бакчасына деп 12 миң сом берсем, балдарды бакчага бербей үйдө карап жүрөт. Мен балдарым үчүн, алардын келечеги үчүн корком.

Мен мыйзам жолунда иш кылам, балдарымдын өз ырыскысын берип жатам. Бирок кайненем менен кайнагама бере турган менде ашыкча байлык жок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nuuman
2021-12-06 09:48:21
Айтканын чын болсо молодец. Ошентип бага бер үй-бүлөнү. Акча көптүктүн да проблемасы ушулда
+8
KaGaH
2021-12-06 10:09:08
Эркек
+3
alym21
2021-12-06 13:23:33
Мындай аялдарды оз козум менен коргом.Бак тепки деп койот мындай аялдарды.
+5
Tyttty1990
2021-12-06 17:33:44
Максат ака менин коллегам. Күлүп жаркыраган адам. 4жылдан бери тааныйм . Тиричиликке катуу бул киши
+4
Sara1993
2021-12-07 15:09:02
Tyttty1990,ошо тиричиликке катуу болуп аялына бербей кармап отурат да.Кудай ким кимди ыйлатса ал адамдыф 100эсе сыздатып коойт

0
Kari
2021-12-07 04:34:23
Аялына каттатса не,аялынын деле акысы бар.Уйду уй кылып,жай кылып отурган аял го.Тапканынды топтогон ошол аялга рахмат.3 бала тороп бергенине рахмат.Баланы апасынан болбой улуусун да апасы менен коюп,каралашып турсан кайра жакшы деп ойлоймун.Мурунку аялым деп ар создо.Эркектер уйлошот,аял баласы деп башкага турмушка чыкпайт,бироого огойлотпоймун деп озу тартат турмуш арабасын.Биринчи аялынды жыргатпаган,тушунбогон,экинчи аялына суусун ташып,кулунду чыгарганынды билбей ,сезбей каласын.
+3
Sara1993
2021-12-07 14:57:07
Эмне учун сизгет 3 бала тороп берип,Орусияда иштеп анан эч нерсеси жок калыш керек, аялы айткан туура 5 мин алабы 10 мин алабы баардык мулту 2 ге болуш керек.Жаны алганда жаш кезде жакшы дагы анан улгайып калганда оорулуу, псих болуп калат.Эркекке ишенгенден коро 2 босогоно ишен дейт.Уйунуз орттонуп кетип как талаада калбаныз ошонтип талашып журуп.
+5
Birimdik5555
2021-12-07 17:59:23
Аялына откорсон ошол 9 комната уйду сага айына 50-60 мин тушпой калат да а, 12 мин садике бердим дейт ал байкуш да акча жетпегенинен башка муктаждыктарына иштетти да
+4
sezim1111
2021-12-08 22:48:14
Эркектер бетинер бет эмес бетон болуп баратат, катынды иштетип бутка туруп алып кокурок кагып катынга тенелип уй талашып... Анча кыйын экенсинер озунор баш алып кетпейт беленер катынды уч баласы менен айдап чыкпай...
+3
bela77
2021-12-10 16:39:12
Максат Эргешов уялбайсынбы,ошончо жыл сени менен жашап аялындын эч нерсе алганга акысы жокпу,эмнеге уйду аялындын атына эмес балана жаздырам деп атасын значит аны никтосун деп жатканын да. Иниси казино ойносо эле акыркы уйун сатып бере бергидей жинди беле ойлонбойсунбу?!Тапкан мулк ортодо тенге болуш керек мыйзам боюнча,же байлыгындын баарын туугандарына каттатып алсам эле кутулуп кетем деп атасынбы?Жузунду ач гулчотай суротун менен чык королу кандай экенинди
+2
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан