Жыпаргүл Эркин кызы, 30 жашта: “БАЛДАРЫМ ҮЧҮН МЫНДАН АРЫ ДА ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ...”

3 баланын энеси, 30 жаштагы Жыпаргүл Эркин кызы кандын рак оорусуна чалдыгып, тез арада чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж. Дарылануу үчүн 6 айлык баласын аргасыз таштап Оштон Бишкекке келген эне мекендештерден жардам сурайт.

“ДАРЫГЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛУУГА МУКТАЖМЫН”

– Мен Ош шаарынан болом. 2011-жылы турмушка чыккам, 3 балам бар. Улуу кызым 8де, экинчиси 4тө, кичүү уулум 6 айлык. Ооруп калганга чейин эсепчи болуп иштечүмүн. Оорунун баштапкы белгилери 2021-жылдын апрель айында башталды. Дарыгерлер көпкө чейин диагноз коё албай коюшту. Ден соолугум күндөн-күнгө начарлай бергенинен жаман дартка кабылганымды сезип жаттым (ыйлап). Август айынын аягында оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганымда гана кандын рагы (острый лимфобластный лейкоз крови) деген диагноз коюлду. Аты жаман илдет менен ооруп калганым баарыбызга, айрыкча жолдошума, бир туугандарыма, апама чоң сокку болду.

Диагноз коюлганга чейин жеке клиникаларда дарыландым. Химия терапиянын 2-курсун алгандан кийин рак клеткалары башыма тарап (метастаз), абалым кескин начарлап кетти. Учурда Бишкектеги Улуттук онкология борборунда химия терапиядан өтүп жатам. Бул жакта, бактыга жараша, баары бекер. Химия терапия бөйрөк, боор, ашказанга күч келтиргендиктен организмге зыяны аз делген кымбат дарыларды сатып алабыз. Андай дарыларга акча аябай көп кетет. Жолдошум маршруттук такси айдап иштечү. Азыр ооруканада мени карап жатат. Бишкекте батирге чыкканга шартыбыз жок болгондуктан ооруканадан чыкканда туугандардын үйүндө баш калкалаганга туура келет. Мага жол жүрүүгө болбойт, андыктан Ошко бара албайм. Анын үстүнө дайыма анализ тапшырып, дарыгердин көзөмөлүндө болууга муктажмын. Балдарымды кайненем карап жатат. Улуу кызым гана ооруп калганымды түшүнөт.

“ООРУМ КҮЧӨГӨНДӨ ЖАНЫМДЫ КОЁРГО ЖЕР ТАППАЙ КАЛАМ”

– Оорум күчөгөндө абалымды сөз менен жеткире албайм. Сөөктөрүм, башым какшап ооруйт. Жарыкты карай албай, башымды мыкчып отуруп калам. Ооруканага барып оорутууну басуучу дары алгандан кийин гана өзүмө келем. Күндөн-күнгө абалым начарлап бараткандыктан тез арада Түркия, Германия же Израилге барып жилик чучугун алмаштырууга (трансплантация костного мозга) муктажмын. Бул операцияга 120 миң доллар керек экен.

Бул сумманы укканда “тез аранын ичинде кантип топтой алабыз?” деп ыйладым. Балдарым үчүн өзүмдү колго алып дарт менен күрөшүүнү чечтим. Ошондуктан кыргыз элиме жардам сурап кайрылам. Урматтуу мекендештер, балдарым үчүн өмүрүмдү сактап калууга жардам бериңиздер. Балдарыма башка бирөө менчелик мээрим төгө албайт. Аларга жакшы тарбия берип, бой жеткенин көргүм келет (ыйлап). Апам жөнөкөй мугалим, атам жок. Саталы десек үйүбүз да жок. Ипотекага алган үйүбүз бар, анын документи банкта. Туугандар болгон аракетин көрүп жардам берип жатышат, бирок ал сумма жетишсиз. Ооруп калганымды уккандан бери оюмдун баары балдарымда. Алардын кийинки тагдырын ойлоп, кээде тамчылатма дары алып жатканда да тынч жата албай көз жашымды төгөм. Бир да энени балдарынан айрыбасын.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк, Элсом, О.kg, Баланс

996 773 23 09 19

Демир банк: 1180000192487919 (сом)

1180000192488222 (рубль)

1180000192488020 (доллар)

Оптима банк: Эсеп номери:

109018900022228323

Карта номери:

4169 5853 4897 4709

Кыргызстан банк:
4177 4901 5036 1964

Эсептердин баары жолдошу Караев Рустамдын атында.

Сбербанк 4817760322300983

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
azimova90
2022-01-10 10:56:49
Сбербанкыңар иштебейт экен го
+1
ZhanMM
2022-01-13 08:51:09
azimova90, Ооба, менин оюмча Россиядан копчулук котормок. Карап, туура карта номерин жазып калтырып койсонуздар.
+1
Bolotbek9191
2022-01-11 14:28:07
Аллахым шыпа берсин
+1
777888
2022-01-11 16:10:41
Балдарыңдын бактысына жакшы болуп кет ылайым.
+1
Omyke
2022-01-17 00:43:15
Аллахым ОЗУ Жардам берсин
0
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан