БАЛАТЫЛАР ПАРАДЫ. КАЙСЫ ШААРДЫН ФАНТАЗИЯСЫ КҮЧТҮҮ?

Жаңы жыл майрамын кооз балатысыз элестетүү мүмкүн эмес. Буга чейин жыл сайын Бишкек жана Ош шаарлары башкы балатыны орнотууда тымызын атаандашканы байкалчу. Быйыл даярдык кандай? 7 облустун алтоосунун борборуна, аталган 2 шаарга балаты коюлду. Майрамдык маанай үчүн кайсы шаар канча акча чачты? Кимисинин балатысы өзгөчө болду?

БИШКЕКТИН ЖАСАЛГАСЫ 4,9 МИЛЛИОН СОМДУ "ЖЕЙТ"

Быйыл Бишкек шаары жаңы жылдык башкы балатыны жана борбордук "Ала-Тоо" аянтын жасалгалоого 5 миллион 687 миң 500 сом жумшайт деп маалымат берилген. Тендер жарыяланып, Бишкекке майрамдык шаң тартуулоо укугун 4 миллион 972 миң сом деген баа сунуштаган компания утуп алды. 22-декабрга карата аянтты жана балатыны кооздоого 2 миллион 568 миң сом коротулганы белгилүү болду. Жасалгалоо иштери улантылып жатат.

Быйылкы өзгөчөлүк – келе жаткан Жолборс жылына карата "Ала-Тоо" аянтына жолборстун көлөмдүү макетинин коюлушу. Калганы мурункудай эле, жалтырак-жултурактар, кооз баннерлер... Шаардыктар 17-декабрда башкы балатынын жандыруу иш-чарасы жылдагыдан өзгөчө көрктүү болду деп кеп кылып жатышат.

ОШ ШААРЫ БИЙИКТИКТИ БЕРБЕЙТ

Ош шаарынын башкы балатысынын оту быйыл 16-декабрда жандырылды. Балатынын узундугу – 31 метр, бул өлкө боюнча эң бийик балаты болот. Ош шаары жылдагы рекордун быйыл да сактап калат. Балатыны орнотууга, кооздоого, эс алуучулар үчүн атайын фотозона курууга 2 миллион 485 миң сом сарпталганы айтылды. Мындан сырткары жолборстун 3 метрлик макети коюлду. Былтыркы жылдан өзгөчөлүгү – быйыл эс алуучулар үчүн аянтта тез татым сатуучу орундуктарды уюштуруп берүү аракетин көрүп жатышыптыр мэрия.

ҮНӨМЧҮЛ ЖАЛАЛ-АБАД

Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтына бийиктиги 27 метр болгон балаты коюлду. Балатыны жасалгалоо, шаардын көчөлөрүн кооздоо үчүн шаардык казынадан 612 миң сом акча бөлүнгөн.

«Ашыкча чыгым кылбоо, электр энергиясын үнөмдөө максатында ашкере жарыктандыруу, өзгөчөлөнгөн кооздуктар илинбеди»,- деп билдиришти Жалал-Абад мэриясынан. Жаңы жыл майрамы аянтта концерттик программа менен коштолорун айтып өттү. Балаты жупуну болгону менен, ыр-күлкү шаардыктардын маанайын көтөрөт.

НАРЫН: ЭЖЕЛҮҮГӨ ЭСКИ ТОН

Бул жылы Нарын шаары жаңы жылдык балаты үчүн деп бир сом да бөлбөптүр. 2019-жылдан бери колдонулуп келген балаты быйыл да кызматта. Бул балаты 2019-жылы 1,5 миллион сомго сатып алынганы эсте. Дүйнөнү экономикалик каатчылык каптап, бюджет тартыш болуп турган азыркы шартта Нарын шаарынын тургундары "эски балаты экен" деп капа деле болбостур.

БАТКЕН БАЛАТЫГА БАШ ООРУТПАЙТ

Баткен шаары быйыл өзгөчө, Жаңы жылды балатысыз эле тосууну чечти. Шаар мэри Имамназар Бурканов мындай деди: "2 жылдан бери пандемия жүрүп жатат, оорудан эми арыла баштадык. Балаты орнотууга 100 миң сомго жакын каражат кетет. Биз ал каражатты жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына белек сатып алууга жумшайлы деп чечтик". Бир чети туура, жүз миңдеген каражат абага сапырылбай, пайдалуу ишке жумшалганы деле жакшыдай.

ТАЛАС ШААРЫ ЖАСАЛМАНЫ ЖАКТЫРБАЙТ...

Талас шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатынын бийиктиги 12 метр. Шаар жетекчилиги алгач “балаты коёлубу же кажети жокпу?” деп шаардыктардан сурамжылоо жүргүзүптүр. Көпчүлүк "коюш керек" деген го, азыркы балаты ордунда турат. «Балатыны орнотууга, жасалгалоого 154 миң сом каражат сарпталды. Биз жыл сайын жасалма эмес, табигый балаты орнотобуз. Жасалмасын 3-4 жыл колдоно берсе болот, ал эми табигый балатыны биз жылда 12-январга чейин коюп, андан соң алып салабыз»,- деп билдиришти мэриядан. Табигый нерсе жакшы, бирок токой 1 түп арчасын жоготту...

КАРАКОЛ «ТААНЫМАЛ» БАЛАТЫНЫ КАЙРА ОРНОТТУ

Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарына да өткөн жылкы балаты орнотулду. Бул былтыр катуу шамалда кулап түшкөн "таанымал" балаты. Толук оңдоп-түзөөдөн өткөнү белгилүү болду. Бийиктиги – 22 метр, анын тегерек-четин, аянтты кооздоо иштерине 725 миң сом каражат бөлүнгөнү айтылды. Балаты оту 24-декабрда расмий жандырылары күтүлүп жатат.

Балаты канчадан?

Жылдан жылга эл деле табигый эмес, жасалма балатыга ыктап баратат. Бул табият үчүн да, капчык үчүн да пайдалуу тандоо. Жасалма балатынын базардагы баасы учурда 500 сомдон 20 миң сомго чейин болууда. Айта кетсек, Кыргызстанда жылдан жылга Жаңы жылда фейерверк аттыргандар азайып баратканы байкалууда. Бул көрүнүш "эл акчаны абага чачкысы келбей калды" деп түшүндүрүлүп жүрөт. Мисалы, быйыл Бишкек мэриясы "Ала-Тоо" аянтында салтка айланып калган салют аттыруу иш-чарасы болбой турганын билдирди. Бул ансыз да ыш каптап турган кышта Бишкектин экологиясына салым болмокчу...

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mariolan
2021-12-27 10:00:26
бир балатыны төрт беш жолу колдонсо болбойбу Нарын сыяктуу, болбогон нерсеге акча чачпай
+7
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан