Моймол Абылгазиева: “БАЛДАРЫ АПАМ КЕЛЕТ ДЕП КҮТҮП ЖАТЫШАТ”

3 уулдун апасы Азима Асанбекова 3 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келет. Учурда Казакстанда дарыланууда. Дары-дармегине каражат жетишпей жаткандыктан бейтаптын кайын энеси Моймол Абылгазиева мекендештерден жардам сурап кайрылат.

“ЖАПЖАШ КЕЛИНИМДИ ӨЛҮМГӨ КЫЙМАК БЕЛЕК?”

– Келиним Азима 31 жашта. Уулум экөө 2010-жылы баш кошушкан. Тун уулу 11де, ортончусу 10, кичүүсү 4 жашта. 2019-жылы апрель айында уулун эмизип жатып “эмчегим сыздатып оорутуп жатат” деп калды. Дарыгерге көргөзсөк, “3-стадиядагы эмчектин рак илдети. Дароо операция жасоо керек” дешти. Жеке клиникалардын биринде 60 миң сомго операция жасаттык. Андан кийин химиялык терапия алды.

Үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап оорусу күчөй баштады. Биздин врачтар “даярдана бергиле, болбой калды, бооруна метастаз кетиптир” дешти. Жапжаш келиниңди өлүмгө кыймак белең? Кимден жакшы врач, табып бар экенин уксак, ошол жакка барып жүрдүк.

Улуттук онкология борбору акчаң болбосо карабайт экен. Келиним анализ тапшырганы барса 1300 сом төлөтүшүптүр. Негизи бекер болушу керек эле. “3 күндөн кийин кел” дептир. Барса анализдин жыйынтыгын таппай, бир медайым оюнан чыгарып анализдин жыйынтыгын жазып коюпур. Ошол жактан келиним ызы-чуу салыптыр. Бул шалаакы мамилелери үчүн аталган борбордун директоруна чейин кирдим. Врачтардын мамилеси начар. “Бул бейтапты караса болот, бул бейтапты карабай койсо болот” деп бөлүшөт окшойт.

“БИР ЖЫЛДА 1 МИЛЛИОН СОМ КЕТТИ”

– 3 жылдан бери өзүм иштеп, келинимди дарылатып келдим. Операция болгондон кийин 1 жыл ичинде дарылануусуна эле 1 миллион сом кетти. Андан кийинки жылдары канча каражат кеткенин эсептебей калдым. Болгон акчаны дарылануусуна кетиргенден кийин шартым, алым келбей калды. Айлабыз кетип “бир аз болсо да тыйын болсун” деп Балыкчы шаарында 21-декабрда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатабыз.

Ооруну айла жок “тагдыр экен” деп кабыл алат экенсиң. Кээде “эмнеге жаштарга оору бересиң?” деп Жаратканга нааразы болуп кетем.

3 жылдан бери апасынын ооруканалап жүргөнүнө балдары да көнүп калышты. Келиним 1,5 айдан бери Алматы шаарында жеке клиникалардын биринде дарыланууда. Ал жактан айыгып чыккандар бар экен. Ата-энеси ошол жактын тургуну болгондуктан келинимди карап жатышат. Мен Балыкчыдан Бишкекке келип, 3 баланы багып жатам.

“АЙЫГАМ, БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ЖАШАШЫМ КЕРЕК”

– Келиним чын дили менен “айыгам, балдарым үчүн жашашым керек” деп кетти. Акыркы аракетибиз ушул болуп жатат. Дары-дармегине 20 миң доллар керек болууда. Клиникага күнүнө 1200 сом төлөш керек. Метастаз бооруна, сөөктөрүнө жайылып кетиптир, күнүгө кымбат тамчылатма дарыларды алып жатат. Уулум ижарага маршруттук такси алып, Бишкекте иштеп балдарга нан таап келет. Дары-дармек алып бергенге акча жетпей калды. Ошондуктан кыргыз элиме жардам сурап кайрылууга аргасызмын. Эч кимдин башына оору келбесин. Келинимдин балдарына аман-эсен кайтуусуна кол сунуп коюуңуздарды өтүнөм. Балдарынын маңдайында аман-эсен жашаганы бизге бакыт болот эле. Ал “балдарды сагындым, кетем” десе, врачы “Жаңы жылга чейин кетип калсаң өлүп каласың. Балдарга дени сак эне керек” дептир. Дарыгерлер колунан келгенин жасап жатышат. Келинимдин эрки күчтүү, “ушул дарыгерден айыгам” деп үмүттөнүп дарыланууда. Уулдары болсо сагынып “апам Жаңы жылда келет” деп күтүп жатышат.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Кыргызстан Коммерциялык банкы: 4177 4901 4687 0425

Mbank: 996502022535

Элсом: 0550212975

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gulina00
2021-12-20 10:33:22
Аллахым шыпаасын берсин жуз сомдон чогултсак да бир адамдын жашоосун сактап калууга себепчи бололу.
+7
Aliza_96
2021-12-20 16:56:08
Аллах шыпаасын берсин, балдарынын мандайында аман болсун! Жакшы кайнене экенсиз, омурунуз узун болсун!
+7
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан