ПРОБАЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ДЕГЕН КИМ ЖАНА ЭМНЕ ИШ АТКАРАТ?

Пробация органы же пробация кызматкери дегенди уктуңуз беле? Жеңил кылмыш жасап соттолгондор жаза мөөнөтүн абактан эмес, үй шартында өтөй алышат. Алар кылмышкер деп эмес, жумшак түрдө пробация кардары деп аталат. Пробация органы алардын жаза өтөөсүн көзөмөлдөп, психологиясын, жүрүм-турумун оңдоочу орган. Бул жолу ушул кесип тууралуу сөз кылабыз.

"КЫРГЫЗСТАНДА 2 ЖЫЛДАН БЕРИ ИШТЕЙТ"

Алмазбек Зарылбек уулу, Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору:

– Пробация органы өз ишин 2019-жылы сентябрь айында баштаган. Максаты – түрмөдө отургандардын санын азайтуу, пробациянын кардарларын оң жолго салуу, жүрүм-турумун түзөө жана кайра коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, алардын кайрадан укук бузууларынын алдын алуу. Башкача айтканда, пробация кызматы пробация кардарлары менен иш алып баруучу орган.

Кимдер кардар боло алышат? Жеңил кылмыш кылып, 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратылгандар, абакта мөөнөтүн өтөп жатып убактысынан мурун бошоп, калган мөөнөтүн эркиндикте өтөй тургандар, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге жылдырылган жарандар кардар боло алышат. Мисалы, кокустуктан кылмыш кылып, бирок жаш балдарын өзү багып жаткан жалгыз бой аялдардын жаза мөөнөтү артка жылдырылышы ыктымал. Кардарлар коомдон обочолонбой, үйүндө, үй-бүлөсүнүн жанында жаза мөөнөтүн өткөрүшөт.

Пробация оор кылмыш кылгандарга, жашы жете элек өспүрүмдөрдү зордуктаган адамдарга колдонулбайт.

“КАРДАРЛАРГА ДАРЫ, КИЙИМ БЕРГЕН УЧУРЛАР БАР”

Нурбек Чагырбеков, Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй, Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын башчысы:

– Соттун чечими менен жаза өтөө чечими чыгып, бизге каттоого турган жарандарды “кардар” деп атайбыз. Кылмышкер деп аталбайт. Пробация кызматынын 4 түрү бар: сотко чейинки, аткаруучу, пенитенциардык жана пенитенциардыктан кийинки пробация.

Сотко чейинки пробация – кылмышка шектүүгө соттун өкүмү чыга элек учурду камтыйт. Сот органы шектүүнүн кылмыш иши боюнча материалдарды пробация органына сунуштама чыгаруусу үчүн жиберет. Пробация органы ал адамдын жашаган, иштеген жери, мүнөзү, үй-бүлөсү, ага чейин ким болуп кайда иштегени тууралуу, башкача айтканда, социалдык изилдөө жүргүзөт, анализдейт, анан сунуштамасын сот органына жиберет. Эгер анализ ал адам жаза мөөнөтүн эркиндикте өткөрсө болорун көрсөтсө, анда ошондой сунуштама жазылат. Эгерде сот жаза мөөнөтүн пробация кызматынын алдында өтөсүн деп чечим чыгарса, ал кардар жашаган аймагындагы пробация органына барып каттоого турат. Эгер социалдык изилдөөдө терс маалымат чыкса, мисалы, туруктуу жашаган жери болбосо, анда пробация органы сотко ал адамды каттоого тургузууга мүмкүн эмес деген корутунду жиберет. Сот муну эске алып, ал адам жабык абакта жаза мөөнөтүн өтөйт. Кандай жаза аткарышы керек экендиги, албетте, сот өкүмүндө жазылат. Мисалы, эркиндиги чектелсин, коомдук же түзөтүү иштерине тартылсын деп.

Аткаруучу пробация тууралуу айтсак, пробация органына кардар келгенде журнал ачылып, каттоого алынат, 1 айда 2 жолу келип каттоодон өтүп турууга милдеттендирилет, анын үстүнөн көзөмөл жүргүзүлүп баштайт. Кардарга жекече программа түзүлөт. Ал үчүн биздин кызматкерлер кардардын үй-бүлөсүн, ден соолугунун абалын, үйүнүн бар же жок экендигин иликтейт, пробация органында психологдор, социалдык кызматкерлер бар. Психологдор кардарды тесттен өткөрүп ага психологиялык жактан канчалык жардам керектигин белгилеп, ошого жараша иш алып барышат. Кардардын үй-бүлөсү менен маселеси болсо, аталган кызматкерлер кардарды үй-бүлөсү менен жараштырууга аракет кылышат. Пробация органы бейөкмөт уюмдар менен да иштешет. Эгер кардардын оорусу же кийимге муктаждыгы болсо, социалдык кызматкерлер бейөкмөт уюмдарга кайрылып, алардын жардамы менен кийим, дары алып беришет.

Пенитенциардык пробация – кардарды эркиндикке чыгарууну, аны коомго аралашууга даярдоону камтыйт. Мисалы, паспорту жоголуп кеткен болсо аны кайра алууга, жөлөк пул алууга, мураска ээ болууга жана башка укуктук жаатта жардам берет. Үйү жок болсо баш калкалоочу жай таап жайгаштыруу сыяктуу иштерди да жүргүзөт.

Пенитенциардыктан кийинки пробация – бул жаза аткаруу кызматы жабык абактардан мөөнөтүнөн эрте чыга тургандардын тизмесин бизге жөнөтөт, биздин кызматкерлер “чыкса кайсы даректе жашайт, үй-бүлөсү барбы же жокпу” деп социалдык изилдөө жүргүзөт. Изилдеп чыгып, сунуштамасын жаза аткаруучу кызматка жиберет. Ошонун негизинде сот чечим кабыл алат. Мисалы, бир адам 6 жылга кесилген болсо, анын 3 жылын эркиндикте өткөрүүгө сот чечим чыгарса, кардар бизге келет.

ПРОБАЦИЯ КАРДАРЛАРЫ СҮЙЛӨЙТ

Аскар (аты өзгөртүлдү):

– Учурда 55 жаштамын, Бишкекте жашайм, үй-бүлөм жок, 2-топтогу майыпмын. Башымдан жаракат алып, операция болуп, ошондон кийин майыптык алгам. 3000 сом пенсия алам. 2018-жылы достор менен ичимдик ичтик. Мен даараткана издеп бир мекемеге кирип, ачык турган бөлмөдөн уюлдук телефон уурдап кеттим. Бирок видеокөзөмөлгө түшүп калган экенмин, милиция кармады. 5 жылга соттолдум. 3 жыл 4 ай отуруп, анан мөөнөтүмдөн эрте бошоп, калган мөөнөттү пробация кызматынын алдында өтөп жатам. Башым дайыма ооруп тургандыктан дарыларды ичип турушум керек. Пенсиям тамак-аш, дарыларыма жетпейт, андыктан пробация кызматынын социалдык кызматкерлери акча таап дары алып берип турушат.

Негизи баш-аягы 25 жыл түрмөгө отурдум. Эми үйлөнүп, калган жашоомду жакшыраак өткөрсөм деп турам. Түрмөдо отурганда жеңил кылмыш кылып камалгандарды да көрдүм. Андыктан пробация кызматы керек экен.

Миновар (аты өзгөртүлдү):

– Мен 59 жаштамын. Көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштедим. Бирөөлөр суранса аларга ишенип жер тилкесине жасалма документ жасап берип, аным билинип камалып кеттим. Убактылуу кармоочу жайда 1 жылдай отурдум. Стресстин айынан кант диабети оорусуна кабылдым. Депрессияга түшүп, асынып өлөйүн деп да аракет кылдым, бирок көрүп калып аман алып калышты. Анан сот жеңил кылмыш кылган деп таап, шарттуу түрдө 3 жылга кести. Азыр жаза мөөнөтүн өтөп жатам. Уулум 26 жашка чыкканда ооруп калып, үйдү сатып жибергем. Кызым учурда Орусияда жашайт.

Апам каза болуп калды. Анда да жан дүйнөм жанчылып, өзүмдү эч кимге керексиз сездим. Кант диабети дартынан улам тынбай дары ичем. Психологдор иш алып барып, мени депрессиялык абалдан чыгарышты. Буларга чоң рахмат!

СТАТИСТИКА

Учурда пробация органынын көзөмөлүндө 11 миң жаран бар. Алардын арасында 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны – 266. Экстремизмге тиешеси бар дегендердин саны – 155.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан