Бактыгүл Сманова: “ЖОЛДОШУМДУН ЧЫКЫЙЫНДАГЫ ШИШИКТИ АЛДЫРЫШ КЕРЕК”

Редакциябызга жардам сурап кайрылган Бактыгүл Сманова оорукчан жолдошун, уулун, 4 небересин багып келет. 25 жылдан бери чыкыйына чыккан шишиктин азабын тартып келген жолдошу тез арада операция жасатууга муктаж. Түйшүктүү тагдырын баяндаган каарманыбыздын маеги төмөндө.

“12 МИҢ СОМДУК ДАРЫЛАРДЫ ИЧЕТ”

– Жолдошум Жумадил Абдыжапаров 63 жашта, Чүйдүн Жаңы-Турмуш айылынан болот. Экөөбүздүн баш кошконубузга 35 жыл болду. Тун уулубуз 8 ай кезинде чарчап калган. 1990-жылкы кызыбыз жана 1997-жылы туулган уулубуз бар. Биз Токмок шаарында жашайбыз. Жолдошум сантехник, жыгач уста болуп иштечү. Сугатчы болуп да иштеп жүрдү. Ошол кезде жаш болгонго ден соолугуна жакшы көңүл бурбай калган окшойт. Бул дарт менен 25 жылдан бери күрөшүп келет. Чыкыйына шишик жаңы пайда боло баштаганда көп маани берген эмеспиз. Бара-бара шишик чоңоюп, ден соолугу начарлап баштаганда Токмоктогу ооруканага көргөзгөнбүз. Ал жактан аденокистоздук карциома деген диагноз коюп, операция жасап, шишикти алып салышкан. Бирок кайра эле чыгып, башы ооруп баштаганда Бишкектеги онкология борборуна барсак, ал жактан экинчи жолу операция жасашты. 3 жылдан кийин шишик чыкыйына да, башынын үстүнө да чыгып ден соолугу ого бетер начарлап кетти. Башы ооруйт, алы жок, көп басып койсо эле тердеп, шалдырап жатып калат. Жакын адамыңдын жаны кыйналып, түнү менен азап чегип чыкканын көрүү оор. Оорутууну басаңдатуучу дары да жардам бербей калды. Эч нерсеге алы жок, менин жардамыма муктаж болуп калганына кейигенде оорусу күчөп кетет. Андыктан стресске түшпөшү керек. Ооруканага жатуу үчүн толтура анализ тапшырабыз. Ага бери дегенде 15 миң сом кетет. 9-12 миң сомдук кымбат дарыларды ичет.

Кайрылбаган дарыгерибиз калбады. Бир дарыгер чалып “Түркиядагы кесиптешиме жолдошуңуздун анализин жөнөттүм. Операция кылып айыктырса болот экен. Эгер айыкпай турган болсо ал “убара болушпасын, колумдан келбейт” деп айтмак” деди. Бул операцияга 6 миң доллар керек болуп жатат.

“ТОЛУК АЙЫГЫП КЕТҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР”

– 2017-жылы онколог “ден соолугуна байланыштуу иштегенге болбойт” деп көрсөтмө жазып бергенден бери үйдө отуруп калды. 1-топтогу майыптыгы боюнча 5500 сом пенсия алат. Өзүм музыкалык мектепте пол жууп иштейм, айылыгым болгону 5000 сом. Атасынын оорусу күчөп баштагандан бери Орусияда иштеп жүргөн уулум бул жакка келген. Кызым менен күйөө балам Орусияга иштегени кетип, 4 баласын биз багып жатабыз. Алган акчабыз азык-түлүккө да жетпей калат. Тууган-урук менен да катышпай калдык. Жакшылык-жамандыкка барганга да кошумча керек да. Ушинтип 4 неберемди, оорукчан жолдошумду багып келатам. Аябай кыйналдым, “жолдошум сакайып кетсе” деген тилегим бар. Карыгында эсен-соо жаныбызда жүрсө чоң бакыт болот эле. Операция тез арада жасалса айыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бар. Кыргыз эли кыйналганга колун сунган боорукер калк экенин билем. Ошондуктан элиме жардам сурап кайрылам. Биздин үй-бүлөнүн башына түшкөн сыноону жеңип өтүүгө жардам бериңиздер.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элсом: 0708579910

Сбер Банк: 5469380073189499

Байланыш номери: 0708 57 99 10

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан