ҮЙДӨ РЕСТОРАНДАГЫДАЙ ЖАҢЫ ЖЫЛ

Жаңы жыл алдында көпчүлүк согум союп, эт салып беш бармак жасайт эмеспи. Ошол эле салып жаткан этти башкача бышырып, жакындарды “вау” деп тамшантуу колуңуздан келет. Бул үчүн сизге төмөнкү азыктар жана сөзсүз түрдө каалоо керек. Ал эми жасалышы боюнча 9 жылдан бери ашпозчулук менен алектенип келе жаткан Канимет Жеңишов айтып берди.

“НЬЮ-ЙОРК” СТЕЙКИ

Керектелүүчү азыктар (3 порция үчүн):

Койдун, уйдун сулп эти – 400 грамм

Киви – 1 даана

Розмарин же тимьян – 4-5 талчадан

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Каймак май – 1 чай кашык

Сарымсак – 4 тишче

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Эттин кесими 2 сантиметр калыңдыкта болуш керек. Кивини аарчып, эзип, этке сүйкөп 2 саат маринаддоо кажет. Розмарин, тимьяндын жарымын, 2 тишче сарымсакты майдалайбыз. Эттин эки тарабына туз, мурч себелеп, 1 аш кашыктан май куюп, майдаланган татымалдарды сүйкөйбүз. 10 мүнөттөн соң ысып турган көмөч казанга каймак май салып, эттин эки тарабын 5-7 мүнөттөн кызарта кууруу керек. Бул убакта калган сарымсак, розмарин, тимьян көмөч казанга салынат. Электр мешин 200 градуска ысытып, табага 1 аш кашык май куюп стейкти салып, 10-15 мүнөт бышырабыз. Гарнир катары каалаган жашылчаңызды татымал майдан кошуп эт менен кошо көмөч казанда кызартып алууга болот.

ЭТ РУЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:

Койдун эти – 800 грамм

Сабиз – 1 даана

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Грек жаңгагы – 30 грамм

Сарымсак – бир баш

Петрушка – 1 боо

Желатин – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сарымсакты тазалап, блендерге салып май куюп эзип алыңыз.

2. Кой этинин ордуна уйдун, тооктун этин колдонсоңуз болот. Эттин тарамыш, чарымдарын алып салабыз. Этти 1,5 сантиметр кылып жукартып тилип чыгуу керек. Тактанын бетине тамак-аш пленкасын чоңураак төшөп, этти жайып, үстүнө да пленка жабабыз. Тамак-аш балкасы менен ургулап 1 сантиметрге чейин жукартабыз.

3. Үстүнкү пленканы алып, эттин бетине тегиз туз, мурч сээп, эзилген сарымсакты сүйкөйбүз да, аркасынан желатин себеленет. Баш жагына узунунан төрткө бөлүнгөн сабизди, петрушка, жаңгакты коюп, астынкы пленканын жардамы менен тыгыз ороо керек. Пленка менен сыртын жылчыгы жок каттап тыгыз ороп, тиш чукугуч менен анча-мынча жерин сайгылап коёбуз.

4. 180 градуста ысып турган электр мешине 50 мүнөт коюп бышырабыз. Алдынкы табасына суу куюп койсоңуз болот. Бышып, муздаган соң тоңдургучка 3 саатка сала туруңуз.

БАКЛАЖАН ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан же кабакча – 3 даана

Жумуртка – 2 даана

Ун – 20 грамм

Упаланган нан күкүмдөрү – 50 грамм

Быштак кошулган сыр – 200 грамм

Грек жаңгагы – 50 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткага туз татытып чалабыз. Баклажанды узунунан 0,5 сантиметр калыңдыктагы кесимдерге кесебиз. Жумурткадан эки бетине тең сүйкөп, алгач унга, анан нан күкүмдөрүнө оонатып чыгабыз. Майланган же пергамент кагазы төшөлгөн табага тизип, 180 градуста ысып турган электр мешинде 10-15 мүнөт бышыруу кажет.

2. Быштак кошулган сырды эзип, ага майдаланган грек жаңгагын кошуп аралаштырабыз да, тилимдердин башына бир чай кашыктан салып оройбуз. Кыртылдак, сыр татыган рулеттерибиз даяр!

ВЕНГЕР СУЮК ТАМАГЫ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Пияз – 1 баш

Картошка – 2 даана (орточо көлөмдө)

Сабиз – 1 даана

Брокколи – 60 грамм

Шампиньон – 2 даана

Сёмга же башка балык түрү – 200 грамм

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Зайтун мөмөсү – 6-8 даана

Коюулатылган сүт (20%) – 25 миллилитр

Эритилген сыр – 35 грамм

Суу – 1 литр

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз, сабиз, картошканы майда төрт чарчы туурайбыз. Брокколини экиге, шампиньон козу карынын узунунан чоңураак бөлүктөргө бөлөбүз. Зайтун мөмөсү экиге бөлүнөт. Балык эти чоңураак төрт чарчы тууралат. Балыктын ордуна кайнатылган тоок этин колдонууга болот, шорпосун суунун ордуна колдонуңуз.

2. Ысып турган казанга май куюп, алгач пияз кызарта куурулат. Аркасынан сабиз, картошканы салып 2 мүнөт кууруп, үстүнө шампиньон, туз, мурч кошуп, 1 литр сууну куябыз. Жашылчалар 20 мүнөт кайнаган соң балык, брокколи, зайтун мөмөсүн салып, коюулатылган сүт менен эритилген сырды кошуп 10-15 мүнөттөй кайнатабыз. Брокколи эзилип кетпеши керек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
surgeon777
2022-01-02 02:50:59
Рахмат,сонун тамактар!
0
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан