Айнура Дөөткулова, 4 баланын энеси: “БАЛАМ ТӨРӨЛГӨНДӨН КҮНҮБҮЗ ООРУКАНАДА ӨТҮП ЖАТАТ”

Редакциябызга элден жардам сурап кайрылган окурмандар арбын. Алардын бири Айнура Дөөткулова баласынын башына Индиядан операция жасатыш үчүн 16 000 доллар керек болууда дейт.

“4 БАЛАМ БАР, ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕМИН”

– Менин аты-жөнүм Дөөткулова Айнура, 40 жаштамын, Кемин районунан болом. Жалгыз бой энемин, 4 балам бар, анын үчөө кыз, бирөөсү уул. Жолдошум менен кичүү уулум төрөлгөндө ажырашып кеткенбиз. Уулум Раян 2020-жылдын 21-сентябрында төрөлдү. Ушул баламды төрөп жатканда кан басымым көтөрүлүп, бала кыйналып калды. Төрөттөн соң өзүмө келе албай 20 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Баламдын абалы да оор болду, "араң аман алып калдык" дешти дарыгерлер. Раяндын башында кистасы, андан тышкары талма оорусу бар. Операция жасатып кистаны алдырыш керек дешти дарыгерлер. Мындай оор операцияны чет өлкөдө гана жасашат экен. Биз Индия өлкөсү менен сүйлөшүү жүргүздүк. Виза ачтырып, чет өлкөлүк паспортторубуздан бери даярдап койгонбуз, каражат жогунан гана кармалып турабыз. Балам төрөлгөндөн баштап күнүбүз ооруканада өтүп жатат.

Учурда 4 балам менен батирде турам. Элден сураарым, баламдын өмүрүн сактоого жардам бериңиздер. Балам төрөлө электе ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп 3 кызымды бакчумун. Азыр оорулуу балам менен иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок. Балдарыма 8000 сом жөлөк пул алам, ошол акча кем-карчыбызга жарап турат.

“ӨЗҮМ КАЙНАК СУУГА КҮЙҮП КАЛДЫМ”

– Ушул жылдын сентябрь айында өзүм да кырсыктап калдым. Балдардын колу жетпесин деп ток чайнекке суу коюп терезеге коюп койгон элем. Алайын десем ток тартып, колума чайнектин шнуру жабышып калды. Тартып жиберсем үстүмө кайнак суу төгүлүп кетти. Денем күйүп, 20 күн ооруканада жаттым, кичүү баламды кыздарым, таенеси карап жатышты.

Уулумдун талмасы кармаганда көгөрүп, шилекейи агып, чиренип токтобой ыйлап калат. Балама 3 күндө бир лактозасыз кургак сүт алып берем, ал 1300 сом турат. Андан тышкары памперске, тамак-ашка кетет. Батирге 5 миң сом төлөйм. Айтор, материалдык жактан абдан кыйналдым, айдан айга жеген-ичкенибизди үнөмдөп жашасак да жетпейт. Индияга барып толук дарыланып келүүгө балама 16 000 доллар жетет экен. Балам айыгып кетсе эле өзүм жумушка чыгып балдарымды багат элем.

“АЙЫГЫП КЕТСЕ ДЕГЕН ҮМҮТ МЕНЕН ЖАШАЙМ”

– Атам экинчи топтогу майып, бир колу жок, апамдын да кан басымы жогору. Ата-энем мени менен чогуу турушат, баламды карашканга кол-кабыш кылып пенсияларын беришет. Жалгыз агам бар, ал да иштеп турганда жардам берип жүрдү. Баламдын тубаса бронхити бар, ичегиси да адаттагыдан узун. Күнүнө эки маал дары берем. Дары-дармегине эле айына 20 миң сомдой кетет. Балам азыр жөрмөлөйт, бирок 1 жаш 3 айда бала басып калыш керек да. Оорусуна байланыштуу баса албай жатат. Чынында оорукчан баланы багуу каржылык жактан да, моралдык жактан да кыйын экен. Баламдын талмасы кармаганда өзүмдү коёрго жер таппай чыйпылыктап калам. Ушундан көрө өзүм оорусам эмне деп ыйлайм. Үйдө баарыбыз ушул тарткан кыйынчылыгыбыз акталып жакшы болуп кетсе деген үмүт менен жашайбыз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 0193 0832 5115

Элсом: 0707408450

Оптима банк: 4169 5853 4830 7843

Кыргызстан коммерциялык банкы, виза: 4177 4901 5630 0073

Сбербанк: 5336 6903 4533 7002

Байланыш номери: 0707408450

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Haanykeim
2022-01-03 18:30:34
Аллахым шыпаасын берсин!
+2
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан