БАЛАНЫ 1-КЛАССКА КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО. Ата-эне эмнени билиши керек?

Мындан 3 жыл мурун Бишкекте баланы мектепке 1-класска киргизүү үчүн электрондук каттоо долбоору старт алган. Быйыл бул систем жалпы республикада иштегени жатат. Жаңы эрежелер бар. Ушул жаатта маалымат беребиз.

Айнура Кусеинова, Билим берүү жана илим министрлигинин башкармалыгында жетектөөчү адис: “ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО БЫЙЫЛ 11-АПРЕЛДЕ БАШТАЛАТ”

– 2022-2023-окуу жылынан тарта балдарды 1-класска кабыл алуу республикадагы бардык мектептерде электрондук каттоо системи аркылуу жүргүзүлөт. Негизги максат – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 1-классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ар бир баланын билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө. Бул систем 3 жыл мурун башталган, алгач Бишкек шаарында, кийин ири шаарларда пилоттук режимде иштеди. Анализ жүргүзүүнүн негизинде тийиштүү жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Негизги өзгөртүү – систем республика боюнча жайылтылды. Демек, айылдагы мектептерден бери камтыйт. Электрондук каттоо аяктагандан кийин бүт маалыматтар Маалыматтык билим берүүнү башкаруу системине автоматтык түрдө жиберилет. Ал базада бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, мугалимдер, мектепте иштеген кызматкерлер тууралуу маалымат болот. Эгер бирөө башка мектепке которулса, бир айылдан экинчи айылга көчсө, бүт маалымат ошол базадан көрүнүп турат. Ар бир райондун билим берүү бөлүмдөрү мектептердеги квотаны системге киргизишет. Жаңы систем боюнча, баланы каттоо учурунда 1-класска баруучу баланын жашаган жеринен маалымкат, ата-энесинин паспорттору менен баланын күбөлүгүнүн сүрөттөрүн тиркөө талап кылынбайт. Ата-эне баланы каттоодо анын жеке идентификациялык номурун (ПИН), аты-жөнүн, жарандыгын, окутуу тилин көрсөтөт. Мамлекеттик каттоо кызматы системге байлануу, баланын туруктуу жашаган жерин (прописка) автоматтык түрдө аныктап берет. Адамдык факторду болушунча азайттык. Директордун да таасири жок, ата-эне жана систем эле иштейт. Директорлор жеңилдик берилген категориялардын тастыктоочу документтерин гана текшеришет.

ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО 2 ЭТАПТАН ТУРАТ

Биринчи этап – 11-апрелде, саат 9:00дө старт алып, 27-июнга чейин жүрөт. Бала электрондук каттоого ата-энесинин юридикалык жашаган дареги боюнча катталат. Катталууда ата-энесинин биринин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жеке идентификациялык номурун жазганда катталган дарегине карап систем ошол аймактагы мектептердин тизмесин чыгарып берет. Ата-эне ошол мектептердин бирин тандайт. Каттоонун экинчи этабы башталганда баланы бош орун бар башка мектепке которуп алса болот.

Экинчи этап – 27-июнда башталып, 10-сентябрда аяктайт. Мында ата-эне расмий катталган дареги боюнча эмес, учурда жашап жаткан дареги боюнча баланы каалаган мектебине каттай алышат. Эгер ошол мектепте бош орун болсо.

ЖАРАНДАРГА 3 УЧУРДА ЖЕҢИЛДИК БЕРИЛЕТ

– Аскер кызматында иштеп жаткан аскер кызматкеринин балдарына;

– Кайрылман деген статусу бар этникалык кыргыздарга;

– Мектепте 1 жылдан кем эмес убакыт иштеген мугалимдердин балдарына.

Булар чын эле аскер кызматында же мектепте иштээрин, же кайрылман деген статусу бар экенин тастыктаган документин тиркеши керек болот. Баланын мыйзамдуу өкүлү да ушундай эле мазмундагы маалымкатты тиркөөгө тийиш.

КАТТАЛУУ УЧУРУНДА КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

– Баланын ата-энесинин биринин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн паспорту;

– Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жеке идентификациялык номуру.

Сөзсүз түрдө электрондук почтаңыз болушу керек. Анткени маалыматтын баары ошол көрсөтүлгөн электрондук дарекке барат. Катталуу үчүн
https://mektep.edu.gov.kg сайтына киресиз. Катталууда телефон номериңизди, электрондук дарегиңизди, өзүңүздүн жана балаңыздын ПИН номурун жазасыз. Кошумча Телеграмга катталган номериңизди жана экинчи электрондук почтаңызды жазып койсоңуз болот. Катталуу арызыңыз кабыл алынгандан кийин систем электрондук почтаңызга логин жана сыр сөз жиберет. Ошентип “Жеке кабинет” ачылат. Эгер сыр сөзүңүздү унутуп калсаңыз, ПИН аркылуу кайра калыбына келтиресиз. Ушул эле логин, сыр сөз менен 2-3 жылдан кийин башка балаңызды дагы каттай аласыз.

Эскертүү! Баланын ПИН номуру сөзсүз керек. 2015-жылдан бери бала туулганда эле күбөлүгүнө ПИН номуру жазылууда. Эгер жазылган эмес болсо, Калкты тейлөө борборлорунан тактап алыш керек. Бул систем мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге гана тиешелүү. Жеке менчик мектептер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр үчүн жатак-мектептер, зээндүү балдарды окуткан мектеп-гимназиялар кирбейт.

Айрым үй-бүлөлөрдө ата-эненин паспорту же баланын документтери жок болушу мүмкүн. Мындай учурда ар бир райондогу балдар менен иштөө комиссиясы жагдайды анализдеп, чечим чыгарат.

КВОТА КАНТИП БЕРИЛЕТ?

– Жергиликтүү органдар тарабынан жыл сайын мектеп жашындагы балдарды каттоо жүргүзүлүп, тизме райондук билим берүү бөлүмүнө берилет. Ошонун негизинде микроучастокто жашаган балдардын санына, ошол аймактагы мектептин мүмкүнчүлүгүнө жараша квота берилет. Негизи бир класста 50-55тен бала окутуу санитардык талапты бузуу деп эсептелет, бирок ички миграцияны, мектептердин жетишсиздигин эске алып нормадан ашык алууга мажбурбуз, өзгөчө Бишкек шаарында.

БААРЫ БИР ДИРЕКТОРГО БАРАСЫЗ

– Электрондук каттоодон өткөн соң 1-августтан 14-сентябрга чейин ата-эне өзүнүн паспортун, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көчүрмөсү менен, медициналык маалымкаттарын (Ф-26, Ф-63), баланын сүрөтүн (3*4 – 4 даана) мектепке алып барышы керек. Мектеп директору “расписка” берип, системге документтерди кабыл алдым деп белгилейт. Ошондон кийин гана 1-класска баруучу балдардын тизмеси системде толук көрүнүп турат, ал тизмени эч ким өзгөртө албайт. Тизменин негизинде директор 1-класска кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарат. Эгер ата-эне документтерди алып барбаса буйрук чыкпай калат. Электрондук каттоодон өтүп, бирок документтерин тапшырбай, мектептеги орунду ээлеп тура берген учурлар болгон. Эгер аталган документтер 14-сентябрга чейин тапшырылбаса, бала автоматтык түрдө “документин тапшырган жок” деген статуска кирет, ошондуктан бул абдан маанилүү.

Данияр Абдуазизов, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси:

“ЖАҢЫ КОНУШТА КАТТООСУЗ ЖАШАГАНДАР МАСЕЛЕ ЖАРАТЧУ”

– Мурда электрондук каттоо 1 этап менен эле бүтчү. Бирок көйгөйлөр жаралат эле. Мисалы, Бишкектин четинде жайгашкан конуштар бар. Анда жашагандар шаарга караштуу мектептерге катталып, Бишкекте 20-30 жылдан бери жашаган жашоочуларга мектепте орун калбай калчу. Бул боюнча көптөгөн ата-энелерден арыз түшкөн. Ушуларды эске алуу менен эки этапка бөлүндү. Быйыл квота микроучасток жана андан сырткары деп бөлүнгөн жок. Микроучасток боюнча канча бала кайрылса, ошол боюнча кабыл алына берет. Эгер орун ашып калса башка каалоочулар келе беришет. Мисалы, каттоосу (прописка) Баткенде же Караколдо болсо, 2-этапта каттала алышат. Же Бишкекке убактылуу каттоого турушу керек болот. Мыйзам боюнча, ички мигранттар 40 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш. Алар жашаган батирине ижара акысын төлөп жатпайбы, ал эми батир ээси патент менен иштеши керек. Батирде тургандарга убактылуу каттоону камсыз кылып бериши зарыл.

Мурун электрондук каттоодон өткөн соң 14 күндүн ичинде мектепке документ алып барууга жетишип калышы керек эле. Жаңы эреже боюнча 14 күн деген чектөө жок, 1-августтан баштап алып барсаңыз болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан