Жумагүл Шайынова, супер окурман: «СУПЕР-ИНФОНУ» 20 ЖЫЛДАЙ ЧОГУЛТТУМ»

Гезитибиздин “Супер окурман” рубрикасынын алкагында Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жумагүл Шайынова менен кабарлаштык. Гезитти алгачкы сандарынан бери окуп, чогултуп жүргөн окурмандарынын бири экенин айтат.

“УУЛУМ “СУПЕР-ИНФОНУН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЧАКЫРАЛЫ ДЕЙ БЕРЧҮ”

– Мен Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында жашайм. Учурда 69 жаштамын. Өзүм Токмокто төрөлүп-өскөм. Бул жакка келин болуп келгениме 51 жыл болду. 6 кыз 1 уулум бар, 13 неберенин чоң энеси болуп калдым. “Супер-Инфо” гезитин алгачкы сандарынан бери окуйм. Гезитти чогултуп жүргөм, анан сиңдимдин баласынан кагаз тешкич (дырокол) алдырып, сан-сан кылып боого тизип чыктым. Ошентип ар бир жылдыкын өз-өзүнчө чогултчумун. Чоң коробка менен 5-6 коробка толтура болгон. Балам “апа, “Супер-Инфонун” кызматкерлерин чакырып чогулткан гезитиңизди көргөзсөк” деп калчу. Былтыр үйүбүздү кайра жаңыртып куруу үчүн бузганбыз. Ошондо коё турган жер жок, эшикке койсом суу болуп эзилет, айлам кетип макулатурага өткөрдүк, бирок аябай ичим ачышты. 20 жылга чукул чогулткан нерсеңди жок кылып коюу чын эле кыйын экен. Көнүп калгандан кийин болбойт тура. 2021-жылдан беркисин кайра эле чогулта баштадым. Менин гезиттин сүйүүчүсү экенимди, көп жылдардан бери окуурумду бул жактын почточулары, баары билет.

“МААЛЫМАТТАР КӨБӨЙҮП, КООЗ БОЛУП ЧЫГА БАШТАДЫ”

– Бала кезден эле китепке жакын болчумун. Конокко барганда ошол үйдүн текчелеринен китеп издечүмүн. Кызыктуу китеп көрүп калсам сурап кетип окуп, кайра жеткирип берчүмүн. Гезиттерди алып окучумун. Бир күнү эле “Супер-Инфо” деген гезит пайда болуп калды. Ичи сканворд болчу. Анан бара-бара кызыктуу болуп маалыматтары көбөйдү, кооз болуп чыга баштады. Анан почтодон жазылып дайыма алып калдым. Алгач сканвордун толтурам, анан сериалдарды окуйм. Ырчылар, башка өлкөлөрдүн, корей-түрк артисттери жазылган беттерди дагы кызыгып окуйм. Саясатты түшүнбөсөм да окуп кабардар болуп турам. Карыганда кичине унутчаак болуп калат экенсиң. Кээде кайра-кайра кайталап окуйм. Кыздар-балдарым “маалыматты дайыма окуп-угуп турасыз го, бул окуя эмне болуп жатат?” деп менден сурап калышат.

“КУРУЛУШКА БАЙЛАНЫШТУУ МАКАЛА ЖАЗЫЛГАН ГЕЗИТТЕРДИ СУРАП КЕТИШЧҮ”

– Мурун айылда үй кургандар “апа, сиз гезиттерди чогултуп жүрөт экенсиз го” деп мага келип курулушка байланыштуу макалалар жазылган гезиттин сандарын чогултуп кетишчү. Ошону пайдаланышты көрүнөт. Кайра алып келип беришчү. Гезит, китепти тыткандарды жаман көрөм. Аптасына гезитти күтүп калам, өткөн аптадагы Эркин Эгембердиев чыккан гезитти 2-күнү кечинде почточу жеткирип келди. Кээде өзүм барып алып келем, көбүнчө үйгө алып келип беришет. Маалыматты гезиттен, радиодон алам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан