Сезим Коңурбаева, 5 балалуу эне: “БАЛДАРЫМДЫН КУРСАГЫН ТОЙГУЗА АЛБАЙ ЫЙЛАДЫМ”

Сезим Коңурбаева 5 баласы менен Жайыл районунун Сосновка айылында жашайт. Өп-чап турмушта күн кечирген эне редакциябызга “кайрымдуу адамдардын жардамына муктажмын” деп кайрылды. Өзү жөнүндө баянын угуп чын эле колдоого муктаж экенине ынандык.

“5 БАЛАНЫ ЖАЛГЫЗ БАГЫП ЖАТАМ”

– Жашым 33тө. Өзүм Сосновка айылында төрөлүп-өстүм. Тагдыр экен, эки жолу турмушка чыктым, бирок бактым ачылган жок. Биринчи жолдошум нарындык болчу, улуу кызым төрөлгөндө ажырашып кеткенбиз. Экинчи жолу өзүбүздөн деп кара-балталык жигитке турмушка чыккан элем, аны менен да жашап кете албадым. Тийип-качып жашап жүрүп кичүү 2 жаштагы кызым төрөлө электе кетип калган, ошол бойдон келген жок.

Өзүмдүн 4 балам бар. Мындан 8 жыл мурун бир тууган эжем дайынсыз жоголуп, анын 4 жаштагы баласын багып алгам. Ал азыр 12 жашта. 5 баланы учурда жалгыз тарбиялап жатам. Балдарымдын баары өзүмдүн атымда, аталары жардам бербейт. Эжемдин баласын да өзүмдүн атыма өткөрүп алсамбы дегем, бирок адвокат жалдаганга акчам жок.

4 балама 4000 сом жөлөк пул алам, бирок ал эч нерсеге жетпейт. Тамактын көбүн ундан камыр жайып жасачумун, жакында эле унубуз түгөнүп калып карайлап калдым. Балдарымдын курсагын тойгуза албай калганым үчүн ыйладым. Негизги тамагыбыз ун, макарон, картошкадан турат. Эт жебегенибизге жарым жыл болду. Адамдар оорусун, дартын айтып элден чоң суммадагы жардам сурашат экен, менин көйгөйүм – балдарымдын курсагын тыңгылыктуу тойгузуу эле.

“СВЕТКЕ ОЛЧОЙГОН КАРЫЗЫМ БАР”

– Учурда Сосновка айылындагы ата-энемдин үйүндө жашайм. Ата-энем каза болгон, атам, ыраматылык, мага аябай көп жардам берди. Эки жыл мурун атам каза болгондон кийин турмуштун кыйынчылыгын, түйшүгүн сездим. Агам быйыл үйлөнөм дегендей кылып жатат, ал үйлөнсө үйдү да бошотуп беришим керек. Светтин акчасын 1 ай төлөсөм 2-3 ай төлөбөй калып, жакында эле свет үчүн 20 миң сомдон ашык карызым бар экенин билдим. Светти кыркып кетишсе барып суранып жатып кайра күйгүзөм. Кышында светти үнөмдөйлү деп көмүрдү мүшөктөп алып жаттык. Бирок көмүр деле кымбат болуп кетет экен. 4000 сом жөлөк пулубузду тиякка чоюп, биякка чойсом да жетпей калат. Иштейин десем эки кичинекей балам колумда, 3 балам мектепте окуйт. Жайында балдар каникулда болгондо талаага чыгып картошка, пияз, сабиз чаап жалданып иштеп күнүнө 300-400 сом тапчумун, азыр балдар мектепте окугандыктан иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок. Турмуш шартыбызды билген кошуналарым балдарыма кийим-кече берип калышат. Жакында эле мектептен эки балама окуу куралын алганга деп 70 сомдон сураттырып жибериптир. Бере алган жокмун, акыркы акчама азык-түлүк алганбыз. Мектеп окуусу бекер болсо деле майда-чүйдөгө чогултуп берет экенсиң. Акчам жок десең балдарым кемсинтүүгө кабылабы деп чочулайм. Кошунабыз жардам сурап бир Ютуб каналга чыккан экен, балдарын мектептеги классташтары “сенин ата-энең алкаш экен” деп шылдыңдап жатышыптыр. Бала үчүн бул чоң сокку да. Менин балдарым да ошондой кемсинтүүгө кабылбаса экен дейм.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: 9417039446312924

Электрондук капчыктар: 0558011776, 0507093777

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1004, 4-10-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан