НАРИСТЕҢИЗ ЖАНА АЛ ТАНДАГАН ТҮС

Көп учурда ата-энеси экөө тең иштеп, балдарга көңүл бурулбай калган убакыт болот. Балаңыздын эмоционалдык абалы кандай экенин сүрөт тарттырып, анда кандай түстөрдү колдонгонунан улам билип алсаңыз болот дешет психологдор. Бул ыкманы 3-7 жашка чейинки балдарга колдонсоңуз болот.

САРЫ

Балаңыз сүрөтүндө бул түстү көбүрөөк колдонсо, анда ал келечекте чыгармачыл адам болот. Мындай балдар кымбат оюнчуктардан көрө кум, таш, гүл терип ойногонду жакшы көрүшөт. Алар өтө кыялкеч болушат жана кыялдарын ишке ашырганды билишет. Сары коопсуздуктун түсү, наристе бул түскө басым жасаса кабатыр болуштун кереги жок.

КЫЗГЫЛТ САРЫ

Кызыңыз же уулуңуз сүрөт тартууда бул түстү көбүрөөк колдонсо, бир аз кабатыр болуу керек. Анткени бул түс балага көңүл буруу жетишпей жатканынан кабар берет. Кызгылт сарыга басым жасаган балдар гиперактивдүү, бир жерге отура албаган, чыргоо балдар болушат. Балаңызга көңүл буруңуз, сүйүүгө тойгондон кийин башка түстөгү сүрөттөрдү тартып калышы толук мүмкүн.

КҮЛГҮН

Күлгүн же ачык сыя түстү көбүрөөк колдонгон балдар коркок жана тартынчаак балдар дешет психологдор. Мындай балдарга дайыма ата-энесинин колдоосу жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жакшы пикири зарыл.

КЫЗЫЛ

Балаңыздын сүрөттөрүндө кызыл түс көп болсо, өтө активдүү жана баарлашууга ачык, энергиялуу бала. Көп эл башчылары кичине кезинде кызыл түстү жакшы көрөрүн айтып келишкен. Кызыл баланын лидерлик сапатынан жана бир аз агрессивдүү, айтканын бербеген бала экенинен кабар берет. Бул түскө басым жасаган балдардын энергиясын жакшы жакка бурган пайдалуу, мисалы, активдүү спорт менен машыктыруу керек.

КӨК

Көк түстү адатта ойлуу, токтоо балдар тандашат. Мындай балдар жүгүрүп ойногондон көрө, оюнчуктардын бурамаларын бурап, чечип, кайра тагып ойногонду жакшы көрүшөт. Китептеги сүрөттөрдү көпкө караганды, жалгыз ойногонду жактырышат. Кабатырланууга себеп жок.

КӨГҮЛТҮР

Көк асмандын түсүндөй чаңкайган түс менен балаңыз сүрөт тартса, анда кубанып коюңуз. Бул түс баланын бейкапар жашоосунан кабар берет. Бирок бул түстү жоопкерчилиги азыраак балдар да колдонорун эсиңизге тутуп койгонуңуз ашыкча эмес.

ЖАШЫЛ

Наристе жашыл түстү, андан да кочкул жашыл түстү тандаса, ата-энелерге тынчсызданууга туура келет. Жашылга басым жасаган балдар көңүл буруу, сүйүү, камкордук жетишпеген балдар. Балаңызга көңүл буруп, ачык сүйлөшүүнү үйрөтүп, көбүрөөк көңүл бурганыңыз оң. Жашыл түстү өтө жоопкерчиликтүү балдар да тандайт. Андыктан балаңыздан бир аз жоопкерчиликти алып, аны эркин койгонго аракет кылыңыз.

СЫЯ

Бул түстү 6 жашка чейинки балдар көп тандабайт. Эгерде тандап калса, анда ал балдардын жан дүйнөсү сезимтал, ички дүйнөсү өтө терең жана бай дешет психологдор.

БОЗ

Бул түстү өтө жабык мүнөздүү, тынч балдар тандашат. Мындай балдарга колдоо өтө керек. Балаңыздын ички дүйнөсүн ачканга аракет кылсаңыз, сүрөттөрүндө башка түстөр да пайда болот.

КҮРӨҢ

Мурун башка түстөр менен сүрөт тартып, балаңыз учурда бул түскө басым жасап калса, анда үй-бүлөлүк мамилеңизди жакшы байкап көрүңүз. Адатта ата-эненин урушу баланы ушул түстү колдонууга түртөт. Күрөң түстү көп колдонуу баланын депрессияда экендигинин же андан чыга албай жатканынын белгиси.

КАРА

Кара түстү адатта кичине балдар тандабайт. Эгерде тандап калса, анда сөзсүз ата-эне балдар психологуна кайрылуусу керек. Бул коркуунун түсү. Бала кара түс менен үй же киши тартса, демек, жашаган үйүңүздө сиз байкабаган коркунуч турат. Эгерде кара түс менен даракты тартып, анын жалбырактарын сары, жашыл, кызыл же башка түстөр менен боёсо, анда анчалык коркунуч жок. Бирок баары бир ойлонуп койгон оң.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан