Кытайдын Пекин шаарында 4-февралда XXIV кышкы Олимпиада оюндары старт алды. Салтанаттуу ачылыш аземде Кыргыз өлкөсүнүн желегин Олимпиадага жолдомо алган жалгыз лыжачы Максим Гордеев көтөрүп чыкты. Жалгыз спортчуну коштоп анын машыктыруучусу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов жана анын башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев барышты.
Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат. Олимпиада оюндары 20-февралга чейин созулмакчы.