Мира Сабырова, борт коштоочу: “БОРТ КОШТООЧУ – КЫЗЫКТУУ, КӨП МАЯНАЛУУ КЕСИП”

Дүйнөнүн төрт бурчунда ар кыл кесипти аркалап жаткан мекендештерибиз көп. Бул сапар Дубайда эмгектенип жаткан мекендешибиз Мира Сабырова менен борт коштоочулук кесиби боюнча сүйлөштүк. “Күн cайын жаңы адамдар, жаңы жерди көрүү башкача сезим тартуулайт” дейт ал.

“УЧАКТАГЫ АР КАНДАЙ АДАМДАР МЕНЕН МАМИЛЕ ТҮЗӨ БИЛҮҮ КЕРЕК”

– Жердигим Нарындан болот. Өзүм Бишкекте төрөлүп-өскөм. 25 жаштамын. Бишкекте өзүмдүн брендимди ачып кийимдерди, Казакстан, Орусия, Тажикстанга экспорт кылчубуз. Брендимди бийик деңгээлге чыгарам деген кыялым бар болчу. Ал үчүн англис тилин жакшы үйрөнөйүн дедим. Негизи максат коюп, аларды аткарганды жакшы көрөм. Англис тилин үйрөнөм, эс ала келем деп Филиппинге баргам. Ал жакта 3 айдай жүрүп, англис тилимдин деңгээлин өстүрүп кайра Бишкекке келип, мурунку ишимди улантып жаткам. Анан тааныштардан бир компания Дубайга ишке алып жатканын угуп документ тапшырып көрдүм. Алар Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жарандары арасында тандоо жүргүздү. Өтүү оңой болгон жок, ошого карабай Кыргызстандан 5 киши өттүк. Тажрыйба топтоп, көрүп келейин деп Дубайга сапар алдым. Бул жакка келгенден кийин тааныштарым борт коштоочулук жумушка ылайыктуу экенимди айтып, резюме таштап көрүүмдү сунушташты. Байкап көрөйүн деп Air Arabia” эл аралык компаниясына резюме таштап койдум. Эки жумадан кийин интервьюга чакырышты. Барсам, алар компаниясы тууралуу айтып беришти, саламаттыгымды, боюмду, келбетимди, тишимди, жүзүмдү, баарын карап чыгышты. Бул этаптан өткөндөн кийин англис тилин канчалык деңгээлде билеримди текшеришти. Кароонун бардык этабынан өткөндө 2 жылга иш келишимин түздүк. Авиакомпаниялар кызматка алып жатканда учакта эмне иш кылуу керек, коопсуздук үчүн эмне кылуу кажет, баарын өздөрү үйрөтүп алышат экен. Убагы менен тренингдер болуп турат. Бизнестеги адамдар менен алака түзө билүү тажрыйбам борт коштоочулук кесибиме чоң жардам берди. Бир учакта эле ар түрдүү улут, ар кандай адамдар болот, баары менен мамиле түзө билүү өтө маанилүү.

“БУЛ КЕСИП ДҮЙНӨ ТААНЫМЫҢДЫ ӨСТҮРӨТ”

– Биздин жумуш чынында кызыктуу. Учакта 6 кызматкер учабыз. Күн сайын жүргүнчүлөр эле эмес, кесиптештерибиз дагы алмашып турат. Бүгүн башкалар менен учуп келсем, эртең такыр башкасы менен учуп кетем. Экипаж, капитандан тартып баары алмашат. Ар күнү жаңы команданын тилин табуу керек болот. Ар бир күнү жаңы бир нерсе үйрөнөсүң, жаңы нерселерди көрөсүң. Чоң учактын бийикке көтөрүлүүсү, ылдамдыгы бир башкача сезим тартуулайт. Ар өлкөнүн калкы ар башкача. Бир жерге удаасы менен 2-3 жолу учканда алардын кулк-мүнөзү кандай экенин биле баштайсың. Айрым өлкөнүн эли тууралуу ар кандай кептер айтыла берет, бирок барып аралашып көргөнүңдө такыр башка болуп чыга келет. Жаңы өлкөгө учуп барганда алгач эс алабыз, анан убакыт болсо сыртка чыгып кыдырып алардын маданияты менен таанышабыз. Мурун Кыргызстандан чыксам эле чет өлкөлөр мага акылга сыйгыс чоң аалам элестелчү, азыр мага баары чоң бир шаардай сезилет.

Бул кесиптин кызыктуулугу – дүйнө таанымыңды өстүргөнү. Чоң китепти окуп жаткансып “аа, ушундай турбайбы” деп кете бересиң. Учакта ар кандай адамдар болот, бири жаңы өлкөгө баратам деп кубанычы коюнуна батпай баратса, бири жакынынан айрылып кайгы менен, бири учкандан коркуп бараткан болот. Бири ооруп жаткан болот, кан басымы көтөрүлөт, анын баарына түшүнүү менен мамиле кылып жардам беребиз. Борт коштоочу – бул кызыктуу, көп маяналуу жумушу бар универсалдуу адам.

“БИР АЙДА ЖЫЙЫРМАДАЙ ӨЛКӨГӨ УЧАБЫЗ”

– Эң кызыгы – бир күндө бир нече өлкөнүн үстүнөн учуп өтөсүң, ар кандай көрүнүшкө күбө болосуң. Терезеден жерге көз чаптырып коюп кете беребиз. Бир айда кеминде жыйырмадай өлкөгө учабыз. Бир жерде түн болуп турса, бир жерде жарык болуп калат. Ар бир өлкөнүн саат айырмачылыгын эсептеп, уктап-эс алууга өзүбүздү даярдайбыз. Биздики эртең менен туруп, кечинде уктай турган уйку эмес. Бирде түштө, бирде түндө, бирде эртең менен, айтор, ар кандай учурда уктап-турууга туура келет. Иштөө графигибиз ар кандай болгондуктан ден соолукту жакшы караш керек. Дайыма спорт менен алектенип, туура тамактануу зарыл. Эреже боюнча бизге 11 сааттан ашык учууга болбойт. Кыска аралыкка учуп калсак, бир күндө базага кайтабыз, узак убакытка болуп калса, ошол жакта калып, эс алып шаарды кыдыра келебиз. Учууга дайыма даяр болуу үчүн организмди чарчатпаш керек.

“ТЕЗ АЧУУСУ КЕЛГЕН АДАМДАР БОРТ КОШТООЧУ БОЛО АЛЫШПАЙТ”

– Борт коштоочу болуу үчүн чырайлуу, бою узун болушу керекпи деп көп сурашат. Авиакомпаниялардын ар биринин өзүнүн талаптары бар, бирок жалпы стандарт бирдей эле. Бою 160 сантиметрден өйдө болушу, бойго, жашка салмак дагы туура келип, күлгөндө жылмаюусу жылдыздуу болушу керек. Келбеттүү болсом эле болду эмес, адамдын билими, акыл-жөндөмү дагы өтө маанилүү. Бул жумушка бат эле жинденип кеткен адамдар жарабайт. Себеби чукул кырдаал болуп кетсе дүрбөлөңгө алдырбай чара көрө билүү керек.

“СИНГАПУРГА, ЯПОНИЯГА БАРУУНУ КӨЗДӨП ЖҮРӨМ”

– Так билбейм, санаган деле эмесмин. 50дөй өлкө, 100дөн ашык шаарды кыдырсам керек. Дүйнө жүзүн кыдырып жүрө берсең бири-биринен өтүп кызыктуу боло берет. Кээде белгилүү бир убакыт эч жакка учпай калганда учууну абдан сагынып калам. Учкум келе баштайт. Көңүлүм жок болуп турса дагы, бир жакка учканда көтөрүлө түшөт. Кудайга шүгүр, көп эле өлкөлөрдү көрдүм, дагы да көп жерлерди көрүүнү максат кылам. Мектепти бүткөндө Сингапурда окусам дечүмүн. Азыр Сингапурга, Японияга барууну көздөп жүрөм. Буюрса, ал жакка дагы барам. Мен өзүм максат койсом ага жетүү үчүн кандай болбосун аракет кылам. Мурун кызыктуу жерлерди кинодон көрүп кызыкчумун, азыр мага жолуккан адамдар өлкөлөрдүн жакшы жактарын айтып мени кызыктырышат. Биздин авиакаттам Бишкекке дагы каттайт, жүргүнчүлөр менен барып турам. Кыргызстандын суусун, тамагын, жакындарымды сагынып кеткенде 2-3 күн болсо дагы үйгө барып кетем.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2022-02-21 11:09:58
Сонунго мен дагы Бир убактар шул кесипке кызыгып жургом кооптуу деп Ата энем конгон эмес
+3
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан