Медер Иманкулов, көрүстөн кызматкери: “КӨР КАЗЫП ИШТЕГЕНДЕР ЭРТЕ ЭЛЕ ТИШСИЗ КАЛЫШАТ”

Көрүстөн... Ичер суусу түгөнгөн адамдын акыркы үйү. Маркумга жай казып иштегендердин иши, кыйынчылыгы, сырлары тууралуу маектешүү үчүн Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылындагы Түштүк-батыш көрүстөнүнө бардым. Эл көп экен, анткени күн жылыганда бул жерге маркумдардын жакындары келип гүл, бак-дарактарды бутап, сугарып, эстеликтерди, аларды курчаган тосмолорду тазалап, жаңылашат. Маектешим – Медер Иманкулов. Көп жылдан бери маркумдарга көр казып, аларды акыркы сапарга узатуу ишин аркалайт.

“БАШЫНДА МАРКУМДАР ТҮШҮМӨ КИРИП ЖҮРДҮ”

- Кичи мекеним – Токтогулдун Толук айылы. Жашым 47де, 6 балам бар, төртөө мектепте окуйт. Бишкекке мындан 10 жыл мурун көчүп келгенбиз. Жумуш караштырсам ылайыктуу жумуш чыккан жок. Анан тааныштар ушул жумушту сунуштап калышты. Кирип-чыгып иштегенге үйгө жакын экен деп ойлоп макул болгом. Кийин башка иш чыкса кетип калам го деген элем. Бирок көнүп калган соң башка жакка кетким келбеди. 10 жылдан бери ушул көрүстөндө иштеп келе жатам.

Канча адамга көр казып, жайына койдум, так айта албайм. Биринчи жолу жай казып, маркумду жайына койгондо өлүктүн сүрүнөн денемди жыйрып, калтырап, жагымсыз жытынан жийиркендим. 2-3 күн тамагым ооруп, эч нерсе жей албай, сасык жыт мурдумдан кетпей койгон.

Жаңы иштеп баштаган учурларда өлгөн адамдар түшүмө көп кирчү. Мисалы, аларды көтөрүп баратып колумдан түшүрүп жиберем, же алар мени кууп жүргөн болот, айтор, жаман түштөр. Кийин көп кирбей калды. Бирок азыр деле кээде аялым “түндө чочудуң” деп айтып калат. Демек, баары бир ишибиздин маркумдарга тиешеси болгондуктан терс таасири бар.

Айылда маркумдун жайын туугандары же айылдаштары казып, көргө өздөрү коюшат, көмүшөт. Шаарда жай казып иштегендерге буюртма менен каздырышат. Көргө кээ бирлердин гана туугандары түшүп койбосо, көбүнчө биз коюп, көмүп беребиз. Туугандары айрым учурда гана жардамдашат. Орустар болсо күрөктү кармап да коюшпайт. Көр казып баштаганда, маркумду жайына коёрдо келме келтиребиз.

Европалык типтегилерге тереңдигин 2 метр, туурасын 1 метр, узундугун 2-2,2 метр кылып казабыз. Мусулмандардын көрү тереңдиги 2-2,5 метр, туурасы 1,6 метр, узундугу 2-2,2 метр болот. Негизи мусулмандардын көрүн казганда сыртка 3-4 тоннадай топурак казып чыгарыш керек болот. Бир көрдү 2 адам 5-6 саат казабыз. Буга чейин жайын туура эмес же тар казып коюпсуңар деген сөздү уга элекмин.

Мурун туугандары келсин, коштошуп калышсын деп сөөктү 2 күндөп кармашчу. Азыр каза болгон күнү же эртеси эле коюп калышты. Кээде жетекчилик (ред.: Бишкек шаардык ритуалдык кызмат агенттиги)“шашылыш буюртма түштү, мынча убакытта бүткөрүш керек экен” дейт. Анда күнбү-түнбү, жамгыр же кар жаайбы ага карабай үчөөлөп-төртөөлөп бүтүрүшүбүз керек болуп калат. Кийимдерибиз ылай, баткак болуп, суу болуп үшүйбүз.

Каза болгон жаштарды жайына койгондо боорум ооруйт.

Түндө көрүстөндөн көрүмчү көрүнөт деген калп, 10 жылдан бери биз андайды көргөн жокпуз.

“ӨЛҮККАНАДАГЫ ТУУГАНЫ ЖОК МАРКУМДАРДЫ КЕПИНДЕП КӨМӨБҮЗ”

- Негизи кырсыктан, ооруканадан каза болгондордун сөөктөрү өлүкканага түшөт. Алардын ичинде селсаяктар, аты-жөнү белгисиз, же издеп алар туугандары жоктор, же туугандары алып кетпеген “безродных” сөөктөр болуп калат. Айрымдары саздан, токойдон, суудан табылган болот. Көз, ооздору ачык, чачы жыдыган, көзү оюлган, же колу же буту жок, же жарым өрттөлгөн, айтор, ар түрдүү абалдагы өлүктөр кездешет. Кыскасы, ошолорду көмүүгө шаардык өлүккананын жетекчилиги айдын аягында 1 күнү бизде иштеген төртөөбүздү, анан Гроздь айылындагы көрүстөндө иштеген 3-4 баланы чакырат.

Биз барганда сөөктөрдү чогултуп беришет. Биздин мекеме берген кепин менен мусулман же башка экенине карабай баарын кепиндейбиз. Анан 2 клеёнка мүшөктү кабаттап ичине салып, өлүктүн номери, аты-жөнү бар болсо ал кошо жазылган табличканы клеёнканын ичине салабыз. 1 айда жайында 20-30, кышында 50-60тай сөөк чогулуп калат. Баары көп турганга карайып, сасып кеткен болот. Өлгөндөрдүн ичеги-карындарын алып салып, аларды клеёнка баштыктарга, жашиктерге салып коюшат. Алар биоматериал деп аталат. Алар сакталышы үчүн, менин билишимче, уулуу кислоталарды колдонушат. Ошол жыт менен өлүктүн жыты кошулуп, кеңилжээрди өрдөп, жийиркентип, тамакты оорутуп, көздү ачыштырат. Эң жаманы, ошол уулуу жыттан көр казып иштегендердин эрте эле тиши түшүп баштайт. Менин 32 тишимдин жарымы эле калды азыр. Бизде 26-27 жылдан бери иштеген Кеңешбек байкенин 6 эле тиши калды.

Ошентип кепинделген сөөктөрдү 1 унаага, ичеги-карындарды башка унаага жүктөп Гроздь айылына алып барабыз. Экскаватор мусулмандарга, башка диндегилерге, анан ичеги-карындарга деп тереңдигин 3 метрдей 3 чуңкур казып берет. Өлүктөрдү катар жаткызып көмүп, баары бүткөн соң куран окуйбуз.

Кээде 6 ай же 1 жыл мурун көмүлгөн адамдын тууганы табылса, же криминалдык өлүм болсо иш кайра козголсо, “казып бергиле” деп бизге келишет. Ошончо терең чуңкурду казып, сөөктү чыгарып беребиз.

Негизи өлүктөн коркпой калдым.

“ПАНДЕМИЯДА КӨР КАЗУУГА ЖЕТИШПЕЙ ЖАТТЫК”

- Коронавирус пандемиясы күчөп турган 2020-жылдын жайында күнүгө 20-30 сөөк келип жатты. Биз көр казганга жетишпей, түнкү саат 1-2ге чейин казып, эртең менен кайра 4-5те ишке келип, өтө кыйналдык. Уктабай калдык. Иштин оордугунан өзүбүз өлүп кала тургандай болдук. Өлүктөн вирус мага, анан менден үйдөгүлөргө жукпасын деп 1 ай үйгө кирбей, сыртта түнөп жүрдүм. Кийген кийимдер күндө жуулуп, кээ бирлери өрттөлүп жатты.

Айлыгыбыз 8 миң сом, ошондо 1 айда айлыгыбызды 16 миң кылып беришти. Кийинки 3 айда деле сөөктөр абдан көп келип жатты, бирок айлыгыбызга кошуп бербей коюшту. Ошентип кыйналып иштеп жатканыбызда жетекчилик жок дегенде жуунсун деп көрүстөнгө 1 душ орнотуп бергенге жараган жок. Ошол учурларда үйдөгүлөр мени “иштебей эле кой” деп урушушту. Иштебей коёюн десең башка жыргаган деле иш жок.

Негизи эле көр казып бирөөнү жайга койгон соң үйгө кирбей түз мончого өтөбүз. Үйдөгүлөр таза кийимдеримди сумкага салып сыртка чыгарып беришет.

Ишибиздин дагы бир зыяны – көр казып, көмгөндөн белибизге абдан күч келет, белде грыжа пайда болот.

“КӨРҮСТӨНДӨ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕП КОЮШКАН, ЭЭЛЕРИ АЛИ ӨЛӨ ЭЛЕК”

- Бул көрүстөн 2021-жылы 1-январда жабылды. Бир жылдан бери көрүстөндө тазалагыч болуп иштеп жатам.

Көрүстөн толду деп жабылганы менен, 70-80 пайызы бош. Анткени мурун "алдын ала жай сатып алууга болот" деген жарлык чыккан окшойт. Ошондо айрымдар тирүү туруп эле каза болгон жакындарынын жанынан өздөрүнө жай сатып алып коюшуптур. Көрүстөн жабылгандан кийин каза болгон айрым адамдардын туугандары бизге квитанциясын көтөрүп келген учурлар болууда. Биз чечишип алгыла деп жетекчиликке жиберип жатабыз. Эми алар же көрдөн жок, же акчасы жок калышты. Ушул маселени жетекчилик чечип, көрүстөндү кайра ачып беришсе жакшы болот эле. Көрсөткөн кызматы үчүн мекемеге акча түшүп, биздин айлык убагында берилет эле. Анткени акыркы кезде айлыктарды кеч берип жатышат. Банктан насыя алгам, аны убагында төлөөдөн кыйналып жатам.

Бул жерде менден башкасы каттап иштешет. Түшкү тамакты өз акчабызга сатып алабыз. Дагы бир көйгөй – мекеме бизди форма, кол кап, бет кап менен жабдышы керек болчу. Иштин ден соолукка зыяндуулугу боюнча сүт, айран берилиши керек эле, берилбейт. Айлыгыбыз болгону 8000 сом болсо... Сапатсыз күрөктөрдү беришет, бат эле сынып калат. Аны да сатып алабыз. Ошондуктан айлыкты жогорулатып беришсе жакшы болмок.

Көрүстөндөгү маркумдардын жакындары келип чөптөрүн жулуп, дарактарын бутап, эски гүлчамбарларды, таштандыларды ошол жерге таштап кетип калышат. Орустар эстелик эскирди деп 10 чакты жылда эле жаңысын коё беришет экен. Эскисин ошол жерге таштап кетишет. Ошол таштандыларды азыр күнүгө чогултуп, күнүгө 2-3 унаадан кылып чыгарып жатабыз.

Кээде айрымдар “тууганыбыздын жайын тазалап карап тур” деп, же “тосмосун сырдап койчу” деп көңүлдөрүнөн чыгарып акча беришет.

Кыскасы, ушинтип иштеп, өлбөстүн күнүн көрүп келе жатабыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2022-10-16 09:38:00
Башка жумуш тапса болот го. 8000 сом менен кантип 6 баланы багат? Ден соолугунуз, акыл эсиниз бар кезинде башка жумушка кириниз
0
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан